Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 14-октябры, № 674
2022-жылга республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу жана мамлекеттик финансыны башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. 2022-жылга республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу жана мамлекеттик финансыны башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштен чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары -ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
1) бир жумалык мөөнөттө 2022-жылга республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу боюнча иш-чаралар планынын долбоорун даярдасын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизсин;
2) эки айлык мөөнөттө Мамлекеттик финансыны башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаралар планынын долбоорун даярдасын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук камсыздоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилери ведомстволор аралык жумушчу топттун суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматты ыкчам тартипте берсин жана анын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
Тиркеме
2022-жылга республикалык бюджеттин чыгаша белугун оптималдаштыруу жана мамлекеттик финансыны башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун
курамы
Шаршеев Азамат Нуралиевич
| - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Дуйшеева Жибек Курманбековна
| - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
|
Иманалиев Кубанычбек Бактыбекович
| - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
|
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Айдарбек уулу Талас
| - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бюджеттик саясат башкармалыгынын начальниги;
|
Дуйшеев Мирбек Иманкадырович
| - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин экономиканын тармактарынын чыгымдарын пландоо башкармалыгынын начальниги;
|
Стамалиев Талантбек Асаналиевич
| - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик аппараттын чыгымдарын пландоо башкармалыгынын начальниги; |
Баймурзаев Мухтарбек Арапбаевич
| - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чөйрөнүн чыгымдарын пландоо башкармалыгынын начальниги; |
Кочкоров Алмазбек Тойчубаевич
| - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекетгик кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын начальниги; |
Аманбаев Умутжан Моминович
| - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик карыз башкармалыгынын начальниги; |
Абдылдаев Азамат Манапович
| - Кыргыз Республикасынын Эсептее палатасынын аудит жүргүзүү боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Кудайбердиев Алтынбек Мусажанович
| - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин капиталдык салымдарды пландоо бөлүмүнүн башчысы; |
Искандаров Давлатбек Нармаматович
| - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бюджеттер аралык мамилелер башкармалыгынын бюджеттер аралык мамилелер саясаты бөлүмүнүн башчысы.
|