Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-ноябрындагы № 1025-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН

ТЕСКЕМЕ

2022-жылдын 16-сентябры № 487-т

"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-беренесинин 1-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Сатып алуучу уюмдардын/Агенттин чечимдери боюнча административдик даттанууларды жана сатып алуучу уюмдардын/Агенттин кайрылууларын кароо боюнча көз карандысыз комиссия ушул тескеменин тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-сентябрындагы № 329-б буйругу;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-ноябрындагы № 364-б буйругу;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 123-б буйругу;

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-январындагы 30-т тескемеси.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров

 

 

 

Тиркеме

Сатып алуучу уюмдардын/Агенттин чечимдери боюнча административдик даттанууларды жана сатып алуучу уюмдардын/Агенттин кайрылууларын кароо боюнча көз карандысыз комиссиянын КУРАМЫ

Джапаркулова Мария Дулатовна

-

мамлекеттик сатып алуулар боюнча көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);

Дё Айдина Мирлановна

-

адвокаттын жардамчысы (макулдашуу боюнча);

Кочконова Анара Маматкасымовна

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык сервис" мамлекеттик мекемесинин юристи;

Эсенбаева Жылдыз Алтымышевна

-

"Zhongda" China Petrol Company ("Чайна Петроль Компани "Джунда") ЖЧКнын башкы директорунун кеңешчиси (макулдашуу боюнча);

Абазганов Улугбек Эльмирбекович

-

"Барион" ЖЧКнын башкы директору (макулдашуу боюнча);

Джумабаев Дайыр Эсенгулович

-

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын "Кыргызэкспертиза" департаментинин жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);

Турдубекова Кундуз Аманакуновна

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы;

Дамир кызы Айпери

-

"ИВТ ЛАБ" ЖЧКнын тестер-аналитиги (макулдашуу боюнча);

Киртенов Абыкан Киртенович

-

"Чүй башкы суу чарба башкармалыгы" ММ Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгынын оңдоо-курулуш бөлүмүнүн адиси;

Турусбекова Айнур Абдымуталифовна

-

"Компания Манас Менеджмент" ЖАКтын укуктук жана документтик коштоо бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча);

Сулайманбекова Нуркыз Сулайманбековна

-

USAIDдин колдоосу менен DevTech Systems, Inc. (DevTech) долбоорунун мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү боюнча компонентинин координатору (макулдашуу боюнча);

Келдибекова Алтынай Бактыбековна

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы "Адилет Сот" маалыматтык технологиялар боюнча мекеменин юристи (макулдашуу боюнча);

Ыдырысова Мырзайым Ырыдысовна

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун жетектөөчү адиси.