Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 26-сентябры № 512-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 13-апрелиндеги № 114 "Ош шаардык клиникалык ооруканасынын ишин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Ош мамлекеттик университетинин сунушунун жана бул университет тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр аныкталсын:
1) Ош мамлекеттик университети тарабынан мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө медициналык клиниканын жаңы модернизацияланган корпусун куруу үчүн долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүчү болуп "Кыргызгипрострой" ачык акционердик коому;
2) Ош мамлекеттик университети тарабынан мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө медициналык клиниканын жаңы модернизацияланган корпусун куруу иштеринин аткаруучусу болуп "Билд Мастер групп" жоопкерчилиги чектелген коому.
2. Ош мамлекеттик университети медициналык клиниканын жаңы модернизацияланган корпусунун долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгуу жана аны куруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү бир булактан ыкмасы менен сатып алсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул тескеме кол коюлган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана эки жыл аралыгында колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |