Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 2-ноябры № 594-т
Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-1-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Мамлекеттик 100 пайыз катышуу үлүшү бар Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасына Баткен облусунун Кадамжай жана Баткен райондорунда жайгашкан Түндүк Сох кенинин аянтын иштетүү максатында тиркемеге ылайык тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери менен жер казынасын пайдалануу укугу берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте:
- ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер казынасынын объектине лицензия берсин;
- ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
|
Тиркеме |
Баткен облусунун Кадамжай жана Баткен райондорунда жайгашкан Түндүк Сох кенинин участогунун тик бурчтуу координат системасындагы бурчтук чекиттер
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары | |||||
№ | X | Ү | № | X | Ү |
1 | 4459150 | 12671800 | 6 | 4463200 | 12679500 |
2 | 4458700 | 12673300 | 7 | 4463000 | 12678000 |
3 | 4459750 | 12675400 | 8 | 4462550 | 12674500 |
4 | 4460450 | 12677300 | 9 | 4460800 | 12670500 |
5 | 4462000 | 12680000 | 10 | 4456900 | 12670500 |