Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 14-июну ПТ № 103
Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоо жол-жобосун укуктук жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жогоруда аталган Жобону катуу жетекчиликке алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик региондук жана/же муниципалдык кадрлар резервинде турган, атайын текшерүүдөн өтпөгөн адамдарды алып салууну регламенттөөчү ченемдерди камтыган "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 521 "Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана алардын иштөөсү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин чечиминин долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 136 тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| C.Н. Жапаров |