Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 5-ноябры ПТ № 215
1. Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы Кылмыш-жаза иштери боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |
|
Долбоор |
Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы Кылмыш-жаза иштери боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасы жана Сауд Аравия Королдугу (мындан ары "Тараптар" деп аталат),
эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерге жана алардын кызматташуу жана өз ара укуктук жардам аркылуу тергөөнүн, кылмыш куугунтуктоонун жана кылмыштуулуктун бардык формаларына каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу ниетине негизденип, алардын улуттук мыйзамдарына ылайык,
Тараптардын эгемендүүлүк жана ички иштерине кийлигишпөө принциптерине өзүнүн умтулуусун ырастоо менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Макулдашууга ылайык ар бир Тарап экинчи Тарапка кылмыш-жаза иштери боюнча мүмкүн болушунча жогорку деңгээлде укуктук жардам көрсөтөт.
2. Бул Макулдашуунун максаттары үчүн, өз ара укуктук жардам кылмыш-жаза иштери боюнча тергөө, кылмыш куугунтуктоо же соттук жол-жоболор боюнча бир Тараптын экинчи Тарапка көрсөткөн каалагандай жардамын билдирет (мындан ары текст боюнча "укуктук жардам").
3. Укуктук жардам төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
a) адамдарды жана буюмдарды издөө жана идентификациялоо;
b) кылмыш-жаза өндүрүшү менен байланышкан документтерди, анын ичинде чакыруу кагаздарын тапшыруу;
c) маалыматтарды, документтерди жана буюмдарды берүү;
d) далилдерди берүү же убактылуу өткөрүп берүү;
е) далилдерди, билдирүүлөрдү жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн алуу;
f) камакка алынган адамдардын көрсөтмө берүүсүнө же тергөөгө көмөк көрсөтүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү;
g) күбөлөрдүн көрсөтмө берүүсүнө же айрым адамдардын тергөө жүргүзүүгө жардам көрсөтүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү;
h) кылмыш жолу менен алынган кирешелерди аныктоо, алып коюу же конфискациялоо боюнча чараларды көрүү;
i) Суратылуучу Тараптын мыйзамдарына каршы келбеген каалагандай башка формадагы жардам.
4. Укуктук жардам жөнүндө суроо-талап тинтүүгө, активдерди алып коюуга, камакка алууга жана тигил же бул адамдын негизги укуктарын козгогон башка иш-чараларга тиешелүү болгон учурлардан тышкары, укуктук жардам Сураган Тараптын тергөө, кылмыш куугунтуктоо же соттук териштирүү предмети болуп саналган жосун Суратылуучу Тараптын улуттук мыйзамдарына ылайык кылмыш деп таанылганына карабастан берилет.
5. Ушул Макулдашуу ошондой эле ал күчүнө киргенге чейин жасалган кылмыштарга тиешелүү болгон укуктук жардам жөнүндө суроо-талаптарга карата колдонулат.
2-берене. Борбордук органдар
1. Ушул Макулдашуунун жоболорунун алкагында эки Тарапта укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талаптарды жана кат-кабарларды алууга жана иштеп чыгууга жооптуу Тараптардын борбордук органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
a) Кыргыз Республикасы үчүн: Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы;
b) Сауд Аравия Королдугу үчүн: Ички иштер министрлиги (Өз ара укуктук жардам жөнүндө суроо-талаптар боюнча туруктуу комитет).
2. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн Тараптар аныктаган борбордук органдар түздөн-түз же дипломатиялык каналдар боюнча өз ара аракеттенет.
3. Тараптардын ар бири өзүнүн борбордук органынын аталышындагы же компетенциясындагы ар кандай өзгөрүүлөр жөнүндө экинчи Тарапка кабарлайт.
3-берене. Укуктук жардам берүүдөн баш тартуу же кийинкиге калтыруу
1. Суратылуучу Тарап төмөнкү учурларда суралган укуктук жардамды берүүдөн толугу менен же жарым-жартылай баш тартышы мүмкүн:
а) суроо-талапты аткаруу Суратылуучу Тараптын эгемендигине, коопсуздугуна, коомдук тартибине же башка олуттуу кызыкчылыктарына зыян келтириши же анын улуттук мыйзамдарынын негиз салуучу принциптерине карама-каршылыктардын келип чыгышына себеп болушу мүмкүн болгон;
b) суроо-талапты аткаруу анын колдонуудагы мыйзамдарына же ушул Макулдашуунун жоболоруна каршы келген.
2. Суратылуучу Тарап суроо-талаптын аткарылышы анын аймагында жүрүп жаткан тергөөгө же соттук териштирүүгө тоскоолдук кылат деп эсептесе, анын аткарылышын кийинкиге калтыра алат.
3. Суроо-талапты аткаруудан баш тартуу же кийинкиге калтыруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин, Суратылуучу Тарап ал зарыл деп эсептеген шарттарда укуктук жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карашы мүмкүн жана эгерде Сураган Тарап мындай шарттарга макул болсо, анда суроо-талап көрсөтүлгөн шарттарга ылайык аткарылышы керек.
4. Укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талапка банктык маалыматтын купуялуулугуна байланыштуу баш тартылышы мүмкүн эмес.
5. Суратылуучу Тарап укуктук жардам көрсөтүүдөн баш тартса же кийинкиге калтырса, ал мындай баш тартуунун же кийинкиге калтыруунун себептери жөнүндө жазуу жүзүндө Сураган Тарапка токтоосуз кабарлайт.
4-берене. Укуктук жардам жөнүндө суроо-талаптар
1. Укуктук жардам жөнүндө суроо-талап жазуу жүзүндө берилет.
2. Укуктук жардам жөнүндө суроо-талап төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
a) тергөөнү же соттук териштирүүнү жүргүзгөн тиешелүү органдын аталышы;
b) суроо-талаптын предмети жана иштин негизги фактылары жөнүндө толук маалымат;
c) суроо-талаптын максаты;
d) суратылып жаткан укуктук жардамдын баяндалышы;
е) суроо-талаптын объекти болгон адамдын инсандыгы, ошондой эле анын жарандыгы, дареги же жашаган жери;
f) Сураган Тарап суроо-талаптын аткарылышына көмөк көрсөтүү үчүн зарыл деп эсептеген каалагандай башка маалыматтар.
3. Эгерде Суратылуучу Тарапка суроо-талапты аткаруу үчүн кошумча маалымат талап кылынса, бул тууралуу Сураган Тарапка кабарлай алат.
5-берене. Аныктыгын белгилөө
Ушул Макулдашууга ылайык берилген, кол коюлган же жөнөтүүчү Тараптын компетенттүү органынын мөөрү менен бекитилген документтер, кошумча ырастоону талап кылбайт, эгерде Тараптар конкреттүү учурларда башкача макулдашпаса.
6-берене. Тил
Ушул Макулдашууга ылайык жөнөтүлүүчү укуктук жардам жөнүндө суроо-талаптар жана тастыктоочу документтер, Сураган Тараптын тилинде таризделип, Суратылуучу Тараптын расмий тилине же англис тилиндеги котормосу менен коштолууга тийиш.
7-берене. Суроо-талаптарды аткаруу
1. Укуктук жардам жөнүндө суроо-талаптар ушул Макулдашуунун жоболоруна жана Суратылуучу Тараптын улуттук мыйзамдарына ылайык ыкчам аткарылууга тийиш. Суратылуучу Тарап, эгерде бул анын мыйзамдарына каршы келбесе, укуктук жардам жөнүндө суроо-талапта көрсөтүлгөн ыкма менен жана анда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык суроо-талапты аткара алат.
2. Суратылуучу Тарап суроо-талаптын аткарылышын олуттуу кечеңдетүүгө алып келе турган жагдайлар жөнүндө Сураган Тарапка билдирүүгө тийиш.
3. Суратылуучу Тарап Сураган Тарапка анын өтүнүчү боюнча суроо-талапты аткаруунун убактысы жана орду жөнүндө кабарлайт.
8-берене. Чыгымдар
1. Сураган Тарап башка чыгымдарды көтөргөн шартта, анын ичинде төмөнкүлөрдү кошкондо, Суратылуучу Тарап өз аймагында укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талапты аткаруу боюнча кадимки чыгымдарды көтөрөт:
a) Суратылуучу Тараптан же Суратылуучу Тарапка кайсы болбосун адамды жеткирүү менен байланышкан чыгымдар, эгерде мындай чыгымдар Сураган Тараптын талабы боюнча жасалган болсо, ошондой эле ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Сураган Тараптын аймагында болгон мезгилде көрсөтүлгөн адамга төлөнүүгө тийиш болгон башка чыгымдар, жөлөкпулдар же бөлөк чыгымдар;
b) Тараптын Суратылуучу же Сураган Тараптын аймагында тартылгандыгына карабастан эксперттердин гонорарлары жана чыгымдары.
2. Эгерде укуктук жардам жөнүндө суроо-талапты аткаруу күтүүсүз чыгымдарды талап кылса, Тараптар мындай чыгымдарды сүйлөшүү жолу менен төлөөнү макулдаша алышат.
9-берене. Купуялуулук жана маалыматты колдонууга чектөөлөр
1. Суратылуучу Тарап Сураган Тарап менен консультациядан кийин Сураган Тараптан ушул Макулдашууга ылайык берилген маалыматтын же далилдердин, ошондой эле мындай маалыматтардын же далилдердин булактарынын купуялуулугун сактоону талап кыла алат. Суратылуучу Тарап ошондой эле мындай маалыматтарды же далилдерди ачыкка чыгарууну же колдонууну аталган Тарап аныктаган айрым жагдайлар жана шарттар менен чектөөнү талап кылышы мүмкүн.
2. Суратылуучу Тарап Сураган Тарап белгилеген чектерде укуктук жардам жөнүндө суроо-талаптын, анын ичинде анын мазмунун жана ырастоочу документтерин, ошондой эле суроо-талаптарды аткаруу үчүн зарыл болгон учурларды кошпогондо, көрүлгөн бардык чаралардын купуялуулугун камсыз кылат.
3. Сураган Тарап ага берилген маалыматты же далилдерди укуктук жардам жөнүндө суроо-талапта көрсөтүлгөн максаттардан башка максаттарда колдонбойт. Сураган Тарап мындай маалыматты же далилдерди берүүчү Тараптын алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү тарапка ачыкка чыгарбашы жана бербеши керек.
10-берене. Документтерди тапшыруу
1. Суратылуучу Тарап өзүнүн мыйзамдарына ылайык, мындай кызмат талап кылынган учурда Сураган Тарап тарабынан жөнөтүлгөн документтерди кызыкдар жакка же органга тапшырат.
2. Сураган Тарап жооп берүү же келүү үчүн каралган датага чейин акылга сыярлык мөөнөттүн ичинде адамдардын келишин же жооп берүүсүн талап кылган документтерди тапшыруу жөнүндө кандай болбосун суроо-талап жиберүүгө тийиш.
3. Тапшырууну тастыктоо Сураган Тарап аныктаган тартипте берилүүгө тийиш.
11-берене. Суратылуучу Тараптын далилдерди жана буюмдарды алуусу
Эгерде Суратылуучу Тараптын аймагында болгон адамдан, анын ичинде камакка алынган адамдардан, көрсөтмө алуу же маалымат берүү, анын карамагында болгон документтерди же буюмдарды берүү талап кылынса, аталган адам Суратылуучу Тараптын мыйзамдарына ылайык анын компетенттүү органы тарабынан чакыртылышы мүмкүн.
12-берене. Сураган Тарапка далилдерди берүү же тергөө жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү үчүн адамдардын келиши
1. Тараптар каалагандай адамды көрсөтмө берүү же тергөөгө көмөк көрсөтүүсү үчүн келишин талап кыла алат.
2. Суратылуучу Тарап каалагандай адамды өз ыктыяры менен көрсөтмө берүү же тергөөгө көмөк көрсөтүүсү үчүн Сураган Тараптын компетенттүү органына келишине чакырат жана аны ушул максаттар үчүн төлөнө турган сыйлыктар же чыгымдар жөнүндө маалымдайт.
3. Эгерде келиши талап кылынган адам бара албаса, эки Тараптын мыйзамдары менен мүмкүн болгон жана жол берилген учурда, Тараптар түз видео конференция аркылуу көрсөтмө берүү же тергөө иштерине көмөк көрсөтүү боюнча өз иш-аракеттерин координациялай алышат.
13-берене. Далилдерди берүү же тергөөгө көмөк көрсөтүүсү үчүн камакта кармалган адамдарды өткөрүп берүү
1. Талап кылынган адам Тараптардын биринде камакта кармалган болсо, аталган адам экинчи Тарапка анын өтүнүчү боюнча көрсөтмө берүү же тергөөгө же соттук териштирүүгө көмөк көрсөтүү үчүн убактылуу өткөрүлүп берилиши мүмкүн, эгерде көрсөтүлгөн адам өткөрүп берүүгө макул болсо жана мындай өткөрүп берүүгө тоскоол болгон олуттуу себептер жок болгон шартта.
2. Эгерде өткөрүлүп берилүүчү адам Суратылуучу Тараптын улуттук мыйзамдарына ылайык камакта калууга тийиш болсо, Сураган Тарап аталган адамды камакта кармап, суроо-талап аткарылгандан кийин аны ошол эле жол менен кайтарып берүүгө тийиш.
3. Убактылуу өткөрүп берүү үчүн камакта жаткан адамды үчүнчү мамлекеттин аймагы аркылуу транзит менен өткөрүү талап кылынган учурларда, Сураган Тарап үчүнчү мамлекеттин компетенттүү органына транзит жөнүндө суроо-талап жөнөтөт жана жогоруда аталган суроо-талапты кароонун натыйжалары жөнүндө тиешелүү документтерди жөнөтүү менен Суратылуучу Тарапты алдын ала кабарлайт.
14-берене. Өткөрүп берилген адамдар үчүн кепилдиктер
1. Сураган Тарап өткөрүп берүүдөн мурун жасалган ар кандай иш-аракет же аракетсиздик үчүн, эгерде өткөрүп берүү анын макулдугу менен жүргүзүлсө дагы берилген адамды айыптоого же камоого, ошондой эле аталган Тараптын аймагында анын жеке эркиндигин чектебөөгө тийиш. Бул адам укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талапка киргизилбеген башка териштирүүлөргө байланыштуу далилдерди берүүгө мажбурланбашы керек.
2. Эгерде өткөрүп берилген адам Сураган Тараптын аймагынан эркин чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар, бирок анын катышуусу мындан ары талап кылынгандыгы жөнүндө расмий кабарлаган күндөн тартып отуз (30) күндүн ичинде муну жасабаса же ал аталган Тараптын аймагынан чыгып кетип, өз ыктыяры менен кайра кайтып келсе, ушул берененин 1-пункту колдонулбайт.
3. Сураган Тараптын аймагына келбеген каалагандай адам эки мамлекетте тең кандайдыр бир жазага жана мажбурлоо чараларына дуушар болбоого тийиш.
15-берене. Адамдарды жана буюмдарды издөө
Суратылуучу Тарап өзүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык Сураган Тарап тарабынан адамдарды же буюмдарды издөө боюнча берилген суроо-талаптарын аткаруу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт.
16-берене. Тинтүү жана алып коюу
1. Тинтүү, алып коюу жана Сураган Тарапка буюмдарды берүү жөнүндө суроо-талаптарды аткаруу Суратылуучу Тараптын мыйзамдарында уруксат берилген чектерде ишке ашырылат.
2. Сураган Тараптын суроо-талабы боюнча Суратылуучу Тарап Сураган Тарапка тинтүүнүн жана алып коюунун ушундай түрдө аткарылган жол-жоболоруна тиешелүү маалыматтарды, анын ичинде төмөнкүлөрдү берет, бирок алар менен чектелбейт: катышкан адамдардын инсандыгы; алынган документтердин, жазуулардын же буюмдардын абалы жана бүтүндүгү, ошондой эле алардын ээлери жана алар алып коюлган жагдайлар жөнүндө маалыматтарды.
3. Суратылуучу Тарап буюмдарды жеткирүү жөнүндө суроо-талапты аткаруу үчүн өткөрүп бериле турган буюмдарга карата үчүнчү жактын кызыкчылыктарын коргоо үчүн каралган бардык шарттары Сураган Тараптын алдын ала макулдугун сурай алат.
17-берене. Кылмыш жолу менен алынган кирешелер жана кылмыш жасоо каражаттары
1. Тараптар өздөрүнүн улуттук мыйзамдарынын алкагында төмөнкүлөр менен байланышкан жол-жоболорду ишке ашырууда кызматташат:
a) кылмыш жолу менен алынган кирешелерди жана аларды жасоо каражаттарын камакка алуу же конфискациялоо;
b) кылмыш-жаза иштери боюнча айыптарды өндүрүү;
c) башка Тараптын кылмыштарынан жабыркагандарга компенсациялар.
2. Ушул Макулдашууга ылайык алынган кирешелер жана каражаттар Суратылган Тарапка берилет, эгерде конкреттүү учурларда Тараптар башка тууралуу макулдашпаса.
3. Ушул берененин жоболоруна ылайык укуктук жардам көрсөтүлгөн бардык учурларда үчүнчү жактардын жана ак ниеттүү керектөөчүлөрдүн укуктары сакталууга тийиш.
18-берене. Маалыматтарды, документтерди, жазууларды жана буюмдарды берүү
1. Суратылуучу Тарап, анын мамлекеттик мекемелеринде болгон укуктук жардам менен байланышкан жалпыга жеткиликтүү маалыматтардын, документтердин жана жазуулардын көчүрмөлөрүн Сураган Тарапка берет.
2. Суратылуучу Тарап коомчулукка жеткиликтүү болбогон маалыматтардын, документтердин жана жазуулардын көчүрмөлөрүн өзүнүн компетенттүү жана сот органдарында колдонулуучу көлөмдө жана шарттарда Сураган Тарапка бере алат.
3. Суроо-талап боюнча жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн максатында Суратылуучу Тарап Сураган Тарапка анын жаранына карата кылмыш-жаза сот өндүрүшү, мурдагы соттуулук жана өкүмдөр жөнүндө маалымат берет.
19-берене. Аткаруу үчүн кызматташуу
Тараптар зарыл болгон учурда биргелешкен териштирүүлөрдү жүргүзүү сыяктуу конкреттүү учурларда анын аткарылышын жеңилдетүүчү практикалык иш-чаралар жөнүндө макулдашууну кошо алганда, ушул Макулдашууну аткаруунун эң жакшы тартиби жөнүндө макулдашат.
20-берене. Өз ыктыяры менен кызматташуу
Эгерде Тараптардын бири мындай маалымат экинчи Тарапка тергөө жана кылмыш-жаза процесстеринде жардам берет деп эсептесе же экинчи Тараптын ушул Макулдашууга ылайык укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талап менен кайрылуусуна алып келсе, кайсы Тарап болбосун алдын ала суроо-талап албастан кылмыш иштерине тиешелүү маалыматты экинчи Тарапка жөнөтө алат.
21-берене. Улуттук мыйзамдар жана башка макулдашуулар
1. Тараптар өздөрүнүн улуттук мыйзамдарынын жоболорунун алкагында ушул Макулдашууда каралган тармактарда кызматташат.
2. Бул Макулдашуу Тараптардын ар бири үчүн милдеттүү күчкө ээ болгон эки тараптуу же көп тараптуу макулдашуулардан келип чыккан укуктар менен милдеттерди козгобойт.
22-берене. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу
Ушул Макулдашууну чечмелөөгө же ишке ашырууга байланыштуу келип чыккан талаш-тартыштар Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөр аркылуу достук жолу менен чечилет жана жөнгө салуу үчүн үчүнчү тарапка же трибуналга өткөрүп берилиши мүмкүн эмес.
23-берене. Корутунду жоболор
1. Бул Макулдашуу эки Тарап тең ички мамлекеттик жол-жоболорду аяктагандыгын ырастаган экинчи билдирүүнү алган күндөн тартып отуз (30) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Ушул Макулдашуу, эгерде Тараптардын бири аны бузуу үчүн көрсөтүлгөн датага чейин кеминде алты (6) ай мурда дипломатиялык каналдар боюнча экинчи Тарапка жиберилген жазуу жүзүндөгү билдирүү аркылуу бузууга өз каалоосун билдирбесе, белгисиз мезгил бою күчүндө болот.
3. Бул Макулдашууга Тараптардын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар эки Тараптан талап кылынган мыйзамдуу жол-жоболорго ылайык, анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.
4. Ушул Макулдашууну токтотуу же колдонуу мөөнөтүнүн аякташы эки Тараптын ортосундагы учурдагы суроо-талаптардын жана иш-чаралардын аткарылышына алардын жоболорунун алкагында толук аяктаганга чейин таасирин тийгизбейт.
20___-жылдын ________/_______/______________ шаарында (______ _____14....Н ылайык келет), эки нускада ар бири кыргыз, орус, араб жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей аутенттүү болуп саналат. Чечмелөөдө же колдонууда кандай болбосун айырмачылыктар келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасы үчүн |
| Сауд Аравия Королдугу үчүн |
___________________________ |
| ___________________________ |