Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 27-сентябры № 516-т
Корея Республикасынын Сеул шаарында 2022-жылдын 4-7-октябрында боло турган экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-корея комиссиясынын кезектеги 5-жыйынынын ишине катышуу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын делегациясы Корея Республикасынын Сеул шаарына 2022-жылдын 4-7-октябрында жиберилсин.
3. Иш сапардык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык иш сапарга жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Корея Республикасынын Сеул шаарында 2022-жылдын 4-7-октябрында боло турган экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-корея комиссиясынын 5-жыйынынын ишине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ
Амангельдиев Данияр Джолдошевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, комиссиянын төрагасы, делегациянын башчысы; |
Исмаилова Аида Жекшенбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси; |
Темиркулов Азамат Азатбекович |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн башчысы; |
Сыдыков Бакыт Толомушевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын ТӨМ, өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү, донордук жана гранттык жардамга мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы; |
Расул Абазбек уулу | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Касейинов Кубат Усенкулович | - | Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары; |
Шаршенова Индира Жанусаковна | - | Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары; |
Джантаев Эльчибек Нуржадыевич | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Темиралиев Умбриэль Темиралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору; |
Турдуева Азиза Суюмбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти; |
Дубанаев Адилет Садырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Джакынбеков Урматбек Каныбекович | - | "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомунун инвестициялар жана өнүктүрүү башкармалыгынын менеджери (макулдашуу боюнча); |
Бексултанов Эрмек Токтосунович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин тышкы жардам башкармалыгынын гранттык жана техникалык жардамды координациялоо бөлүмүнүн башчысы; |
Кудайбердиева Айзада Бердибековна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин тышкы байланыштар башкармалыгынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын жооптуу катчысы; |
Жакыпов Асуан Маматэминович | - | "Кыргызстандын жаңы айыл кыймылы" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча). |