Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 3-октябры № 526-т
Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-статьясына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясы Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Ново-Павловка айыл аймагында: № 84 (14,2 га), 159 (60,39 га), 149 (63,16 га), 218 (34,53 га), 168 (91,3 га), 223 (35,73 га), 113 (60,22 га), 151 (19,4 га), 246 (49,6 га), 111 (60,5 га), 48 (21,35 га), 4 (61,78 га), 69 (17,93 га), 53 (15,33 га), 142 (39,5 га), 145 (53,49 га), 24 (57,88 га), 520 (16,77 га), 93 (35,27 га), 65 (38,02 га), 62 (25,94 га), 8 (18,82 га), 41 (20,77 га), 519 (75,16 га), 44 (1,6 га), 11 (19,22 га), 27 (46,26 га), 36 (1,63 га), 60 (7,22 га), 86 (3,05 га), 90 (1,4 га), 101 (1,1 га), 102 (41,4 га), 105 (0,8 га), 165 (1 га), 191 (11,54 га), 193 (7,4 га), 204 (19,71 га), 216 (33,63 га), 110 (6 га), 225 (45,82 га), 109 (0,6 га), 136 (0,85 га), 141 (2 га), 152 (40,03 га), 210 (67,35 га), 220 (4,9 га), 477 (64,88 га), 498 (81,66 га) контурларында жайгашкан "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясына таандык 1498,09 га жерлерди мамлекеттик менчикке кабыл алсын.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына туура келген жер участокторун белгиленген тартипте кароону;
- ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн жерлерден тышкары жерлерди Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин "Сокулук" Мамлекеттик асыл тукум заводу" мамлекеттик мекемесине берүүнү;
- жерлерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул тескеменин 2-пунктунун үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлери Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |