Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 30-августу № 575
Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда Эмират-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө маселени талкуулоо үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын. делегациясы 2022-жылдын 31-августунан тартып 3-сентябрына чейин Бириккен Араб Эмираттарына, Абу-Даби шаарына жиберилсин.
3. Иш сапардык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө» токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык иш сапарга жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын
ортосунда Эмират-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө
маселени талкуулоо үчүн Бириккен Араб Эмираттарына
Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы
Азымбакиев Муратбек Абакирович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, делегациянын башчысы;
Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Боконтаев Кубанычбек Кенешович - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;
Эркинов Темирбек Эркинович - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин коомдук башталышта кеңешчиси;
Аширбеков Талгат Аширбекович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти.