Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 3-октябры № 525-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы № 313 "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 9 жана 18-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фонду:
- Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө тартылган автотранспорт каражаттары үчүн мамлекеттик материалдык резервден дизель отунунун зарыл болгон көлөмүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы аныктаган баа боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өтүнмөлөрүнүн негизинде берсин;
- мамлекеттик материалдык резервге коюу үчүн номенклатуралык материалдык баалуулуктарды сатып алуу максатында дизель отунун сатуудан түшкөн акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фондунун атайын эсебине которсун.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы белгиленген тартипте ушул тескеменин 1-пунктунда аталган дизель отунуна минималдуу рыноктук бааны аныктасын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |