Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 9-сентябры № 475-т
Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиктерин жоюу максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 4-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмесинин негизинде коррупциогендик кызмат орундардын тизмесин аныктасын жана бекитсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси
№ | Мамлекеттик органдын функциялары/кызматтык ыйгарым укуктары(*) | Коррупциялык тобокелдик | Коррупциялык тобокелдиктин категориясы: системалуу (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык | Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (нөлдүк, төмөнкү) | Коррупциялык тобокелдик бир органдын ишине тиешелүүбү же анын көрүнүшү бир нече мамлекеттик органдын ишин камтышы мүмкүнбү |
1 | Илим фонду тарабынан каржыланган уюмдарда илимий жана финансылык тартиптин сакталышын контролдоо. Мамлекеттик илимий уюмдар тарабынан аларга бекитилген мүлктүн максаттуу пайдаланылышын талаптагыдай контролдоо | Илимди өнүктүрүүгө каржыланган каражаттардын максаттуу пайдаланылышын талаптагыдай эмес контролдоо | Кырдаалдык | Төмөнкү | Бул тобокелдиктер илим жана илимий-техникалык саясат чөйрөсүндөгү ишмердикке тиешелүү болушу мүмкүн |
2 | Мектепке чейинки, башталгыч жалпы, негизги жалпы, орто жалпы, жогорку, орто, жождон кийинки жана кошумча кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу юридикалык жактардын билим берүү ишин лицензиялоо | Лицензия берүүдөн негизсиз баш тартуу жана лицензиялануучу субъекттерди текшерүү | Кырдаалдык | Жогорку | Бул тобокелдиктер лицензиялоо жана аккредитациялоо боюнча ишке тиешелүү болушу мүмкүн |
3 | Жогорку, орто, жождон кийинки жана кошумча кесиптик билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу процессинде өнүгүүнү контролдоону жана божомолдоону ишке ашыруу | Билим берүү жаатындагы ЧУАларды сактоо боюнча билим берүү ишин негизсиз текшерүү, кабыл алуу планын макулдашууда негизсиз баш тартуу | Кырдаалдык | Жогорку | Бул тобокелдиктер жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
4 | Мектептик жана мектептен тышкаркы билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу процессинде өнүгүүнү контролдоону жана божомолдоону ишке ашыруу | Билим берүү жаатындагы ЧУАларды сактоо боюнча билим берүү ишин негизсиз текшерүү, окуу китептеринин кол жазмаларын иштеп чыгууда жана экспертизалоодо кызыкчылыктардын кагылышы | Кырдаалдык | Жогорку | Бул тобокелдик мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
5 | Окуу китептерин же ОМКны иштеп чыгуу, басып чыгаруу жана киргизүү. Окуу-методикалык материалдардын кол жазмаларын экспертизалоо | Окуу китептеринин кол жазмаларын иштеп чыгууда жана экспертизалоодо кызыкчылыктардын кагылышы | Кырдаалдык | Жогорку | Бул тобокелдик китеп басып чыгаруу ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
6 | ЧУАны иштеп чыгууда жана юридикалык экспертизалоодо көзөмөл жүргүзүү | ЧУАны иштеп чыгууда жана экспертизалоодо кызыкчылыктардын кагылышы | Кырдаалдык | Төмөнкү | Бул тобокелдиктер укуктук камсыздоо ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
7 | Номенклатуранын тизмеси боюнча кадр саясатын жүргүзүүнү көзөмөлдөө. Мамлекеттик сылыктарга көрсөтүүгө документтерди тариздөө | Түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрдүн кадр саясатын негизсиз көзөмөлдөө; Мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүүгө документтерди каттоодон негизсиз баш тартуу | Кырдаалдык | Орточо | Бул тобокелдиктер адам ресурстарын башкаруу ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
8 | Ведомстволук билим берүү, илим уюмдарын, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) аппараттарын - райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрү (башкармалыктары) аркылуу каржылоо; Билим берүү жана илим системасынын уюмдарына бюджеттен тышкаркы (атайын) каражаттарды бөлүп берген бюджеттик ассигнованиелерди каржылоону эсепке алуу | Каржыланган каражаттардын максаттуу пайдаланылышын талаптагыдай эмес контролдоо | Кырдаалдык | Орточо | Бул тобокелдиктер бюджеттик саясат жана финансылык талдоо чөйрөсүндөгү ишке тиешелүү болушу мүмкүн |
9 | Борбордук аппараттын финансы-чарбалык иши жөнүндө толук жана так маалыматтарды түзүү | Каржыланган каражаттардын максаттуу пайдаланылышын талаптагыдай эмес контролдоо | Кырдаалдык | Төмөнкү | Бул тобокелдиктер бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук чөйрөсүндөгү ишке тиешелүү болушу мүмкүн |
10 | Ички аудит объектисинин ички контролдоо системасынын натыйжалуулугун баалоо жана баалоонун натыйжалары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | Каржылануучу каражаттардын максаттуу пайдаланылышын талаптагыдай эмес контролдоо | Кырдаалдык | Жогорку | Бул тобокелдиктер ички аудиттин ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
11 | Билим берүү объектилеринин курулушуна мониторинг жүргүзүү. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча иштерди жүргүзүү | Кызыкчылыктардын кагылышы; керектөөлөрдү адекваттуу баалоонун жоктугу, бюджетти жана сатып алуу жол-жоболорун натыйжасыз пландоо; эки мааниде кабыл алууга же бир компаниянын продуктун сыпаттоочу мүнөздө түзүүнү өбөлгөлөөчү так эмес мүнөздөмөлөр ж.б. | Кырдаалдык | Жогорку | Бул тобокелдиктер инфраструктура жана мамлекеттик сатып алуулар маселелерин козгогон иштерге тиешелүү болушу мүмкүн |
12 | Кызматташуу жөнүндө билим берүү жаатында мамлекеттер аралык жана ведомстволор аралык макулдашуулардын жана келишимдердин алкагында Кыргызстандын жарандарын чет мамлекеттердин билим берүү уюмдарына окутууга сунуштоо жана жиберүү боюнча ишти уюштуруу | Жеке кызыкчылыктардын болушу (кызыкчылыктардын кагылышы); контролдун жана мониторингдин жоктугу | Кырдаалдык | Төмөнкү | Бул тобокелдиктер эл аралык кызматташтык жана өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү чөйрөсүндөгү ишке тиешелүү болушу мүмкүн |
13 | Мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу процессинде өнүгүүнү контролдоону жана божомолдоону ишке ашыруу | Билим берүү жаатындагы ЧУАларды сактоо боюнча билим берүү ишин негизсиз текшерүү | Кырдаалдык | Жогорку | Бул тобокелдиктер мектепке чейинки билим берүүнүн жана мектепке чейинки даярдоонун ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
14 | Башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу процессинде өнүгүүнү контролдоону жана божомолдоону ишке ашыруу | Билим берүү жаатындагы ЧУАларды сактоо боюнча билим берүү ишин негизсиз текшерүү, Кабыл алуу планын макулдашууда негизсиз баш тартуу | Кырдаалдык | Жогорку | Бул тобокелдиктер башталгыч кесиптик билим берүү ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
15 | Мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкаркы билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу процессинде өнүгүүнү контролдоону жана божомолдоону ишке ашырууга көмөктөшүү | Кызыкчылыктардын кагылышы, бюджетти жана сатып алуу жол-жоболорун натыйжасыз пландоо, контролдун жана мониторингдин жоктугу | Кырдаалдык | Жогорку | Бул тобокелдиктер шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктар ишине тиешелүү болушу мүмкүн |