Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 15-сентябры № 481-т
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу жүгөрүгө фитосанитардык талаптар жөнүндө протоколдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу жүгөрүгө фитосанитардык талаптар жөнүндө ПРОТОКОЛ
Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына жүгөрү данын коопсуз экспорттоо жана фитосанитардык тобокелдикти талдоо жыйынтыгынын негизинде Кытай Эл Республикасынын айыл чарбасынын жана экологиясынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, фитосанитардык тобокелдиктерди талдоонун жыйынтыктарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги (мындан ары - Министрлик) жана Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы (мындан ары - КЭР БББ) пикир алмашып, Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн жүгөрүгө карата фитосанитардык талаптар боюнча төмөнкүдөй келишүүлөргө жетишти.
Бул Протокол фитосанитардык талаптарга гана тиешелүү. Азык-түлүк продуктуларынын коопсуздугуна жана сапатына тиешелүү болгон башка кытай стандарттары жана талаптары Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү жүгөрүгө да тиешелүү, бирок ушул Протоколдо каралбайт.
1-берене.
Ушул Протоколдогу жүгөрү (Zea mays L.) Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү жана Кытай Эл Республикасына себүү үчүн эмес, кайра иштетүү үчүн экспорттолуучу жүгөрү данына кирет.
2-берене.
Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу жүгөрү даны импортко тиешелүү болгон Кытай Эл Республикасынын фитосанитардык эрежелерине жана улуттук стандарттарына шайкеш келүүгө тийиш жана анда тирүү зыяндуу организмдер, атап айтканда КЭР БББ (Тиркемени караңыз) тарабынан каралган карантиндик зыяндуу организмдер болбошу керек жана ага башка дан же аралашмалар атайылап кошулбоого жана аралаштырылбоого тийиш.
3-берене.
Министрлик жүгөрү өстүрүү мезгилинде жактырылган эл аралык методдорду колдонуу менен изилдөөлөрдү жана сыноолорду жүргүзөт жана Кытай Эл Республикасы үчүн фитосанитардык тобокелдик келтирген зыянкечтердин пайда болушун минимумга алын келүү үчүн мониторинг жүргүзөт. Министрлик КЭР БББга ар бир оруп-жыйноо мезгили үчүн, бир жыл ичинде өндүрүштүк аянттарда жүгөрүнүн кидик мозаика вирусуна, тамекинин шакекче темгил вирусуна, буудайдын ала-була мозаика вирусуна байкоо жүргүзүү жөнүндө, анын ичинде ыкмалар жана натыйжалар тууралуу отчет берет, ошондой эле КЭР БББнын талаптары боюнча жүгөрү данына тиешелүү башка маалыматтарды берет.
Министрлик Кытай Эл Республикасына фитосанитардык тобокелдик келтирген зыянкечтерге каршы комплекстүү башкаруу (IPM) системасын түзүү жана зыянкечтердин пайда болушун минимумга алып келүү үчүн Кытай Эл Республикасына жүгөрү данын экспорттоого ниеттенген ишканаларга мониторинг жүргүзүүгө тийиш.
Министрлик КЭР БББнын суроо-талабы боюнча жогоруда аталган маалыматтарды КЭР БББга берет.
4-берене.
Министрлик Кытай Эл Республикасына жүгөрү экспорттогон ишканаларга мониторинг жүргүзөт жана өсүмдүктөрдүн калдыктарынын, бөтөн кошулмалардын, коркунучтуу жана зыяндуу отоо чөптөрдүн уруктарынын өтүп кетүүсүнө жол бербөө үчүн жүгөрүнү жыйноо, кайра иштетүү, сактоо жана ташуу процессинде жүгөрүнү элөө, тазалоо, дезинфекциялоо сыяктуу натыйжалуу чараларды көрүүнү аныктайт. (Бөтөн аралашмалар 1%дан аз болушу керек, Кытай Эл Республикасынын улуттук стандартына ылайык миң дубана сыяктуу зыяндуу отоо өсүмдүгүнүн уруктары 1 кг/дан аз болушу керек: "Жүгөрү" GB 1353 жана "Дан үчүн тамак-аш продукттарынын коопсуздугу боюнча стандарт" GB 2715).
5-берене.
Министрлик Кытай Эл Республикасына жүгөрү экспорттоо үчүн кампа ишканаларын алар зыянкечтерге каршы күрөшүүнүн тиешелүү шарттарына жооп берерине ынануу үчүн каттайт жана катталган ишканалардын тизмесин Кытай Эл Республикасына жүгөрү данын экспорттоонун алдында КЭР БББга берет.
6-берене.
Министрлик Кытай Эл Республикасына жүгөрүнү экспорттоого чейин карантиндик фитосанитардык чараларды көрүүгө тийиш. Жүктүн тирүү курт-кумурскалар табылган партияларына ташып чыгаруудан мурун фумигация жүргүзүлөт. Ушул Протоколдо көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген жүктүн партиясына Министрлик "Жүктүн партиясы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына ташылып чыгуучу жүгөрү жөнүндө протоколдо баяндалган фитосанитардык талаптарга жооп берет жана Кытай Эл Республикасы үчүн фитосанитардык тобокелдик жараткан зыяндуу организмдер жок" деген кошумча декларация менен фитосанитардык сертификат берет.
7-берене.
Жүгөрү Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пунктуна келгенде, Кытай Эл Республикасынын бажы кызматы карап текшерүүнү жана карантиндик фитосанитардык контролду жүргүзөт. Эгерде жүктүн партиясы Кытай Эл Республикасынын талаптарына жооп бербесе, анда төмөнкүдөй чаралар көрүлөт:
1. Жарактуу фитосанитардык сертификаты жок болгон учурда, жүктүн партиясы кайра кайтарылууга же жок кылынууга тийиш.
2. Эгерде жүктүн партиясы катталбаган ишканалардан келсе, ал кайра кайтарылууга же жок кылынууга тийиш.
3. Бекитилбеген генетикалык модификацияланган ингредиенттер табылган учурда, жүктүн партиясы кайра кайтарылууга же жок кылынууга тийиш.
4. Ушул Протоколдун Тиркемесинде көрсөтүлгөн кандай гана болбосун карантиндик зыяндуу организмдер табылган учурда, жүктүн партиясы натыйжалуу иштетилгенден кийин ташып кирүүгө жол берилет. Карантиндик иштетүү мүмкүн болбогон учурда, жүктүн партиясы кайра кайтарылууга же жок кылынууга тийиш, тиешелүү чыгымдар экспорттоочу тарабынан төлөнөт.
5. Ушул Протоколдун Тиркемесинде көрсөтүлбөгөн башка карантиндик зыяндуу организмдер табылган учурда, товардын партиясы Кытай Эл Республикасынын Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү ташып кирүүдөгү жана ташып чыгуудагы карантин жөнүндө мыйзамынын тиешелүү жоболоруна жана аны колдонуу эрежелерине ылайык иштелип чыгууга тийиш.
КЭР БББ мыйзам бузуунун олуттуулугуна жараша жогоруда аталган проблемалар жөнүндө Министрликке алдын ала маалымдайт жана кырдаалды жакшыртуу боюнча натыйжалуу чаралар көрүлгөнгө чейин тиешелүү катталган ишканалардан жүгөрүнүн экспортун токтотуу, ал тургай Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына жүгөрүнүн экспортун токтотуу сыяктуу чараларды көрөт.
8-берене.
Жүгөрүнү эксперименттик экспорттоо ушул Протоколго кол коюлгандан кийин жүзөгө аткарылышы мүмкүн. Расмий соода алдында КЭР БББ карантиндик кызматтардын кызматкерлерин жеринде текшерүү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасына жиберет. Министрлик коштолгон чыгымдарды көтөрөт, ошондой эле кызматташат жана жардам берет. Тараптар текшерүүнүн жыйынтыгына жана эксперименттик импорт менен жобого жараша ушул Протоколго оңдоолорду киргизе алат. Министрлик Кыргыз Республикасында жүгөрүнүн жаңы зыянкечтери пайда болгондугу жана алар менен күрөшүү боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө жазуу жүзүндөгү отчеттор аркылуу КЭР БББ өз убагында кабарлайт.
КЭР БББ Кыргыз Республикасынан жүгөрүнүн зыянкечтеринин пайда болуу жана товардын кармалуу кырдаалына негизденип, тобокелдикти андан ары баалоону иштеп чыгат жана ушул Протоколду кайра карап чыгат.
9-берене.
Эки тарап тең Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына жүгөрүнү импорттоого карата техникалык консультацияларды жүргүзүү жолу менен инспекциялоо жана карантиндик фитосанитардык чаралар боюнча мүмкүн болуучу маселелерди чечүүгө макулдашат. Зарыл болгон учурда КЭР БББ Министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иликтөө боюнча карантиндик фитосанитардык чараларды, зыянкечтерге каршы күрөшүү ыкмаларын, инспекцияларды ж.б. өткөрүүгө Министрлик менен кызматташуу үчүн Кыргыз Республикасына инспекторлорду жиберет. Бул иш сапар менен байланышкан чыгымдарды Министрлик жабат.
10-берене.
Бул Протокол кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана үч жыл ичинде жарактуу болот. Эгерде тараптардын бири ушул Протоколдун колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин кеминде алты ай мурун аны өзгөртүү же колдонулушун токтотуу жөнүндө кабарлабаса, ушул Протоколдун колдонулушу автоматтык түрдө дагы үч жылга узартылат.
Эгерде Тараптар башкача макулдашпаса, ушул Протоколдун колдонуу мөөнөтү ичинде жүзөгө ашырылуучу иш-чаралар алар аяктаганга чейин анын жоболору менен жөнгө салынат.
Муну ырастоо үчүн Тараптардын расмий түрдө ыйгарым укук берилген өкүлдөрү 2022-жылдын _______________ ушул Протоколго эки нускада, кытай, англис, кыргыз жана орус тилдеринде кол коюшту. Бардык версиялары бирдей юридикалык күчкө ээ. Чечмелөөдө айырмачылыктар болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин өкүлү |
| Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын өкүлү |
|
| Тиркеме |
Кытай Эл Республикасы үчүн фитосанитардык тобокелдик жаратуучу карантиндик зыяндуу организмдердин ТИЗМЕСИ:
1. Буурчак дан жегичи (Acanthoscelides obtectus)
2. Капр коңузу (Trogoderma granarium)
3. Жүгөрүнүн кидик мозаика вирусу (Maize dwarfmosaic virus)
4. Тамекинин шакекче темгил неповирусу (Tobacco ringspot virus)
5. Буудайдын ала-була мозаикасы (Wheat streak mosaic virus)
6. Шыбак амброзиясы (Ambrosia artemisiifolia)
7. Сойломо кекире (Centaurea repens)
8. Алепп coprocy (Sorghum halepense)
9. Тикендүү маңкоо (Xanthium spinosum)