Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 27-октябры № 582-т
Кыргыз Республикасынын аймагында C0VID-19 боюнча эпидемиологиялык кырдаалдын турукташуусуна жана коронавирус инфекциясы менен ооруну каттоонун төмөндөшүнүн улануусуна байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында 2022-жылдын 1-ноябрынан тартып өзгөчө кырдаал режими алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 93-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |