Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 18-октябры № 559-т
1. Бишкек шаарында 2013-жылдын 2-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Жеңил жана ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запасы боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы протоколдун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын коргоо министрине жогоруда аталган Протоколдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Долбоор |
Бишкек шаарында 2013-жылдын 2-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Жеңил жана ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запасы боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы ПРОТОКОЛ
Мындан ары биргелешип "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен ЕККУ Катчылыгы жана Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсеси тарабынан көрсөтүлгөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм (мындан ары - ЕККУ),
2021-жылдын 14-апрелинде кол коюлган Протоколдун редакциясындагы Бишкек шаарында 2013-жылдын 2-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Жеңил жана ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запасы боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумдун (мындан ары - Меморандум) 4 жана 15-беренелеринин жоболорун жетекчиликке алып,
сактоо мөөнөтү өтүп кеткен ракеталык суюк отундун компоненттерин керекке жаратуу, жеңил ок атуучу куралдын, кадимки ок-дарылардын жана жарылуучу заттардын запастарынын физикалык коопсуздук боюнча потенциалын жогорулатуу, ошондой эле аларды Мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамсыз алып өтүү жана Кыргыз Республикасынын аймагында таратуу тобокелдиктерин азайтуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Меморандумга төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1-берененин биринчи абзацындагы "беш артыкчылыктуу багыт" деген сөздөр "жети артыкчылыктуу багыт" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-берененин 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 2.5-пунктча менен толукталсын:
"2.5. Жарылбай калган ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү табуу, зыянсыздандыруу жана жок кылуу.";
- 1-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-пункттар менен толукталсын:
"6) ЖОК, КОЗ жана жарылуучу заттарды Мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамсыз алып өтүү жана Кыргыз Республикасынын аймагында таратуу тобокелдиктерин азайтуу боюнча чараларды өркүндөтүү;
7) ЖОК, КОЗ жана жарылуучу заттардын физикалык коопсуздугун камсыздоо боюнча потенциалды жогорулатуу.";
- 4-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-берене. Мөөнөттөр жана финансылык талаптар
Программаны ишке ашыруу иш-чаралар үчүн жетиштүү финансылык каражаттар болгон шартта жүзөгө ашырылат. Эгерде Программанын бардык иш-чараларын жүзөгө ашыруу үчүн финансылык каражаттар жетишсиз болсо, Программанын иш-чараларын же анын айрым бөлүктөрүн ишке ашыруу тиешелүү түрдө жетиштүү финансылык каражаттар менен камсыз кылынганга чейин автоматтык түрдө токтотулат. Ар бир өзүнчө долбоордун аяктоо мөөнөтү ошол долбоорго тиешелүү Макулдашууларда көрсөтүлөт. Долбоорду ишке ашыруу аяктагандан кийин мөөнөттөрдү узартуу зарылдыгы болгон учурда, мындай узартуу эки Тарап тең талаптагыдай түрдө аткара турган Макулдашууга жазуу жүзүндө оңдоо киргизүү аркылуу гана берилиши мүмкүн.";
- 15-берененин 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Меморандум 2027-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат жана эгерде Тараптардын бири башка Тарапка дипломатиялык каналдар боюнча аны колдонууну токтотуу ниети тууралуу 6 айдан кем эмес убакытта жазуу жүзүндө кабарлама жибербесе, автоматтык түрдө 5 (беш) жылдык мөөнөткө узартылат. Мындай токтотуу, эгерде башкача макулдашылбаса, Программанын алкагында ишке ашырылуучу айрым долбоорлор боюнча кандай гана болбосун Макулдашууларды алар аяктаганга чейин жокко чыгарууга таасирин тийгизбеши керек.".
2-берене.
Ушул Протокол убактылуу колдонулат жана Меморандумдун 15-беренесинин 1-пунктунда каралган тартипте күчүнө кирет.
Ушул Протоколго 2022-жылдын "____" ______________ _______________ шаарында кыргыз, орус жана англис тилдеринде кол коюлган жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму үчүн |