Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 2-ноябры ПТ № 209
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимдин тиркелген долбоору жактырылсын
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
Долбоор
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-ѳзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жѳнүндѳ КЕЛИШИМ
Келишим түзүүчу Жогорку Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасы,
достук жана ынак коңшулук, ѳз ара урматтоо жана тең укуктуулук духунда,
эки мамлекеттин тең көз карандысыздыгын, эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн, чек араларынын бузулбастыгын сыйлоо, бири-биринин ички иштерине кийлигишпөө, өз ара түшүнүшүү жана өз ара ишеним көрсөтүү принциптеринин негизинде,
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек аранын линиясынын айрым участокторун тактоо жана өтүү жерлерин аныктоо максатында,
2017-жылдын 5-сентябрындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимдин жоболорун жетекчиликке алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене
Келишим түзүүчү Жогорку Тараптар Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын линиясы анын айрым участокторунда ушул Келишимдин № 1 тиркемеси болуп саналган Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын линиясынын айрым участоктору боюнча өтүүсүнүн сыпаттамасына (мындан ары - Айрым участоктор боюнча сыпаттама) толук ылайык өтөт деп аныкташты.
2-берене
Мамлекеттик чек аранын линиясы ушул Келишимдин № 2 тиркемесине ылайык 1:100 000 жана 1:10 000 масштабдардагы топографиялык карталардын барактарында кызыл түс менен түшүрүлдү.
Айрым участоктор боюнча сыпаттаманын тексттеринде пайдаланылуучу географиялык объекттердин энчилүү аталыштарынын жазылышы ушул беренеде көрсөтүлгөн, топографиялык карталарда колдонулган географиялык объекттердин энчилуу аталыштарына шайкеш келет.
Айрым участоктор боюнча сыпаттамада аталган аралыктар жана координаттар ушул Келишимдин № 3 тиркемесине ылайык ушул беренеде көрсөтүлгөн топографиялык карталардын электрондук (растр) варианттары боюнча өлчөндү.
3-берене
Ушул Келишимдин №№ 1-3 тиркемелери анын ажырагыс бөлүктөрү болуп саналат.
4-берене
Келишим түзүүчү Жогорку Тараптар Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоодо №№ 9-10/1, №№ 25-27, №№ 62-63, №№ 94-95, №№ 99-100, №№ 132-133, №№ 294-296 жана №№ 299-312/1, №№ 436-437, №№ 467-472 жана №№512-512/3 чек ара чекиттеринин ортосундагы участоктордо Мамлекеттик чек аранын линиясын жөнгө салуу тууралуу макулдашты.
Келишим түзүүчү Жогорку Тараптар жогоруда көрсөтүлгөн участоктордо демаркациялоо иштери толук аяктаганга чейин иш жүзүндө жерди пайдалануу чектери боюнча Мамлекеттик чек араны контролдоону жана кайтарууну жүргүзүү тууралуу макулдашты (№№ 4-13 тиркемелер).
5-берене
Келишим тузүүчү Жогорку Тараптар Кемпирабад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу өзүнчө өкмөттөр аралык Макулдашуу менен жүргүзүлөт деп макулдашты.
Өзбекстан Республикасы Кемпирабад (Анжиан) суу сактагычынын ойдуңунун айланасында инженердик-техникалык курулмаларды орнотпоого жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын суу сактагычтын суусуна эркин жана тоскоолдуксуз жетүүсүн жана аны пайдалануусун (мал сугаруу, жер сугаруу, балык уулоо жана Тараптардын макулдашуусу боюнча башка иш) камсыз кылууга милдеттенет.
6-берене
Өзбекстан Республикасы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын куруу үчүн бөлүнгөн жерлердин ордун Кыргыз Республикасына компенсациялады.
Келишим түзүүчү Жогорку Тараптар 2017-жылдын 6-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндө макулдашуунун жоболорун сакташат.
7-берене
Өзбекстан Республикасы Кемпирабад (Анжиан) суу сактагычынын курулбаган Сол жээк Кемпирабад каналы үчүн Кыргыз Республикасына №№10-10/11 чек ара чекиттеринин ортосундагы «Гавасай» участогунда 12 849 га жерди компенсациялады.
Кыргыз Республикасы Гавасай дарыясынын табигый агымына тоскоол боло турган кандайдыр бир гидротехникалык жана башка курулмаларды курбоого, ошондой эле Гавасай дарыясында суунун техникалык булганышына жол бербөөгө милдеттенет.
8-берене
Келишим түзүүчү Жогорку Тараптар Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек аранын «Чечме» («Чашма») булагы жайгашкан № 484а чек ара чекитинен № 484б чек ара чекитине чейинки участогун өзүнчө Мамлекеттер аралык келишим менен жөнгө салууну макулдашты.
Бул участок жөнгө салынганга чейин Келишим түзүүчү Жогорку Тараптар «Чечме» («Чашма») булагын биргелешип пайдалануу боюнча өзүнчө өкмөттөр аралык Макулдашууну түзүү тууралуу макулдашты.
9-берене
Келишим түзүүчү Жогорку Тараптар Кыргыз Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын жана Казакстан Республикасынын мамлекеттик чек араларынын кесилишүү чекити көрсөтүлгөн мамлекеттердин ортосундагы 2001-жылдын 15-июнундагы Макулдашуу менен аныкталды деп ырасташты.
Кыргыз Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын мамлекеттик чек араларынын кесилишүү чекити бул мамлекеттердин ортосундагы өзүнчө келишим менен аныкталат.
10-берене
Чек ара тилкесинде, анын ичинде чек ара дарыяларында, сууларында жана көлмөлөрүндө боло турган ар кандай табигый өзгөрүүлөр Мамлекеттик чек аранын линиясынын өтүүсүнүн өзгөрүшүнө алып келбейт.
11-берене
Келишим түзүүчү Жогорку Тараптар Биргелешкен демаркациялоо комиссиясы Мамлекеттик чек араны демаркациялоону айрым участоктор боюнча жүргүзөт, ошондой эле демаркациялоонун натыйжасы боюнча толук демаркациялоо карталарын түзөт жана документтердин долбоорлорун даярдайт деп макулдашты.
12-берене
Ушул Келишимдин жоболорун чечмелөө же колдонуу тууралуу маселелердин бардыгын Келишим түзүүчү Жогорку Тараптар консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечишет.
13-берене
Ушул Келишим ратификацияланууга тийиш жана ратификациялык грамоталар менен алмашкан күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Келишим мөөнөтсүз болуп саналат.
________шаарында 2022-жылдын «__» ____________ эки нускада кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде түзүлдү, ошол эле учурда ушул Келишимдин № 1, № 2, № 3 жана №№ 4-13 тиркемелери орус тилинде келтирилет.
Ушул Келишимдин бардык тексттери бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул Келишимдин жоболорун чечмелөө максатында орус тилиндеги текст негиз катары алынат.
Кыргыз Республикасы Өзбекстан Республикасы
үчүн үчүн