Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы N 17-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 4-ноябры № 609-т
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эмитенти болуп чыккан ачык жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздардын рыногуна ички жана тышкы инвесторлордун жетүү мүмкүндүгүн кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө жобого, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- 2023-жылдын январынан тартып чыгарылуучу 12 айлык жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик казына векселдерин жана 2 жылдык жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу жана жүгүртүү Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен тоорукту лицензияланган уюштуруучунун - "Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коомунун (мындан ары - ЖАК) соода аянтчасында жүзөгө ашырылат;
- жайгаштыруусу жана жүгүртүүсү ушул тескемеге ылайык тоорукту лицензияланган уюштуруучу "Кыргыз фондулук биржасы" ЖАКтын соода аянтчасында жүзөгө ашырылган мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алууну лицензияланган депозитарий - "Борбордук депозитарий" ЖАК аткарат;
- жогоруда аталган мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруунун, жүгүртүүнүн тартиби, ошондой эле депозитардык эсепке алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы менен макулдашуу боюнча баалуу кагаздар менен тоорукту уюштуруучунун жана депозитарийдин тиешелүү келишимдери, макулдашуулары жана ички документтери менен аныкталат.
2. 12 айлык жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик казына векселдерин жана 2 жылдык жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик казына облигацияларын тоорукту лицензияланган уюштуруучу "Кыргыз фондулук биржасы" ЖАКтын соода аянтчасында жайгаштыруу жана жүгүртүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы ушул тескеменин тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. Ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырууда жана жүгүртүүдө өтүмдүүлүктү калыптандырууга өбөлгө болуучу шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз фондулук биржасы" ЖАК Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы менен биргеликте көрсөтүлгөн мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча баштапкы жана экинчи рыноктордо маркетмейкер институтун (өтүмдүүлүктү кармап туруу боюнча дилерлер) иштеп чыксын жана киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
|
Тиркеме |
Тоорукту лицензияланган уюштуруучу "Кыргыз фондулук биржасы" ЖАКтын соода аянтчасында 12 айлык жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик казына векселдерин жана 2 жылдык жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу жана жүгүртүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Иш-чаралардын аталышы | Жооптуу аткаруучулар | Аткаруу мөөнөтү |
1 | Мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырууну, жүгүртүүнү жана тындырууну уюштуруу жөнүндө макулдашууну/келишимди иштеп чыгуу, макулдашуу жана кол коюу | Финмин, КФБ (макулдашуу боюнча), БД (макулдашуу боюнча), КРУБ, Финкөзөмөл | 2022-жылдын 30-ноябрына карата |
2 | Мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу, жүгүртүү жана депозитардык эсепке алуу боюнча тиешелүү документтерди бекитүү | КФБ (макулдашуу боюнча), БД (макулдашуу боюнча), КРУБ, Финмин, Финкөзөмөл | 2022-жылдын 20-декабрына карата |
3 | Макулдашууга/Келишимге кол койгон тараптардын ортосундагы келишимдерге кол коюу | Финмин, КФБ (макулдашуу боюнча), БД (макулдашуу боюнча), КРУБ | 2022-жылдын январы |
4 | Маркетмейкер механизмин иштеп чыгуу жана киргизүү (өтүмдүүлүктү кармап туруу боюнча дилерлер) | Финмин, Финкөзөмөл, КФБ (макулдашуу боюнча) | 2022-жылдын декабры - 2023-жылдын январы |
5 | Тооруктар, депозитардык эсепке алуу жана эсептешүүлөр боюнча программалык жана техникалык каражаттарды даярдоо жана тестирлөө | КФБ (макулдашуу боюнча), БД (макулдашуу боюнча), КРУБ, Финмин, тооруктун катышуучулары | 2022-жылдын декабры - 2023-жылдын февралы |
6 | Пилоттук-тесттик мезгили, аныкталган кемчиликтерди жоюу, долбоорду ишке киргизүүгө даярдоо | КФБ (макулдашуу боюнча), БД (макулдашуу боюнча), КРУБ, Финмин | 2023-жылдын февраль-марты |
7 | Тооруктун катышуучуларынын Макулдашууга/Келишимге кошулуусу, КФБ менен БДнын тоорукка катышуучуларынын ортосунда эки тараптуу келишимдерди түзүү, тоорукка кошулуу | КФБ (макулдашуу боюнча), БД (макулдашуу боюнча), тооруктун катышуучулары, эсептешүү банктары | 2023-жылдын март-апрели |
8 | Мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу жана жүгүртүү боюнча тооруктун башталышы | Бардык тараптар | 2023-жылдын 1-майынан тартып |
Финмин | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
КФБ | - | "Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коому; |
БД | - | "Борбордук депозитарий" жабык акционердик коому; |
КРУБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы; |
Финкөзөмөл | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы. |