Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 9-ноябры № 612-т
2012-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Түрк тилдүү Мамлекеттердин Кызматташтык Кеңешинин Катчылыгынын каржылык эрежелери боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун мамлекеттик тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
| Тиркеме |
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин катчылыгынын каржылык эрежелери боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
ПРОТОКОЛ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Түркия Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөттөрү,
Мындан ары "Макулдашуу" деп аталуучу 2012-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында түзүлгөн Түрк тилдүү Мамлекеттердин Кызматташтык Кеңешинин Катчылыгынын каржылык эрежелери боюнча макулдашуунун 10-беренесинин 4-пунктуна таянып,
2021-жылдын 12-ноябрындагы Мамлекет башчыларынын кеңешинин "Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши" аталышын "Түрк мамлекеттеринин уюму" деп өзгөртүү тууралуу чечимин эске алуу менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Макулдашуунун аталышы төмөнкүдөй баяндалсын:
"Түрк мамлекеттеринин уюмунун Катчылыгынын финансылык эрежелери жөнүндө макулдашуу".
2-берене.
"Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши" жана "Түрк кеңеши" деген сөздөр Макулдашуунун бүткүл текстинде "Түрк мамлекеттеринин уюму" деген сөздөр жана "ТМУ" деген аббревиатура менен тиешелүү түрдө алмаштырылсын.
3-берене.
1. Ушул Протокол Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
2. Ушул Протокол анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон ички жол-жоболорду Тараптар аяктагандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө акыркы кабарлоону дипломатиялык каналдар аркылуу депозитарий алгандан кийин отузунчу күнү күчүнө кирет.
3. Түркия Республикасы ушул Протоколдун депозитарийи болуп саналат.
2022-жылдын 11-ноябрында Ташкент шаарында азербайжан, казак, кыргыз, түрк, өзбек жана англис тилдеринде бирден түп нускада түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Протоколдун тексттеринин ортосунда пикир келишпестиктер болгон учурда Тараптар англис тилиндеги текстине таянат.
Азербайжан Республикасынын Өкмөтү үчүн
Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн
Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн
Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн