Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 481-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ

ТЕСКЕМЕ

2022-жылдын 18-июлу № 394-р

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык жана башка максаттарда пайдалануучу атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин тизмегинде:

- "Медициналык максатта этил спиртин пайдалануучу субъекттер" деген I бөлүмүндө:

12-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 17, 18-пункттар менен толукталсын:

"17. "НУР-Фарм" жоопкерчилиги чектелген коому

18. "Фарма Нур" жоопкерчилиги чектелген коому";

13-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4. "Эл аралык медициналык университет" жоопкерчилиги чектелген коому";

- "Техникалык жана башка максаттарда этил спиртин  пайдалануучу субъекттер" деген III бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 114-пункт менен толукталсын:

"114. "Let's Go Drinks" (Летс Гоу Дринкс) жоопкерчилиги чектелген коому".

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.У.Жапаров