Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 11-ноябры № 616-т
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:
1. 2022-жылдын 11-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга (жеңилдетилген шарттардагы кадимки операциялар) ("АӨБ турукташтыруу (антициклдик) механизминин алкагында активдүү антициклдик чыгашалардын (BRACE) жардамы менен туруктуулукту жогорулатуу"), Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга (атайын операциялар) ("АӨБ турукташтыруу (антициклдик) механизминин алкагында активдүү антициклдик чыгашалардын (BRACE) жардамы менен туруктуулукту жогорулатуу") Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.У.Жапаров
|
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-ноябрындагы № 616-т менен Жактырылган |
2022-жылдын 11-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга (жеңилдетилген шарттардагы кадимки операциялар) ("АӨБ турукташтыруу (антициклдик) механизминин алкагында активдүү антициклдик чыгашалардын (BRACE) жардамы менен туруктуулукту жогорулатуу"), Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга (атайын операциялар) ("АӨБ турукташтыруу (антициклдик) механизминин алкагында активдүү антициклдик чыгашалардын (BRACE) жардамы менен туруктуулукту жогорулатуу") Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2022-жылдын 11-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу (жеңилдетилген шарттардагы кадимки операциялар) ("АӨБ турукташтыруу (антициклдик) механизминин алкагында активдүү антициклдик чыгашалардын (BRACE) жардамы менен туруктуулукту жогорулатуу"), Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу (атайын операциялар) ("АӨБ турукташтыруу (антициклдик) механизминин алкагында активдүү антициклдик чыгашалардын (BRACE) жардамы менен туруктуулукту жогорулатуу") (мындан ары - Макулдашуулар) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Макулдашуулардын долбоорлору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2022-жылдын 2-ноябрындагы № 6-22053/22 чечими, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргонуу коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 2022-жылдын 25-октябрындагы № 6-21435 чечими менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 604-т тескемеси менен жактырылган.
"АӨБ турукташтыруу (антициклдик) механизминин алкагында активдүү антициклдик чыгашалардын (BRACE) жардамы менен туруктуулукту жогорулатуу" программасы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги кабыл алган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылга карата кризиске каршы чаралар планын ишке ашырууну колдоого багытталган.
Бул Программанын алкагында 2023-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аткарыла турган иш-чаралар матрицасы каралган.
Программанын жыйынтыгы өлкөдө кризиске каршы чараларды кыйла натыйжалуу башкаруу жана жагымсыз социалдык жана экономикалык кесепеттерди азайтуу болот.
Аталган Макулдашуулардын алкагында Кыргыз Республикасына кредиттик жана гранттык негизде 50 млн. АКШ долл. (25,0 млн. АКШ долл. - грант жана 25,0 млн. АКШ долл. - кредит) өлчөмүндөгү финансылык жардам көрсөтүлөт.
Финансылык каражаттар республикалык бюджетти колдоого багытталган.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12-беренелерине ылайык Макулдашуулар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Макулдашууларды ратификациялоо кандайдыр бир терс финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен кошумча каржылоого алып келбейт.