Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-сентябрындагы № 463-т тескемесине) |
2022-2024-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын ачык маалыматтар концепциясы
1-глава. Киришүү
Ушул 2022-2024-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын ачык маалыматтар концепциясы (мындан ары - Концепция) аны киргизүү өзгөрүлүп жаткан социалдык-экономикалык шарттарда ачык бийликтин транспаренттүүлүгүн камсыз кылуунун жаңы этабы болуп саналган ачык маалыматтар чөйрөсүндөгү негиз болуучу документ болуп эсептелет.
Концепциянын максаттары үчүн ачык маалыматтар болуп маалыматтарды кийин иштетүүгө жана талдоого жарактуу болгон форматтарда жарыялоонун атайын ыкмасы түшүнүлөт.
Ачык маалыматтар - бул мамлекеттик органдардын ачыктыгына жана калкка отчет берүүсүнө көмөк көрсөткөн машиналык окуу форматында маалыматты эркин алуу, пайдалануу жана жайылтуу шарттарында Интернет тармагында ачык жеткиликтүүлүктө жайгаштырылган мамлекеттик органдардын иши жөнүндө маалыматтар топтому түрүндөгү маалымат.
Концепциянын укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери, "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы № 2 чечими менен жактырылган "Санарип Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясы (мындан ары - "Санарип Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясы), Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.
Эл аралык деңгээлде улам барган сайын көпчүлүк өкмөттөр улуттук пландарын иштеп чыгуу, ачык маалыматтар порталдарын ишке киргизүү жана ал үчүн ченемдик базаны түзүү менен ачык маалыматтар демилгесине кошулууда. 2012-жылы "Ачык Өкмөт" өнөктөштүгүнүн алкагында көптөгөн өлкөлөр ачык маалыматтарды ишке ашыруу боюнча милдеттенмелерди алышкан, 2013-жылы "чоң сегиздик" ("G8") өлкөлөрү тарабынан Ачык маалыматтар эл аралык хартиясына (International Open Data Charter) кол коюлган, анда маалыматтарга жетүүнү камсыз кылуу боюнча принциптердин жана эң мыкты практикалардын комплекси жарыяланган.
Азыркы мезгилде Ачык маалыматтар эл аралык хартиясы дүйнөнүн 22 мамлекетинде кабыл алынган жана бекитилген.
Кыргыз Республикасы азыркы мезгилде дүйнөнүн 79 өлкөсүн бириктирген "Ачык Өкмөт" өнөктөштүгүнө кошулган Борбордук Азиядагы биринчи өлкө болуп калды.
"Санарип Кыргызстан - 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясына ылайык бардык мамлекеттик органдардын санариптик трансформациялоо шарттарындагы ишинин максаты келечектеги өнүгүүнүн мүмкүн болгон сценарийлерине даяр болуу, глобалдык тенденцияларды, алардын өлкөнүн өнүгүүсүнө тийгизген таасирин түшүнүү, санариптик технологиялардын өнүгүүсүнө байланышкан заманбап чакырыктарга өз убагында жооп кайтаруу, санариптик өнүгүүдө кечикпестен алдыга карай өнүгүүгө, өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана жарандардын турмушун жакшыртуудагы маанилүү болуп келе жаткан ролун эске алуу менен санариптик технологиялар алып келген жаңы моделдерди, процесстерди киргизүүгө максаттуу багытталган иш болуп саналат.
Ушул Концепция мамлекеттик органдардын иши жөнүндө маалыматты ачуу үчүн негиз болуп эсептелген ачык маалыматтарды, мамлекеттик органдар өз ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун алкагында топтоочу, сактоочу, иштетүүчү же жарыялоочу маалыматтар камтылган маалыматтарды ачыктоо принциптерин, ошондой эле Кыргыз Республикасында ачык маалыматтар демилгесин жайылтуунун артыкчылыктуу багыттарын жана күтүлүүчү натыйжаларын камтыйт.
Концептуалдык көз караштын болуусу жарандарга, бизнеске, мамлекеттик органдарга ачык маалыматтар демилгесин киргизүү, технологияларды, ачык маалыматтар инфратүзүмүн өнүктүрүү процессин, ошондой эле ачык маалыматтарды ачыктоону жана жарыялоону камсыз кылуучу чечимдерди түшүнүүгө жана багыт алууга мүмкүндүк берет.
2-глава. Учурдагы кырдаалды жалпы баалоо
Концепцияны иштеп чыгуу эл аралык жана интеграциялык тенденциялардын өсүү көрсөткүчү, глобалдаштыруу процесстери, эл аралык уюмдардын ачык маалыматтар демилгесин колдоо менен шартталган.
Технологиялык тез өнүгүү жана инновациялар шарттарында Кыргыз Республикасынын эл аралык ачык маалыматтар демилгесине кошулуусу анын туруктуу санариптик өнүгүүгө, мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун, ачыктыгын, айкындыгын, отчеттуулугун жогорулатууга умтулуусунун, жарандардын санариптик трансформациялоо аркылуу чечимдерди кабыл алуу процесстерине, мамлекеттик башкаруу системасына катышуу деңгээлин жогорулатуунун көрсөткүчү болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасы санариптик мамлекеттик башкарууну түзүү боюнча глобалдык коомдоштуктун бир бөлүгү болуп саналуу менен ачык маалыматтардын төмөнкүдөй үч аспектинин болуусун колдойт: укуктук, уюштуруучулук жана техникалык.
Укуктук ачыктык - мамлекеттик органдардын маалыматтарын (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жетүү мүмкүндүгү чектелген маалыматтардан тышкары) пайдаланууга жетүүнүн мыйзамдуу бекитилген укугу. Ачык маалыматтар бир нече жолу эркин пайдаланылат, өзгөртүлөт, алмашылат. Демек, ачык маалыматтар порталына жайгаштырылган ачык маалыматтар алардын тибине жана колдонуу жаатына жараша талдоо жүргүзүү үчүн иштелип чыгышы жана визуализациялоо, журналисттик иликтөөлөр (дата-журналистика) максатында жана башка коммерциялык жана коммерциялык эмес да максаттарда тиркемелер иши үчүн пайдаланылышы мүмкүн. Ачык маалыматтар түшүнүгүнүн мыйзамдуу бекитилген аныктамасы "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында камтылган, ага ылайык маалыматты кайталап пайдалануу максатында адам тарабынан аны алдын ала өзгөртүүсүз автоматташтырылган иштеп чыгууга жол берүүчү форматтагы маалымат, анын ичинде Интернет аркылуу таралган маалымат, ачык маалымат болуп саналат. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында маалымат тутумдарындагы маалыматка жетүү укугун камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдар маалымат тутумдарындагы маалыматтарды Интернеттеги сайттарда ачык маалыматтар форматында жайгаштырууну уюштурууга тийиш деп аныкталган.
Муну менен бирге, азыркы убакта Кыргыз Республикасында жетиштүү укуктук база түзүлгөн эмес, ансыз ачык маалыматтар демилгесин киргизүү жана илгерилетүү мүмкүн эмес, мында төмөнкүлөрдү бөлүп көрсөтүүгө болот:
- ачык маалыматтар, өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары жаатындагы мамлекеттик саясат үчүн бирдиктүү көз карашты түзгөн стратегиялык документтин жоктугу;
- мамлекеттик ыйгарым укуктарды бюджеттик программасы жок жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын ачык маалыматтарды ачыктоосуна дем берүү жана мотивациялоо бөлүгүндө ченемдик укуктук актылар системасында олуттуу кенемтелердин болушу;
- мыйзамдуу бекитилген "ачык маалыматтар порталы" түшүнүгүнүн, маалыматтарды ачыктоо процессине карата талаптарды белгилеген ачык маалыматтар принциптеринин жоктугу.
Техникалык ачыктык - маалыматтар ачык маалыматтар порталында автоматтык иштеп чыгууну камсыздаган машиналык окуу форматында болот. Бул идеяны ишке ашыруу маалыматтарды ачыктоо процессин пландоодо, тиешелүү бизнес-процесстерди формалдаштырууда жана киргизүүдө билдирилген маалыматтарды ачыктоо боюнча чаралардын комплексин түзүүдөн башталат. Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында "машиналык окулуучу маалыматтар", "машиналык окуу форматы" деген түшүнүктөрдүн аныктамалары, ошондой эле машиналык окуу форматындагы маалыматтарды жарыялоонун тартиби жана практикалык сунуштамалары камтылбаган, бул болсо төмөнкүдөй проблемалардын келип чыгышына алып келет:
- мамлекеттик органдар өздөрүнүн расмий сайттарында маалыматтарды электрондук түрдө жайгаштырат. Бирок, жайгаштырылган маалыматтар машиналык окуу форматынын талаптарына ылайык келбейт. 2021-жылга чейин айрым гана мамлекеттик органдар маалыматтарды ачык маалыматтар түрүндө жарыялашкан;
- мамлекеттик органдар тарабынан жарыяланган маалыматтар маалыматтардын маанилүүлүгү, форматы, түзүлүшү, жаңылоо аралыгы жана бөлүштүрүү жагынан жалпыга жеткиликтүү маалыматтар боюнча пайдалануучулардын талаптарына жана суроо-талаптарына ылайык келбейт.
Уюштуруучулук ачыктык - Кыргыз Республикасында маалыматтарды ачыктоо стратегиясынын жана зарыл инфратүзүмдүн болушу. Муну менен бирге төмөнкүлөрдү белгилей кетүү керек:
- мамлекеттик органдардын ачык маалыматтар түрүндөгү маалыматтарды борборлоштуруп жайгаштыруу үчүн инфратүзүмдүн жоктугу. Ачык маалыматтарды жарыялоодо борборлоштурулган мамиленин жоктугу пайдалануучулар тарабынан маалыматтарды ар түрдүү сайттар менен булактардан издөө зарылдыгына алып келет;
- ачык маалыматтар түрүндөгү маалыматтарды ачыктоонун бирдиктүү стандарттарынын жоктугу мамлекеттик органдар тарабынан ушул демилгени ар түрдүү түшүнүүгө алып келет.
Жогоруда саналып өткөн проблемаларды чечүү жана кенемтелерди жоюу үчүн Кыргыз Республикасынын бул жааттагы мамлекеттик саясатын түзүү жана ишке ашыруу үчүн негиз боло турган ачык маалыматтар демилгесин киргизүү жана илгерилетүү боюнча иштин стратегиялык багыттарын түзүү керек.
Ачык маалыматтар демилгесин киргизүү жана илгерилетүү боюнча милдеттер азыркы убакта эле тезинен чара көрүүнү талап кылат. Жакынкы убактагы артыкчылыктуу багыттар болуп төмөнкүлөр саналат:
- ачык маалыматтар жаатындагы саясатты түзүү;
- калктын ачык маалыматтарга жетүүсүн камсыздоо;
- ачык маалыматтардын пайдалануучулары менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;
- ачык маалыматтар системасынын туруктуулугун түзүү;
- ачык маалыматтар демилгесин киргизүү процессин маалыматтык камсыздоо.
Кыргыз Республикасында ачык маалыматтар демилгесин киргизүү жарандык коомдун, иштеп чыгуучулар жана бизнес коомдоштуктарынын ачык маалыматтарды пайдалануусунун эсебинен коомдук, саясий, социалдык жана экономикалык оң натыйжаларга, маалыматтардын жеткиликтүүлүгүнүн эсебинен инвестициялык климаттын жакшырышына, калктын жашоо сапатынын жогорулашына алып келет.
3-глава. Концепциянын максаттары
Концепциянын максаттары болуп Кыргыз Республикасында ачык маалыматтар демилгесин киргизүү жана илгерилетүү жолу менен өлкөнү санариптик өнүктүрүү жана маалыматтын жеткиликтүүлүк деңгээлин жогорулатуу саналат.
Концепциянын максаттары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу максатында толугу менен ылайык келет, андагы артыкчылыктуу милдеттерге жарандык коомдун чечимдерди кабыл алуу процесстерине катышуусунун мыйзамдуу негиздерин жана уюштуруу механизмдерин өркүндөтүү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын "Ачык Өкмөт" өнөктөштүгүнө мүчөлүгүнүн алкагында маалыматтык технологияларды пайдалануу менен өркүндөтүү кирет. Өз кезегинде мамлекеттик органдар тарабынан маалыматты ачык маалыматтар түрүндөгү маалыматтарды ачыктоо мамлекеттик башкарууну өркүндөтүүдө жана "Ачык Өкмөттү" түзүүдө базалык милдеттерден болуп эсептелет.
4-глава. Концепциянын милдеттери
Концепциянын алдына коюлган максаттарга жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди чечүү керек:
- ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;
- ачык маалыматтардын улуттук платформасынын иштешин камсыздоо;
- ачык маалыматтар порталы аркылуу ачык маалыматтар топтомуна жетүүнү камсыздоо;
- ачык маалыматтарга муктаждыкты аныктоо, маалыматтарды верификациялоо жана тактоо, маалыматтарды байланыштыруу, маалыматтарды илгерилетүү жана жарыялануучу ачык маалыматтардын коомдук баалуулугун баалоо системасын түзүү;
- ачык маалыматтар системасынын туруктуулугун камсыздоо боюнча чараларды киргизүү;
- ачык маалыматтар системасын өнүктүрүүгө жана колдоого багытталган кеңири маалыматтык кампанияны өткөрүү.
5-глава. Ачык маалыматтардын принциптери
Кыргыз Республикасында ачык маалыматтардын негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ачыктык - мамлекеттик органдар маалыматтарды баштапкы берилгени боюнча жана өзүнүн тандоосу боюнча ачып берет. Атайын категорияларга кирбеген, аларды пайдалануу мыйзамга ылайык чектелген бардык маалыматтарга жетүү мүмкүндүгү камсыз болууга тийиш;
2) мыйзамдуу корголгон маалыматтардын коопсуздугун сактоо - мамлекеттик органдар маалыматтарды ачык маалыматтар формасында ачуу менен Кыргыз Республикасында санариптик өнүктүрүү, электрондук башкаруу, маалыматташтыруу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдалануу чектелген маалыматтарды коргоо жаатында кабыл алынган мамлекеттик саясатты карманууга тийиш;
3) жеткиликтүүлүк - ачык маалыматтар формасында жарыяланган маалыматтын жеткиликтүүлүгү бардык жарандар үчүн жеткиликтүү болуусу керек дегенди болжолдойт, мамлекеттик органдар жарандарга өзү каалоосу боюнча андан ары пайдаланууда эч кандай чектөөлөрсүз ачык маалыматтарды эркин издөө, көчүрүү жана жайылтуу мүмкүнчүлүгүн берген маалыматтарды ачуунун мындай форматын (XML, CSV, XLS, JSON, TSV ж.б.) камсыз кылууга тийиш. Маалыматтар кеңири чөйрөдөгү пайдалануучулар үчүн алардан каттоону талап кылбастан "Интернет" тармагында жеткиликтүү болууга тийиш;
4) маалыматтын ээси болгон мамлекеттик органдардын жоопкерчилиги - мамлекеттик органдар ачык маалыматтар формасында жарыяланган маалыматтын сапатына, анын ичинде жарыяланган маалыматтардын аныктыгына, толуктугуна, алардын өз убагында жарыяланышына жооп берүүсү зарыл. Маалыматтар дайыма актуалдуу болууга жана белгиленген мезгилдүүлүктө жаңыланып турууга тийиш;
5) маалыматтарды кайрадан пайдалануу - маалыматтар пайдалануучуга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген максаттарда, кайрадан пайдалануу үчүн автоматтык түрдө иштеп чыгуу жана жүктөө мүмкүнчүлүгүн берген форматтарда, ачык маалыматтар порталында берилет;
6) жарыялоодо артыкчылык берүү жана кезектүүлүк - ресурстардын чектелүүлүгүнө байланыштуу ачык маалыматтар порталында маалыматты коомчулуктун аны керектөөсүн эске алуу менен жайгаштыруу зарыл. Мамлекеттик органдар артыкчылыктуу маалыматтарды белгилөө үчүн жарандык коом, жалпыга маалымдоо каражаттары, изилдөөчүлөр, иштеп чыгуучулар жана башка кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүүнү уюштурат.
6-глава. Артыкчылыктуу багыттар
1-артыкчылык. Ачык маалыматтар жаатында саясатты түзүү.
Ушул артыкчылыктын алкагында төмөнкүдөй чараларды көрүү зарыл:
- ачык маалыматтар чөйрөсүндө ишти координациялоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органды аныктоо;
- ачык маалыматтар порталына маалыматты жайгаштыруу чөйрөсүндөгү негизги түшүнүктөрдү бекемдөө максатында мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү караган зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
- Кыргыз Республикасында ачык маалыматтар боюнча маселелерди регламенттөө жөнүндө, ачык маалыматтар порталы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү актыларын кабыл алуу;
- мамлекеттик органдар үчүн ачык маалыматтарды жарыялоого даярдоо тартибин, жарыялоо жана жаңылоо процессине карата талаптарды аныктоочу нускамаларды бекитүү.
2-артыкчылык. Калктын ачык маалыматтарга жетүүсүн камсыз кылуу.
Ачык маалыматтарды соңку пайдалануучулар болуп коом: жарандар, бизнес-коомчулук, илимий уюмдар, коммерциялык эмес уюмдар саналат.
Мындай ыкма бизнестин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана жарандык коомдун маалыматтардын ачык мамлекеттик массивдерин кайталап кеңири пайдалануусуна мүмкүндүк берет, бул өз кезегинде Кыргыз Республикасында санариптик экономиканы өнүктүрүү үчүн негиз салууга мүмкүндүк берет. Ачык маалыматтарды киргизүү мамлекеттик органдардын ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун жогорулатууга, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү тездетүүгө, ишке орноштуруу мүмкүндүгүн жакшыртууга жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга алып келе тургандыгы күтүлүүдө.
Ачык маалыматтар формасында маалыматтарды ачыктоо, аларды Кыргыз Республикасында пайдалануу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, бизнестин жана коомдун өз ара аракеттенүү процесстерин борборлоштуруу жана бирдейлештирүү максатында ачык маалыматтардын порталы ишке киргизилген.
Ачык маалыматтар порталынын негизги багыты болуп ачык маалыматтар формасында берилген маалыматтык ресурстарга борборлоштурулган жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылуу саналат.
Бүгүнкү күндө ачык маалыматтарды пайдалануу менен программалык камсыздоону иштеп чыгуу көндүмдөрү, ошондой эле маалыматтарды пайдалануу маданиятынын деңгээли жетишсиз болгондуктан ачык маалыматтарды пайдалануунун артыкчылыгы потенциалдуу пайдалануучулар үчүн белгилүү эмес. Ушуга байланыштуу ачык маалыматтар порталы ачык маалыматтарды пайдалануучуларга аларды пайдалануунун, алардын сапатынын жана актуалдуулугунун деңгээлине мониторинг жүргүзүүнүн ыңгайлуу инструменттерин берүүгө тийиш. Ачык маалыматтар порталы ошондой эле жайгаштырылган маалыматтарды пайдалануунун статистикалык булагы болуп калат.
Пайдалануучулардан ачык маалыматтардын сапаты, актуалдуулугу, керектүүлүгү жөнүндө ачык маалыматтар порталына келип түшкөн маалымат ушул көрсөткүчтөрдү жакшыртуу боюнча тиешелүү чара көрүү үчүн тийиштүү мамлекеттик органдарга берилет.
Ачык маалыматтар демилгелерин ишке киргизүү маалыматка жетүү укугун камсыз кылуунун ыкмасы экендигин эске алуу менен ачык маалыматтар порталын түзүү жана өнүктүрүү ушул укукту практикалык, техникалык ишке ашыруу болуп саналат. Ал үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- ачык маалыматтар порталынын фукционалын өркүндөтүү жана маалыматтар топтомун автоматтык түрдө жүктөө жөнүндө маселени чечүү;
- Интернет тармагына жайгаштырылууга тийиш болгон маалыматтардын тизмегин аныктоо менен ачык маалыматтар порталы аркылуу маалыматтар топтомуна жетүүсүн камсыздоо;
- мамлекеттик органдардын ачык маалыматтар порталындагы маалыматтар топтомун жайгаштыруусу жана актуалдаштыруусу.
3-артыкчылык. Ачык маалыматтарды пайдалануучулар менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу.
Ачык маалыматтардын негизинде иштелип чыккан маалыматтык системаларды кеңири пайдалануу, пайдалануучулар тарабынан талап кылуучулук ачык маалыматтарды ишке киргизүүнүн натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчү болуп саналат.
Мамлекеттик органдар тарабынан өз ыйгарым укуктарын аткаруунун алкагында алынган жана түзүлгөн маалыматты ачык маалыматтар түрүндө ачуу аны мамлекеттик маанидеги гана эмес, ошондой эле бизнес-коомчулук жана жарандык коомдун уюмдары иштеп чыккан башка социалдык маанилүү коомдук маалыматтык системалардын, тиркемелердин, сервистердин (электрондук сервистер, тиркемелер) ар кандай маалыматтык системаларынын маалымат булактары катары пайдаланууга мүмкүндүк берет.
Пайдалануучулардын кызыкчылыгын жана талаптарын эске алуу менен ачык маалыматтар түрүндө ачык маалыматтар порталына маалыматты жайгаштыруу процесстерин жана инфратүзүмүн ырааттуу өркүндөтүү зарыл.
Процесстерди жана инфратүзүмдү өркүндөтүү менен катар талап кылынган маалыматтар топтомуна болгон керектөөнү аныктоо, маалыматтарды верификациялоо жана тактоо жана жарыяланган ачык маалыматтарды коомдук баалоону калыптандыруу боюнча маселелерди төмөнкүдөй жол менен чечүү зарыл:
- пайдалануучуларды жарыяланган маалыматтар топтомунун сапатын, актуалдуулугун, зарылдыгын талкуулоого тартуу үчүн пикир алмашуу аянтчасын түзүү жана ишин регламенттөө;
- жарыяланган маалыматтардын артыкчылыктарын аныктоодо жарандык коомдун жана бизнестин суроо-талаптарын жана керектөөлөрүн эсепке алуу механизмдерин түзүү, ошондой эле тиркемелерди иштеп чыгуучулардын катышуусу менен маалыматтар топтомунун сапатын жогорулатуу;
- маалыматтар топтомунун сапатын баалоо методикасын, анын ичинде маалыматтын толуктугу, тактыгы, кылдаттык менен түзүлгөндүгү, түшүнүктүүлүгү боюнча критерийлерди иштеп чыгуу.
4-артыкчылык. Ачык маалыматтар системасынын туруктуулугун калыптандыруу.
Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, ачык маалыматтардын пайда болушунун өзү жарандар тарабынан суроо-талап жогору болгон социалдык жана коммерциялык багыттагы маалыматтык сервистердин келип чыгышына алып келет.
Бул демилге ишке киргизилгенден кийин бардык кызыкдар тараптардын, анын ичинде мамлекеттин, бизнестин жана жарандык коомдун ресурстарын жана күч-аракеттерин бириктирүүдө жана алардын активдүү катышуусунда ачык маалыматтар системасынын туруктуулугун камсыздоо боюнча ырааттуу, макулдашылган чараларды көрүү керек. Бул үчүн төмөнкүдөй кадамдар зарыл:
- ачык маалыматтарды ачык маалыматтар порталында жарыялоо процессин автоматташтыруу;
- ачык маалыматтарды пайдалануу менен иштелип чыккан тиркемелердин жана сервистердин каталогун ачык маалыматтар порталына жайгаштыруу;
- маалыматтарды ачык маалыматтар түрүндө жайгаштыруу боюнча мамлекеттик органдардын рейтинг системасын ишке киргизүү.
5-артыкчылык. Ачык маалыматтар демилгесин киргизүү процессин маалыматтык камсыздоо.
Мамлекеттик органдардын маалыматтарын ачуу экономикадагы жана мамлекеттик башкаруудагы инновацияларды киргизүү боюнча кампаниянын бир бөлүгү болууга тийиш, жаңы сервистерди, экономикалык иштин түрлөрүн жана экономикадагы түзүмдүк өзгөрүүлөрдү калыптандырууда ачык маалыматтардын активдүү пайдаланылышын колдоого алуу зарыл.
Ачык маалыматтар системасын өнүктүрүү жана колдоо кеңири маалыматтык компанияны жүргүзүүнү талап кылат, ал төмөнкүдөй аспекттерден турушу керек:
- жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдары, башка билим берүү уюмдары, бизнес өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүдө "Ачык маалыматтар" темасы боюнча профилдик билим берүү иш-чараларын өткөрүү;
- ачык маалыматтар чөйрөсүн чагылдыруу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарында жаңылыктар контенти аркылуу "Ачык маалыматтар" темасын илгерилетүү.
7-глава. Ачык маалыматтарды киргизүүдөн күтүлгөн натыйжалар
Ачык маалыматтарды пайдалануу экономика тармактарындагы, социалдык чөйрөдөгү толук көрүнүштү кеңири ачууга, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн тиешелүү багыттарын өркүндөтүү боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн негизин түзүүгө мүмкүндүк берет. Ачык маалыматтарды кеңири колдонуу натыйжада жашоо-тиричиликтин ар кандай чөйрөлөрүндө мультипликативдик таасир берет.
Ачык маалыматтар демилгесин киргизүүдөн күтүлгөн негизги жыйынтыктар төмөнкүлөр:
- маалыматка жетүүгө конституциялык укукту камсыз кылуунун деңгээлин жогорулатуу. Чарба субъекттерине, калкка зарыл болгон маалыматтын ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгү - бизнестин туруктуулук мүмкүнчүлүктөрүнүн, кызмат көрсөтүүлөрдүн (товарлардын) өздүк наркын төмөндөтүүнүн булагы;
- мамлекеттик бийликке болгон ишенимди бекемдөө. Ачык маалыматтардан улам мамлекеттик түзүмдөр барган сайын ачык болууда жана коррупциялык кооптуулуктар төмөндөөдө;
- мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү жана "Ачык Өкмөткө" өтүү. Мамлекеттик органдардын иши жөнүндө маалыматтарды ачык маалыматтар түрүндө ачуу мамлекеттик башкарууну өркүндөтүүдө базалык милдеттердин бири болуп саналат;
- ачык маалыматтарды пайдалануудан социалдык жана экономикалык максималдуу натыйжаларды алуу. Маалыматтар ошондой эле иштеп жаткан бизнести кеңейтүү, жаңы сервистерди жана ишканаларды түзүү үчүн коммерциялык максатта дагы колдонулушу мүмкүн. Социалдык маанилүү тиркемелерди жана сервистерди түзүү жарандардын күнүмдүк жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт;
- "билим экономикасын" өнүктүрүү жана инновацияларды киргизүү: бизнес-коомчулук, илимий коомчулук, кесиптик коомчулук, изилдөө институттары, аналитиктер, журналисттер маалыматтарды талдоо жана пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алышат, алар андан кийин билимге айланышы мүмкүн. Ачык маалыматтар, ачык лицензиялар жана ачык код жаңы технологияларды жана инновацияларды киргизүүгө мүмкүндүк түзөт;
- IT-индустрияны активдештирүү: программалык камсыздоолорду иштеп чыгуучулар жарандар үчүн ыңгайлуу сервистерди түзүү жана ачык маалыматтардын негизинде иштеген тиркемелер рыногун калыптандырууга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн маалыматтарды алышат;
- инвестициялык климатты жакшыртуу: маалыматтарды толук, системалаштырылган, өз убагында ачуунун натыйжасында бизнес-түзүмдөр коммерциялык багыттагы маалыматтык сервистерди түзүү үчүн көбүрөөк инвестицияларды тартышат;
- бюджеттик каражаттарды пайдаланууну оптималдаштыруу. Ачык маалыматтар мамлекеттик сатып алуулар жана мамлекеттик келишимдер боюнча маалыматтарды талдоо аркылуу бюджеттик каражаттардын максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылышын аныктоого мүмкүндүк берет. Жарандардын керектөөлөрү үчүн айрым тиркемелер жана сервистер программалык камсыздоонун көз карандысыз иштеп чыгуучулары тарабынан иштелип чыгат, бул аларды иштеп чыгууга кеткен мамлекеттик чыгымдарды үнөмдөөгө алып келет;
- мамлекеттик органдардын ортосунда маалыматтык өз ара аракеттенүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүү мамлекеттин административдик чыгымдарын азайтууга алып келет.
Ачык маалыматтарды өнүктүрүүнүн мындан аркы багыттары төмөнкүлөр боло алат:
- уюштуруучулук, техникалык, финансылык шарттарды түзүү жана аны мындан ары өнүктүрүү үчүн кадрдык потенциалды жогорулатуу жолу менен ачык маалыматтар саясатын институционалдаштыруу;
- Ачык маалыматтар эл аралык хартиясына кирүү Кыргыз Республикасында ачык маалыматтарды өнүктүрүүдө жана өркүндөтүүдө эксперттик жана аналитикалык колдоо табуу мүмкүндүгүн берет. Ачык маалыматтар эл аралык хартиясы ачык маалыматтар чөйрөсүндөгү маанилүү эл аралык инструменттердин бири болуп саналат;
- байланышкан ачык маалыматтарга (Linked Open Data) өтүү үчүн зарыл шарттарды түзүү, бул иштеп чыгуучуларга ведомстволор аралык жана эл аралык деңгээлдеги жаңы программалык тиркемелерди түзүү мүмкүндүгүн берет;
- мамлекеттик органдардын маалыматтарды ачык маалыматтар форматында жарыялоосу үчүн пайдаланылган стандарттардын жана технологиялык комплекстин негизинде маалымат алмашуунун бирдейлештирилген интерфейсин түзүү.
8-глава. Жагымдуу шарттар
Концепцияны ишке ашыруу мамлекеттик сектордо ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, социалдык, экономикалык, укуктук чөйрөгө оң таасирин тийгизүүгө тийиш, анткени ачык маалыматтар демилгесин киргизүүдөн күтүлгөн негизги натыйжалар болуп төмөнкүлөр саналат:
- жарандардын маалыматтарга жетүүгө карата конституциялык укуктарын камсыздоо деңгээлин жогорулатуу;
- мамлекеттик бийликке болгон ишенимди бекемдөө;
- мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү жана "Ачык Өкмөткө" өтүү;
- ачык маалыматтарды пайдалануудан максималдуу социалдык жана экономикалык натыйжа алуу: маалыматтар ошондой эле иштеп жаткан бизнестерди кеңейтүү, жаңы сервистерди жана ишканаларды түзүү үчүн коммерциялык максаттарда дагы пайдаланылышы мүмкүн. Социалдык маанилүү тиркемелерди жана сервистерди түзүү жарандардын жашоосунун сапатынын жогорулашына алып келет.
9-глава. Концепцияны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо
Концепцияны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо Концепцияны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун тиркелген матрицасына ылайык жүргүзүлөт. Ошондой эле Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча жылына эки жолу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына отчет берилет. Бул Концепциянын максаттарынан жана милдеттеринен келип чыгышы мүмкүн болгон терс кесепеттерди алдын ала жоюуга жана Иш-чаралар планына зарыл болгон оңдоолорду киргизүүгө мүмкүндүк берет.
Концепцияда пландалган бардык иш-чараларды пландуу жүзөгө ашыруу Open Data Index, Open Budget Index, Open Data Barometer сыяктуу ачыктык жана айкындуулук эл аралык рейтингдеринде Кыргыз Республикасынын рейтингин жогорулатат.
10-глава. Концепцияны ишке ашыруунун финансылык жана башка ресурстары
Концепцияны ишке ашыруу ушул Концепцияны ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдарды камсыздоого каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан алынган каражаттардын, анын ичинде эл аралык өнөктөш уюмдар тарабынан бөлүнгөн финансылык каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
|
| 2022-2024-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын ачык маалыматтар концепциясына тиркеме |
2022-2024-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын ачык маалыматтар концепциясын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы
№ | Милдеттер | Индикатордун аталышы | Чен бирдиги | Баштапкы жыл 2022 | Орто аралык индикаторлор (жылдык) | Соңку индикаторлор же максаттуу көрсөткүчтөр | Жооптуу орган | |
2023 | 2024 | |||||||
1-артыкчылык. Ачык маалыматтар жаатында саясатты түзүү | ||||||||
1 | Укуктук ченемдик базаны өркүндөтүү | Ачык маалыматтар демилгелерин мыйзамдуу бекемдөө | бирдик | 0 | 3 | 0 | 3 | СӨМ, ЮМ, Улутстатком (макулдашуу боюнча) |
2-артыкчылык. Калктын ачык маалыматтарга жетүүсүн камсыз кылуу | ||||||||
2 | Ачык маалыматтар порталынын иштешин камсыз кылуу | Толук иштеген ачык маалыматтар порталы | бирдик | 0 | 1 | 0 | 1 | СӨМ |
3 | Ачык маалыматтар порталы аркылуу ачык маалыматтар топтомуна жетүүнү камсыз кылуу | Ачык маалыматтар топтомун порталга жайгаштырган мамлекеттик органдардын саны | бирдик | 0 | 9 | 12 | 21 | Министрликтер жана ведомстволор, СӨМ |
3-артыкчылык. Ачык маалыматтарды пайдалануучулар менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу | ||||||||
4 | Ачык маалыматтарга болгон керектөөнү аныктоо, маалыматтарды верификациялоо жана тактоо, маалыматтарды байланыштыруу, маалыматтарды илгерилетүү жана жарыяланган ачык маалыматтардын коомдук баалуулугун баалоо системасын калыптандыруу | Ачык маалыматтарды керектөөчүлөрдүн суроо-талаптарынын саны | % | 0 | 10 | 10 | 20 | СӨМ, министрликтер жана ведомстволор |
4-артыкчылык. Ачык маалыматтар системасынын туруктуулугун калыптандыруу | ||||||||
5 | Ачык маалыматтар системасынын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чараларды киргизүү | Кыргыз Республикасынын Open Data Index, Open Budget Index, Open Data Barometer порталдарындагы рейтинги | % | 0 | 10 | 10 | 20 | СӨМ, министрликтер жана ведомстволор |
5-артыкчылык. Ачык маалыматтар демилгесин киргизүү процессин маалыматтык камсыздоо | ||||||||
6 | Ачык маалыматтар системасын өнүктүрүүгө жана колдоого багытталган кеңири маалыматтык кампания өткөрүү | Өткөрүлгөн иш-чаралардын саны (профилдик билим берүүчү иш-чаралар, конкурстар, жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу) | бирдик | 0 | 10 | 20 | 30 | СӨМ |
Кыскартуулардын тизмеси:
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги; |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги; |
Улутстатком | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети. |