Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 28-сентябры № 523-т
Бириккен Улуттар Уюмунун Женева шаарындагы (Швейцария) бөлүмүндө 2014-2018-жылдар мезгилинде Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын ченемдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын үчүнчү мезгилдүү баяндамасын берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Женева шаарында (Швейцария) 2014-2018-жылдар мезгилинде Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын ченемдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын үчүнчү мезгилдүү баяндамасын (мындан ары - Үчүнчү мезгилдүү баяндама) берүү үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын мүчөлөрү 2022-жылдын 9-октябрынан 13-октябрына чейин Женева шаарына (Швейцария) иш сапарга жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын мүчөлөрү Үчүнчү мезгилдүү баяндаманы берүү үчүн тиешелүү маалыматтык- маалымдоо материалдарын даярдасын.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын Женева шаарына (Швейцария) баруусуна жана ал жакта болуусуна байланышкан уюштуруучулук жана башка маселелерди чечсин.
5. Кыргыз Республикасынын делегациясынын Үчүнчү мезгилдүү баяндаманы берүүгө катышуусуна байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык иш сапарга жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У..Жапаров |
|
| Тиркеме |
Женева шаарында (Швейцария) 2014-2018-жылдар мезгилинде Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын ченемдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын үчүнчү мезгилдүү баяндамасын берүү үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын КУРАМЫ
Байсалов Эдил Жолдубаевич | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңештин төрагасы, делегациянын жетекчиси; |
Бекешов Тыныбек Рахманбердиевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы (макулдашуу боюнча); |
Орозов Бактияр Сайпидинович | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Аширходжаев Эркебек Джумабекович | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; |
Полотова Жылдыз Арстанбековна | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары; |
Султанов Омар Абдыразакович | - | Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы жана эл аралык башка уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү; |
Камолидинов Сирожиддин Дилаворжанович | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын маалымат жана коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн начальниги; |
Абсеитов Данияр Джандарбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкармалыгынын начальниги; |
Эсенбеков Рыскелди Мамбеталиевич | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин пенитенциардык, пробациялык, соттук-эксперттик иш жана Адам укугу боюнча координациялык кеңеш чөйрөсүндөгү саясат башкармалыгынын башкы адиси; |
Алтымышева Алмаш Дюшенкуловна | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар департаментинин адам укуктары боюнча секторунун кеңешчиси; |
Эсенгельдиева Сайкал Манасбековна | - | Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы жана эл аралык башка уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлүнүн 1-катчысы. |