Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 22-августу № 558
Банкроттук процессине тартылган кызмат адамдарынын жоокерчилигин жогорулатуу, банкроттук жөнүндө мыйзамдардын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү, чарбакер субъекттердин ишин улантуу үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Банкроттук (кудуретсиздик) боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө:
- банкрот деп жарыяланган чарбакер субъекттер жана алардын кудуретсиздигинин себептери жөнүндө маалымат берсин;
- карызкорлордун мүлкүн сатуунун ачыктыгына, анын ичинде банкрот карызкорлордун активдерин сатуу үчүн жалпы электрондук соода аянтчасын түзүү жолу менен талдоо жана мониторинг жүргүзсүн;
- банкрот болуу коркунучуна туш болгон чарбакер субъекттердин ишин улантуу үчүн максималдуу шарттарды түзүү боюнча сунуштарды киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ белгиленген тартипте өз ишине министрликтердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын тиешелүү адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды тартууга укуктуу деп белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Председатель Кабинета Министров Кыргызской Республики |
| А.Жапаров |
| Тиркеме |
Банкроттук (кудуретсиздик) боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Джунушалиев Айбек Джанышбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, жумушчу топтун жетекчиси; |
Убалиев Элдияр Маматжанович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Жунусов Азамат Акматалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн прокуратура органдары секторунун башчысы; |
Асылкулов Искендер Эсенгельдиевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; |
Бекташов Талант Изатиллаевич | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Шаршенова Индира Жанусаковна | - | Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары; |
Алиев Бекболот Абдыганыевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Рыскулов Канат Бактыбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; |
Молдажиев Казыбек Илияскарович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо бөлүмүнүн инспектору; |
Примов Алмазбек Абдыакимович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти; |
Артыков Жоомарт Абдисаламович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Банкрот иштери боюнча департаменттин директору; |
Канзаманов Алишер Иматкулович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын карыздарды өндүрүүнү контролдоо бөлүмүнүн начальниги; |
Нуралиев Дастан Ормонбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин мамлекеттик менчик саясаты башкармалыгы банкрот саясаты жана баалоо иши секторунун башчысы; |
Маматкулов Нурбек Канатбекович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонддун камсыздандыруу төгүмдөрүн пландаштыруу жана эсепке алуу башкармалыгынын камсыздандыруу менен иштөө боюнча секторунун башчысы. |