Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 23-августу № 449-т
2022-жылдын 24-августунан тартып 26-августуна чейинки мезгилде Санкт-Петербург шаарында (Россия Федерациясы) өтүүчү Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз - санкт-петербург биргелешкен комиссиясынын кезектеги 11-жыйналышынын ишине катышууга байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз - санкт-петербург биргелешкен комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) кыргыз бөлүгүнүн курамы ушул тескеменин тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасына Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын өкүлдөрүн, ошондой эле ишкер чөйрөнүн, илимдин жана маданияттын өкүлдөрүн алардын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
3. Иш сапардык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык иш сапарга жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
Тиркеме |
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз - санкт-петербург биргелешкен комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн курамы
Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Касымбеков Жаркынбек Орозбекович Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Исаева Гульназ Конурбаевна Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары;
Исмаилова Чолпон Нурбековна Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин биринчи саясий департаментинин кеңешчиси;
Кожоев Эрлан Саматович Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташуу башкармалыгынын башкы адиси;
Асылбекова Мээрим Уметбековна Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин тышкы байланыштар башкармалыгынын жетектөөчү адиси, Комиссиянын жооптуу катчысы.