Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 26-сентябры, № 636
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматынын ишин изилдөө максатында. «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматынын ишин изилдөө боюнча жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ эки кундук мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматынын ишине комплекстүү талдоо жургузсун жана бул маселе боюнча конкреттүү сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу топ өзүнүн ишине министрликтердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын тиешелүү адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды (макулдашуу боюнча) белгиленген тартипте тартууга укуктуу деп белгиленсин.
4. Бул тескеменин аткарылыш контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматынын ишин изилдөө боюнча жумушчу топтун
курамы
Сулайманкулов Нурлан Арзыматович
| - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги, жумушчу топтун жетекчиси;
|
Укушов Мурат Каниметович
| - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги;
|
Осмонов Азамат Кыргызбаевич
| - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо бөлүмүнүн башчысы;
|
Шаршеев Азамат Нуралиевич
| - Кыргыз Республикасынын Администрациясынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти;
|
Эргешов Азамат Казыбекович
| - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо бөлүмүнүн инспектору;
|
Зулпуев Эмир Абдиманнапович
| - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти;
|
Закиров Жоомарт Капаралиевич
| - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти.
|