Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 8-августу № 418-т
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:
1. 2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы: |
А.У.Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-августундагы № 418-т тескемеси менен жактырылган |
2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол ушул Протоколдун № 1 тиркемесинин "72" деген цифраларды "96" деген цифраларга алмаштыруу сунушталган "Достук" жана "Бор-Добо" автомобилдерди өткөрүү пункттарына тиешелүү бөлүгүндө 37-пунктун ишке ашыруу мөөнөтүн узартуу максатында даярдалды.
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Протоколдун долбоорун жактыруу жана мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү үчүн Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерге жиберүү тууралуу 2021-жылдын 14-июнундагы № 13 буйрук кабыл алды.
Кол коюу үчүн зарыл болгон макулдашуунун мамлекеттик ички жол-жоболорун жүргүзүү учурунда Протоколдун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен 2021-жылдын 22-сентябрындагы № 6-13106/21 жана Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 6-13207/21 макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-октябрындагы № 220-т тескемеси менен жактырылган.
Протоколго ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары 2021-жылдын 10-декабрында Жогорку экономикалык кеңешинин кезектеги жыйналышында кол коюшту.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12-беренелерине ылайык Протокол Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Жогоруда жазылгандар менен бирге Протокол Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине карама-каршы келбейт деп белгилейбиз.
Протоколду ратификациялоо социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык, ошондой эле финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.