Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 22-сентябры № 502-т

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы N 81-т тескемесинин редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын жол каттамдарын өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. "Суусамыр-Талас-Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6-197,5 км" долбоору боюнча Ислам өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду жана ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фонду менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана кредиттик макулдашуулардын долбоорлорун талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясы тиркемеге ылайык түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюуга Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басарына ыйгарым укук берилсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы N 81-т тескемесинин редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.У.Жапаров

 

 

 

Тиркеме

"Суусамыр-Талас-Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6-197,5 км" долбоору боюнча Ислам өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду жана ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фонду менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана кредиттик макулдашуулардын долбоорлорун талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясынын КУРАМЫ

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы N 81-т тескемесинин редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары, расмий делегациянын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары.