Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 28-февралы № 81-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 502-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттагы "биринчи" деген сөз алып салынсын;
2) жогоруда аталган тескеме менен түзүлгөн "Суусамыр-Талас-Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6-197,5 км" долбоору боюнча Ислам өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду жана ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фонду менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана кредиттик макулдашуулардын долбоорлорун талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясынын курамы ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
|
"Суусамыр-Талас-Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6-197,5 км" долбоору боюнча Ислам өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду жана ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фонду менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана кредиттик макулдашуулардын долбоорлорун талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясынын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары, расмий делегациянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары.".