Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 8-августу № 419-т
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык, мамлекеттик ылайык жол-жоболорду аткаруу максатында:
1. 2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Бажылык транзиттин бажы жол-жоболоруна ылайык товарларды ташууда бажы алымдарын, салыктарды, атайын, антидемпингдик жана компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоону колдонуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-августундагы № 419-т тескемеси менен жактырылган |
2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Бажылык транзиттин бажы жол-жоболоруна ылайык товарларды ташууда бажы алымдарын, салыктарды, атайын, антидемпингдик жана компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоону колдонуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Бажылык транзиттин бажы жол-жоболоруна ылайык товарларды ташууда бажы алымдарын, салыктарды, атайын, антидемпингдик жана компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоону колдонуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Макулдашуунун негизги максаты тышкы экономикалык иштин субъекттери үчүн бажылык транзитте бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыздоонун кыйла ыңгайлуу системасын түзүү болуп саналат.
Макулдашууда товарларды бажылык транзиттин бажы жол-жобосуна жайгаштыруу бир мүчө мамлекеттин бажы органы тарабынан жүзөгө ашырылса, ал эми бажылык жана башка төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын башкы камсыздоо Евразия экономикалык бирлигине мүчө башка мамлекеттин бажы органына берилсе, бажылык транзиттин бажы жол-жоболоруна ылайык товарларды ташууда бажылык жана башка төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын башкы камсыздоону колдонуунун өзгөчөлүктөрүн аныктоо каралат.
Бажылык транзиттин бажы жол-жоболоруна ылайык товарларды ташууда бажылык жана башка төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын башкы камсыздоону колдонууда Макулдашуунун шарттарын сакталган учурда декларантка берилген бажылык жана башка төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын башкы камсыздоонун өлчөмүнөн ашкан жалпы суммага бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоонун сертификатын тариздөө мүмкүндүгүн караган 20дан 30 пайызга чейин жөнөкөйлөтүүлөр берилет.
Макулдашууда товарларды бажылык транзиттин бажы жол-жобосуна жайгаштыруу бир мүчө мамлекеттин бажы органы тарабынан жүзөгө ашырылса, ал эми бажылык жана башка төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын башкы камсыздоо Евразия экономикалык бирлигине мүчө башка мамлекеттин бажы органына берилсе, бажылык транзиттин башкы жол-жоболоруна ылайык товарларды ташууда бажылык жана башка төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоонун ыкмасы катары кепилдикти колдонуунун өзгөчөлүктөрүн аныктоо каралган.
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2020-жылдын 10-июлундагы № 16 буйругу менен Макулдашуунун долбоору жактырылган жана мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү үчүн Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерге жөнөтүлгөн.
Макулдашуунун долбоору буга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети менен 2021-жылдын 3-мартында № 6-2701/21 жана Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети менен 2021-жылдын 11-февралында № 6-1713/21 макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-апрелиндеги № 86-т тескемеси менен жактырылган.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12-беренелерине ылайык Макулдашуу ратификацияланууга тийиш.
Макулдашууну ратификациялоо социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык, ошондой эле кандайдыр бир финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.