Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 13-апрели ПЖ № 114
Ош шаардык клиникалык ооруканасынын ишин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Президентинин 2022-жылдын 9-июнундагы ПЖ № 179 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Ош шаардык клиникалык ооруканасынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана чыңдоо, инфраструктурасын модернизациялоо, ошондой эле Ош мамлскеттик университетинин клиникалык базасын кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Ош шаарынын мэриясы Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү, 157 дарегинде жайгашкан, аянты 2,08 га жер участогу менен Ош шаардык клиникалык ооруканасынын имараттарын клиникалык база катары пайдалануу үчүн Ош мамлекеттик университетинин карамагына белгиленген тартипте өткөрүп берүүнү жүргүзсүн.
(КР Президентинин 2022-жылдын 9-июнундагы ПЖ № 179 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета жана Ош шаарынын мэриясы:
- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.
3. Ош мамлекеттик университети:
- ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн өткөрүлүп берилүүчү объекттерди кабыл алсын жана сакталышын камсыз кылсын;
- откөрүлүп берилүүчү объекттерди мындап ары күгүүнү камсыз кылсын жана алардын материалдык-техникалык базасын толук жаңылоону (оздүк жана демоорчүлүк каражаттардын эсебинен) жүргүзсүн;
- өткөрүлүп берилүүчү объекттерди андан ары ажыратпастан, максаттуу багыты боюмча гана пайдалансын.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндон тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |