Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 22-сентябры № 501-т
Кыргыз Республикасынын жана Мальдив Республикасынын жарандарынын, дипломатиялык, кызматтык жана жалпы жарандык паспортторунун ээлеринин өз ара барууларынын географиясын кеңейтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Мальдив Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жактырылсын.
2. Нью-Иорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлүнө жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Мальдив Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Мальдив Республикасынын Өкмөтү, мындан ары өз алдынча "Тарап", ал эми биргеликте - "Тараптар" деп аталып,
эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө умтулуп,
эки өлкөнүн аймактарына жарандардын барууларын жеңилдетүүгө ниеттенип,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
1. Бир Тараптын мамлекетинин жарандары ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган Тиркемеде көрсөтүлгөн жарактуу өтүү документтеринин негизинде, ар бир болуу мезгилинин узактыгы алар кирген учурдан тартып 30 (отуз) күндөн ашпаган шартта экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына кирүү, андан чыгуу, транзит менен өтүү жана убактылуу болуу үчүн визалык талаптардан бошотулат.
2. Ушул Макулдашуунун Тиркемесинде көрсөтүлгөн жарактуу өтүү документтери бар, экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында ушул берененин 1-пунктунда каралган максималдуу мөөнөттөн узагыраак жүрүүгө, же болбосо экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында иштөөгө же билим берүү мекемесинде окууга, же бизнес жүргүзүүгө ниеттенген бир Тараптын мамлекетинин жарандары экинчи Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык тийиштүү визаны алууга милдеттүү.
2-берене.
Бир Тараптын мамлекетинин жарандары экинчи Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык эл аралык каттамдар үчүн ачык болгон өткөрүү пункттары аркылуу экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына кирет жана андан чыгат.
3-берене.
Бул Макулдашуу бир Тараптын мамлекетинин компетенттүү органдарынын алардын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык улуттук коопсуздук, коомдук тартип же калктын саламаттыгын сактоо кызыкчылыктары боюнча экинчи Тараптын мамлекетинин жарандарынын кирүүсүнө жана болуусуна уруксат берүүдөн баш тартууга болгон укуктарын чектебейт.
4-берене.
Бир Тараптын мамлекетинин жарандары экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында убактылуу болгон мезгилде жарактуу өтүү документтерин жоготуп же бузуп алган учурда, ал мамлекеттин аймагынан өздөрү жараны болуп саналган мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери тарабынан берилген жаңы жарактуу өтүү документтеринин негизинде визалык талаптарды аткаруу менен чыгышат.
5-берене.
Бир Тараптын мамлекетинин жарандары экинчи Тараптын мамлекетинин аймагынан алар кирген датадан тартып 30 (отуз) күндүн ичинде же форс-мажордук жагдайлардын себептеринен визасынын же болуу уруксатынын колдонуу мөөнөтүнүн ичинде чыга албай калса, экинчи Тараптын мамлекетинин компетенттүү органына документалдуу ырастоо көрсөтүлгөндө, визасы же болуу уруксаты өздөрү жараны болуп саналган өлкөгө же өздөрү туруктуу жашап турган өлкөгө кайтып баруу үчүн зарыл болгон мөөнөткө экинчи Тараптын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык узартылууга тийиш.
6-берене.
1. Тараптар ушул Макулдашуунун Тиркемесинде көрсөтүлгөн өздөрүнүн жарактуу өтүү документтеринин үлгүлөрү менен дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Макулдашууга кол коюлган датадан тартып 30 (отуз) күндөн кечиктирбестен алмашышат.
2. Ушул Макулдашуунун Тиркемесинде көрсөтүлгөн жаңы өтүү документтери киргизилген же колдонуудагы өзгөртүлгөн учурда, Тараптар тез арада бири-бирине маалымдайт жана дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине бул өтүү документтеринин үлгүлөрүн, ошондой эле аларды колдонууга тийиштүү маалыматты алар расмий киргизилгенге чейин 30 (отуз) күндөн кечиктирбестен жиберишет.
7-берене.
1. Өзүнүн улуттук коопсуздугун, коомдук тартипти же калктын саламаттыгын коргоо максатында, Тараптардын ар бири ушул Макулдашуунун колдонулушун убактылуу, толук же жарым-жартылай токтотуп турууга укуктуу. Ушул Макулдашууну убактылуу токтотуп туруу жөнүндө кабарлама экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу токтотуп туруу ишке ашырылганга чейин 48 (кырк сегиз) сааттан кечиктирилбестен жиберилет.
2. Ушул Макулдашуунун колдонулушун ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча токтотуп турууну чечкен Тарап ушул Макулдашуунун колдонулушу кайра калыбына келтирилгенден кийин экинчи Тарапка окшош түрдө тез арада кабарлайт.
3. Ушул берененин 1-пунктуна ылайык убактылуу токтотуп туруу ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуп турууну жүзөгө ашырган Тараптын мамлекетинин аймагында жүргөн экинчи Тараптын мамлекетинин жарандарынын укуктарын козгобойт.
8-берене.
Ушул Макулдашууну чечмелөө же колдонуу боюнча Тараптардын ортосундагы ар кандай пикир келишпестиктер Тараптардын ортосунда консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
9-берене.
1. Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана Тараптар ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон бардык талаптар алардын улуттук мыйзамдарына ылайык аткарылгандыгы жөнүндө бири-бирине дипломатиялык каналдар аркылуу билдирген жазуу жүзүндөгү акыркы кабарламаны алган күндөн тартып отуз (30) күндөн кийин күчүнө кирет.
2. Ушул Макулдашуу Тараптардын өз ара макулдугу менен өзгөртүлүшү мүмкүн. Тараптар менен макулдашылган бардык түзөтүүлөр жазуу түрүндө таризделүүгө тийиш жана ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү катары каралат. Бардык түзөтүүлөр ушул түзөтүүлөрдө каралган тартипте күчүнө кирет.
3. Тараптардын ар бири ушул Макулдашуунун колдонулушун каалаган убакта экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу түрүндөгү кабарлама жөнөтүү аркылуу токтото алат. Бул учурда Макулдашуунун колдонулушу экинчи Тарап жокко чыгаруу жөнүндө кабарламаны алган күндөн тартып токсон (90) күн өткөндөн кийин токтотулат.
202__-жылдын "___" __________________________ шаарында эки түп нускада, ар бири кыргыз, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда, англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Мальдив Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
| Тиркеме |
А. Кыргыз Республикасынын жарандарына берилүүчү өтүү документтеринин тизмеси:
1. Дипломаттык паспорт
2. Кызматтык паспорт
3. Жалпы жарандык паспорт
4. Кыргыз Республикасына кайтып келүү күбөлүгү
Б. Мальдив Республикасынын жарандарына берилүүчү өтүү документтери:
1. Дипломаттык паспорт
2. Расмий паспорт
3. Жалпы жарандык паспорт
4. Убактылуу өтүү документи