Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 2-сентябры № 463-т
"Ачык Өкмөт" өнөктөштүгүнүн алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан кабыл алынган милдеттенмелерди, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2022-2024-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын ачык маалыматтар концепциясы 1-тиркемеге ылайык;
- 2022-2024-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын ачык маалыматтар концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети жана административдик ведомстволору:
- Иш-чаралар планын өз убагында аткарууну камсыздасын;
- жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги:
- Иш-чаралар планын ишке ашырууну координациялоону жүзөгө ашырсын жана мониторинг жүргүзсүн;
- жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 30уна чейин Иш-чаралар планын ишке ашыруу жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
2-тиркеме |
2022-2024-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын ачык маалыматтар концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы
№ | Милдет | Чара/Иш-аракет | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары |
1. Ачык маалыматтар жаатындагы саясатты түзүү | ||||||
1 | Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | 1.1. Ачык маалыматтар чөйрөсүндөгү ишти координациялоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органды аныктоо | 2023-жылдын 30-майы | Ачык маалыматтар чөйрөсүндөгү ишти координациялоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган аныкталды | СӨМ | Концепцияны ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдарды күтүүгө каралган каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын каражаттарынын чегинде, анын ичинде эл аралык өнөктөш уюмдар тарабынан бөлүнүп берилүүчү финансылык каражаттар |
1.2. Кыргыз Республикасынын маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | 2023-жылдын 30-декабры | Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилди | СӨМ, ЮМ | |||
1.3. Ачык маалыматтар жөнүндө жана ачык маалыматтар порталы тууралуу жобонун долбоорун иштеп чыгуу | 2023-жылдын 30-апрели | Ачык маалыматтар жөнүндө жана ачык маалыматтар порталы тууралуу жобо бекитилди | СӨМ, Улутстатком (макулдашуу боюнча) | |||
1.4. Мамлекеттик органдардын ачык маалыматтарды жарыялоо тартиби жөнүндө типтүү нускаманын долбоорун жана ачык маалыматтарды жарыялоого карата техникалык талаптарды иштеп чыгуу | 2023-жылдын 30-апрели | Мамлекеттик органдардын ачык маалыматтарды жарыялоо тартиби жөнүндө типтүү нускама жана ачык маалыматтарды жарыялоого карата техникалык талаптар бекитилди | СӨМ, Улутстатком (макулдашуу боюнча) | |||
2. Калктын ачык маалыматтарга жетүүсүн камсыз кылуу | ||||||
2 | Ачык маалыматтар порталынын иштешин камсыз кылуу | Ачык маалыматтар порталынын функционалын өркүндөтүү, ачык маалыматтар порталынын API аркылуу маалыматтар топтомун автоматтык түрдө жүктөө жөнүндө маселени чечүү | 2024-жылдын 20-марты, дайыма | Пайдалануучулар үчүн ачык маалыматтар порталынын ыңгайлуу функционалы камсыз кылынды. Мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларынан маалыматтар топтомун автоматтык түрдө жүктөө камсыз кылынды | СӨМ | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
3 | Ачык маалыматтар порталы аркылуу ачык маалыматтар топтомуна жетүүнү камсыз кылуу | 3.1. Интернет тармагына ачык маалыматтар түрүндө жайгаштырылууга тийиш болгон маалыматтар топтомунун тизмегин (реестрин) аныктоо | 2023-жылдын 20-марты, дайыма | Интернет тармагына ачык маалыматтар түрүндө жайгаштырылууга тийиш болгон маалыматтар топтомунун тизмеги бекитилди | Министрликтер жана ведомстволор, СӨМ | Концепцияны ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдарды күтүүгө каралган каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын каражаттарынын чегинде, анын ичинде эл аралык өнөктөш уюмдар тарабынан бөлүнүп берилүүчү финансылык каражаттар |
3.2. Ачык маалыматтар порталында министрликтер менен ведомстволордун ачык маалыматтар топтомун этап-этабы менен жайгаштыруу боюнча ведомстволор аралык планды иштеп чыгуу | 2023-жылдын 10-апрели | Ачык маалыматтар порталында министрликтер менен ведомстволордун ачык маалыматтар топтомун этап-этабы менен жайгаштыруу боюнча ведомстволор аралык планды бекитүү жөнүндө локалдык акт бекитилди | СӨМ, министрликтер жана ведомстволор | |||
3.3. Ачык маалыматтар топтомун ачык маалыматтар порталына жайгаштыруу | 2022-жылдан тартып 2024-жылга чейин этап-этабы менен | Жарандардын ачык маалыматтарга жетүүсү камсыз кылынды. Ачык маалыматтар порталында ачык маалыматтар топтому ачыкталды жана жарыяланды | Министрликтер жана ведомстволор | |||
3.4. Ачык маалыматтар топтомун актуалдаштыруу | Дайыма | Ачык маалыматтар порталында ачык маалыматтар топтому актуалдаштырылды | Министрликтер жана ведомстволор | |||
3. Ачык маалыматтардын керектөөчүлөрү менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу | ||||||
4 | Ачык маалыматтарга муктаждыкты аныктоо, маалыматтарды верификациялоо жана тактоо, маалыматтарды байланыштыруу, маалыматтарды илгерилетүү жана жарыялануучу ачык маалыматтардын коомдук баалуулугун баалоо системасын түзүү | 4.1. Пайдалануучуларды жарыяланган маалыматтар топтомунун сапатын талкуулоого тартуу үчүн "Кайтарым байланыш" процессинин регламентин иштеп чыгуу | 2023-жылдын 1-сентябры | Ачык маалыматтар порталынын "Кайтарым байланыш" модулунун иш регламенти бекитилди | СӨМ, министрликтер жана ведомстволор | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
4.2. Маалыматтарды жарыялоо артыкчылыктарын аныктоодо жарандык коомдун жана бизнестин суроо-талаптарын жана муктаждыктарын эсепке алуу механизмдерин түзүү | 2023-жылдын 1-июну | Жарандык коомдун жана бизнестин суроо-талаптарын жана муктаждыктарын эсепке алуу механизмдери аныкталды жана ишке киргизилди | СӨМ, министрликтер жана ведомстволор | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары | ||
4. Ачык маалыматтар системасынын туруктуулугун калыптандыруу | ||||||
5 | Ачык маалыматтар системасынын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чараларды киргизүү | 5.1. Ачык маалыматтарды ачык маалыматтар порталында API аркылуу жарыялоо процесстерин автоматташтыруу | 2024-жылдын 10-июлу | Маалыматтар топтомун API аркылуу автоматтык түрдө жарыялоо функциясы киргизилди | СӨМ, министрликтер жана ведомстволор | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
5.2. Тиркемелердин жана сервистердин каталогун ачык маалыматтар порталына жайгаштыруу | 2023-жылдын 10-сентябры | Ачык маалыматтарды пайдалануу менен иштелип чыккан тиркемелердин жана сервистердин саны көбөйтүлдү | СӨМ, министрликтер жана ведомстволор | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары | ||
5.3. Маалыматтарды ачык маалыматтар түрүндө жайгаштыруу боюнча мамлекеттик органдардын рейтинг системасын киргизүү | 2024-жылдын 10-апрели | Мамлекеттик органдар тарабынан жайгаштырылган маалыматтар топтомунун сапаты жогорулады | СӨМ | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары | ||
5. Ачык маалыматтар демилгесин киргизүү процессин маалыматтык камсыздоо | ||||||
6 | Ачык маалыматтар системасын өнүктүрүүгө жана колдоого багытталган кеңири маалыматтык кампанияны өткөрүү | 6.1. ЖОЖдор жана башка билим берүү уюмдары менен өз ара аракеттенүү менен "Ачык маалыматтар" темасы боюнча профилдик билим берүү иш-чараларын өткөрүү | 2023-жылдан тартып 2024-жылга чейин дайыма | Профилдик билим берүү иш-чаралары өткөрүлдү | СӨМ | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
6.2. "Ачык маалыматтар" демилгесин жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу | "Ачык демилгесин чагылдыруу кылынды маалыматтар" маалыматтык камсыз | СӨМ | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары | |||
Кыскартуулардын тизмеси:
ЖОЖ | - | жогорку окуу жайы; |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги; |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги; |
Улутстатком | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети; |
API | - | application programming interface - тиркемелер менен системалардын ортосунда маалымат алмашууну автоматтык режимде жүргүзүүгө мүмкүндүк берген программалык интерфейс. |