Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 2-сентябры № 459-т
"Бир айыл - бир продукт" долбоорунун мурунку фазаларынын ийгиликтүү тажрыйбасын Кыргыз Республикасынын бардык аймагында жайылтуу жана ишке киргизүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын бардык аймагында "Бир айыл - бир продукт" (мындан ары - БАБП) долбоорун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топтун координациялоочу органы жана катчылыгы болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги аныкталсын.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ эки айлык мөөнөттө БАБП долбоорун андан ары каржылоо механизми жана Кыргыз Республикасынын бардык аймагында БАБП долбоорун масштабдоо боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топ зарылдыгына жараша мамлекеттик органдардын жана мекемелердин адистерин, көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга, мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана эксперттик коомчулуктан зарыл маалыматтарды суроого жана алууга укуктуу деп белгиленсин.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын бардык аймагында "Бир айыл - бир продукт" (БАБП) долбоорун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары, жумушчу топтун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын ТӨМ, өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү, донордук жана гранттык жардамга мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун төрагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерди даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерди даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерди даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү (макулдашуу боюнча);
Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директорунун орун басары;
Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин өкүлү (ЛСА) (макулдашуу боюнча);
"Бир айыл - бир продукт +1" (БАБП +1) ассоциациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
"Бир айыл - бир продукт" (БАБП) ассоциациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча).