Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 18-октябры № 560-т
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:
1. 2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында аудитордук ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 560-т тескемеси менен жактырылган |
2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында аудитордук ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында аудитордук ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу, ушул Макулдашууну ратификациялоо үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында даярдалган.
Макулдашуу Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - Бирлик) аудитордук кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү рыногун түзүүгө багытталган, кайсы болбосун мүчө мамлекеттин жактарына аудитордук кызматтарды чектөөсүз көрсөтүүгө жана алууга укук берүүнү, аудиторлордун квалификациялык аттестаттарын, ошондой эле бир мамлекеттин аудитордук уюму тарабынан экинчи мүчө мамлекеттин аймагында берилүүчү аудитордук корутундуларды (отчетторду) таанууну карайт.
Макулдашууну ратификациялоо Кыргыз Республикасынын аудитордук уюмдарынын жана аудиторлорунун Бирликтин башка мүчө мамлекеттеринде аудитордук ишти жүргүзүүгө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Кызмат көрсөтүүлөр менен соода жүргүзүү, инвестицияларды уюштуруу, ишин жүргүзүү жана ишке ашыруу жөнүндө протоколдун 42-пунктуна ылайык (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге № 16 тиркеме) жана Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматын эске алуу менен Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2016-жылдын 26-декабрындагы № 22 чечими менен Аудит жаатында бирдиктүү кызмат көрсөтүүлөр рыногун түзүү боюнча либералдаштыруу планы бекитилген.
Жогоруда көрсөтүлгөн Либералдаштыруу планынын 1-пунктун ишке ашыруу максатында Евразия экономикалык бирлигинин алкагында аудитордук ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө макулдашуунун долбоору иштелип чыккан.
Буга чейин Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2019-жылдын 29-январындагы № 22 тескемесине ылайык аталган Макулдашуу долбоор түрүндө Бирликте мүчө мамлекеттерде ички мамлекеттик макулдашуудан өткөн.
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 6 тескемеси менен Макулдашуунун долбоору жактырылып жана ага кол коюу максатында зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду жүргүзүү үчүн Бирликтин мүчө мамлекеттерине жиберилген.
Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети (2021-жылдын 18-октябрындагы чечими), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети (2021-жылдын 19-октябрындагы чечими) менен белгиленген тартипте макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-ноябрындагы № 292-т тескемеси менен жактырылган.
Макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Аталган Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир терс, экономикалык, социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык, ошондой эле кандайдыр бир финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.