Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 4-октябры № 531-т
Кыргыз Республикасынын жети миллионунчу жашоочусунун алдыда төрөлө тургандыгына байланыштуу иш-чаралардын комплексин иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын жети миллионунчу жашоочусунун төрөлүшүнө байланыштуу иш-чараларды өткөрүү боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын жети миллионунчу жашоочусунун туулган датасын аныктоо үчүн критерийлерди иштеп чыксын жана бекитсин жана алдыда юбилярдын төрөлүшүнө байланыштуу тиешелүү иштерди жүргүзсүн.
3. Ведомстволор аралык комиссия зарыл учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрүн ишке тартууга укуктуу деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын жети миллионунчу жашоочусунун төрөлүшүнө арналган салтанаттуу иш-чараны өткөрүүнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына жети миллионунчу жашоочунун төрөлүшүнө арналган салтанаттуу иш-чараны өткөрүүгө, белек сатып алууга чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын жана башка булактардын эсебинен кароо сунушталсын.
6. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине жүктөлсүн.
7. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын жети миллионунчу жашоочусунун төрөлүшүнө байланыштуу иш-чараларды өткөрүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык саясат маселелерин координациялоочу орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри.