Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 16-ноябры № 629-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-апрелиндеги № 228 токтому менен бекитилген 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары:
1) Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттөрдө кынтыксыз аткаруу боюнча толук чараларды көрсүн;
2) ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 10-июлдан жана 10-январдан кечиктирбестен Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 25-июлдан жана 25-январдан кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш чаралар планы
№ | Милдеттер | Чаралар/Иш-аракеттер | Аткаруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар (продукт) | Каржылоо булагы | Жооптуу аткаруучулар |
1: 2022-2024-жылдардын этабы: Кыргыз Республикасында креативдүү экономиканы өнүктүрүүнүн комплекстүү мамлекеттик саясатын түзүү | ||||||
1 | 1.1. КИ өнүктүрүүнү эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү системасын, колдоо механизмдерин түзүү | 1.1.1. Креативдүү экономиканын критерийлерин аныктоо/бекитүү жана ЭИТМК КИ багыттарын жана креативдүү экономиканын өнүгүү абалын мүнөздөөчү көрсөткүчтөрдүн тизмегин бөлүү, мониторинг жана баалоо жүргүзүү | 2024-жылдын II кварталынын аягына чейин | Техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматты аныктоо үчүн КЭ өлчөнүүчү критерийлери жана КИ багыттары аныкталды | Тиешелүү жылга ишке тартылган министрлик-тердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин чегинде | Кыргызпатент, БИМ, ММСЖСМ, СӨМ, ЭКМ, УСК, КИПД |
1.1.2. Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ индустриясы) чөйрөсүндө иш жүргүзгөн индустрияларды деталдаштыруу бөлүгүндө ЭИТМКка өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2023-жылдын II кварталынын аягына чейин | МКТ индустриялары бөлүгүндө ЭИТМКка өзгөртүүлөр киргизилди | Тиешелүү жылга ишке тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин чегинде | ЭСКММ, Кыргызпатент, БИМ, ММСЖСМ, СӨМ, КИПД | ||
1.1.3. Мамлекеттик органдардын кызматкерлерин КЭ эсепке алууну жана өнүктүрүүнү өлчөөнүн жана баалоонун эл аралык методологиялары боюнча окутуу, анын ичинде башка уюмдарды тартуу менен окутуу (аутсорсинг жолу менен окутуу) | 2023-жылдын аягына чейин | КЭ өнүктүрүүнү эсепке алуу жана баалоо жаатында мамлекеттик органдардын потенциалы жогорулады | Донорлор жана мамлекеттик эмес каржылоонун башка түрлөрү | КИПД Кыргызпатент, УСК, СӨМ жана башка мамлекеттик органдар | ||
2 | 1.2. КЭ чөйрөсүндө кадрларды даярдоо жана окутуу | 1.2.1. КР окуу жайлары менен биргеликте КИ чөйрөсүндө кесиптик даярдоонун талап кылынган багыттарынын тизмегин даярдоо жана КЭ чөйрөсүндө кесиптик билим берүүнүн ар кандай деңгээлдери жана келечектүү кесиптер үчүн негизги билим берүү программаларын иштеп чыгуу | 2023-жылдын аягына чейин | Кадрларга болгон муктаждыктар аныкталды. КЭ боюнча негизги билим берүү программалары түзүлдү | Донорлор жана мамлекеттик эмес каржылоонун башка түрлөрү | БИМ, ЭСКММ, КИПД, КИА |
3 | 1.3. Инновациялык креативдүү мейкиндиктерди кеңейтүү | 1.3.1. КИ продукциясын сатуу жана КИ санариптештирүү деңгээлин жогорулатуу үчүн Е-Commerce тиби боюнча КИ өнүктүрүүнүн санариптик платформасын түзүү | 2024-жылдын II кварталынын аягына чейин | КИ продукциясын илгерилетүүнү каржылоо механизми түзүлдү | Донорлор жана мамлекеттик эмес каржылоонун башка түрлөрү | КИПД, КИА жана ЭКА, ЖТП, ЭКМ, СӨМ |
2: 2024-жылдын этабы: Кыргыз Республикасынын креативдүү индустрияларынын өсүшүнө дем берүү | ||||||
1 | 2.1. "Креативдүү Кыргызстан" брендин түзүү жана илгерилетүү | 2.1.1 "Креативдүү Кыргызстан" брендин иштеп чыгуу (брендди түзүүчү компоненттерди кошкондо) жана жайылтуу | 2026-жылга чейин | КИ улуттук бренди түзүлдү жана анын дүйнөгө таанылышы камсыз кылынды | Донорлор жана мамлекеттик эмес каржылоонун башка түрлөрү | Кыргызпатент, ТИМ, ЭКМ, СӨМ, КИПД, КИА, СӨП |
2 | 2.2. Кыргыз-станды креативдүү экономиканын борбордук азиялык борбору катары илгерилетүү | 2.2.1. Жыл сайын мыкты креативдүү компанияларды сыйлоо аземин өткөрүү, ошондой эле КРда 1000 катышуучу менен БА регионунун креативдүү индустрияларынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен "Креативдүү Борбордук Азия" чоң фестивалын өткөрүү | Жыл сайын, 2022-жылдан баштап 2026-жылга чейин | "Креативдүү Борбордук Азия" чоң фестивалы өткөрүлдү | Донорлор жана мамлекеттик эмес каржылоонун башка түрлөрү | КИПД, ЖТП, ММСЖСМ, Кыргызпатент, ЭКМ, СӨМ |
2.2.2. КЭни маалыматтык чагылдыруу жана жайылтуу боюнча планды иштеп чыгуу/бекитүү жана иш-чараларды жүргүзүү | Дайыма, 2026-жылдын аягына чейин | Калктын КЭ боюнча маалымдуулук деңгээли жогорулады | Донорлор жана мамлекеттик эмес каржылоонун башка түрлөрү | ММСЖСМ, Кыргызпатент, БИМ, КИПД, КИА | ||
3 | 2.3. Өсүп келе жаткан муун жана кызыкдар адамдар үчүн кесипке багыт берүүчү иш-чараларды жүргүзүү | 2.3.1. Жылына 10000ден ашуун мектеп окуучуларын камтыган топтор менен жолугушуу жана баарлашуу үчүн креативдүү компанияларда Ачык эшик күндөрүн уюштуруу | Айына 1 жолугушуу, 2023-жылдын I кварталынан баштап 2026-жылга чейин | Креативдүү компанияларда Ачык эшиктер күнү өткөрүлдү | Донорлор жана мамлекеттик эмес каржылоонун башка түрлөрү | БИМ, ММСЖСМ, КИПД, Кыргызпатент |
4 | 2.4. Кыргыз-стандын креативдүү ишкерлеринин маалыматтар базасын түзүү жана жүргүзүү | 2.4.1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, профилдик ассоциациялар, КИП менен маалымат алмашуу боюнча өз ара аракеттенүүнү уюштуруу | Квартал сайын, 2022-жылдын IV кварталы-нан баштап 2026-жылга чейин | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин, профилдик ассоциациялардын, КИПтин ортосунда маалымат алмашуу уюштурулду | Донорлор жана мамлекеттик эмес каржылоонун башка түрлөрү | СӨМ, УСК, КИПД, КИА, ЖТП |
5 | 2.5. Кыргызстандын шаарларында креативдүү кластерлер системасын киргизүү | 2.5.1. КИ өнүктүрүүнү эске алуу менен Кыргызстандын шаарларында креативдүү кластерлерди өнүктүрүү планын иштеп чыгуу | 2024-жылдын IV кварталы | Креативдүү секторду өнүктүрүүнү эске алуу менен Кыргызстандын шаарларын өнүктүрүү пландары иштелип чыкты | Донорлор жана мамлекеттик эмес каржылоонун башка түрлөрү | ЭКМ, МКЖӨБМА, Кыргызпатент, ММСЖСМ, СӨМ, КИПД |
6 | 2.6. КИ эл аралык компанияларында жана ассоциацияларында Кыргызстандын КИ катышуусун камсыз кылуу | 2.6.1. КИ эл аралык компанияларында жана ассоциацияларында жана билим берүү тармактарында Кыргызстандын КИ катышуусун уюштуруу | 2023-жылдын IV кварталы | Кыргызстандын КИ эл аралык компанияларда жана ассоциацияларда катышат | Донорлор жана мамлекеттик эмес каржылоонун башка түрлөрү | КИПД, КИА, ТИМ, БИМ |
7 | 2.7. Кыргызстандын КИ ички жана эл аралык финансы институттары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу | 2.6.2. Креативдүү индустриялардын профайлдарын даярдоо жана аларды Кыргыз Республикасында жана республиканын чегинен тышкары финансы институттарына жана бизнес акселератордук программаларга презентациялоо | 2023-жылдын аягына чейин | Иштеп жаткан креативдүү ишканалар боюнча маалыматтарды берүү үчүн презентациялар жана форумдар өткөрүлдү | Донорлор жана мамлекеттик эмес каржылоонун башка түрлөрү | КИПД, КИА, ТИМ, ЭКМ |
2.6.3. КИ чөйрөсүндө МЖӨ долбоорлорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2026-жылдын аягына чейин | МЖӨ долбоорлорунун тизмеги жана ишке ашыруу планы түзүлдү | Жеке инвестициялар | МЖӨ борбору, УИА, КИПД, ЭКМ | ||
8 | 2.8. Болгон креативдүү мейкиндиктерди кайра түзүү жана алардын функциялык багыттарын кеңейтүү, ошондой эле Кыргызстандын мамлекеттик мекемелеринде болгондордун базасында жаңыларын уюштуруу | 2.6.4. Мамлекеттик маданият мекемелеринин (музейлердин, китепканалардын, театрлардын, көргөзмө залдардын) креативдүү ишкерлер менен биргелешкен иш-чараларды өткөрүү үчүн креативдүү бизнестин өкүлдөрүнө маданият мекемелеринин жайларын берүүнү караган кызматташуу планын иштеп чыгуу | 2023-жылдын аягына чейин | Мамлекеттик маданият мекемелеринин креативдүү ишкерлер менен кызматташуу планы иштелип чыкты | Донорлор жана мамлекеттик эмес каржылоонун башка түрлөрү | ММСЖСМ, БИМ, Кыргызпатент, КИПД, КИА |
Кыскартуулардын тизмеси:
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
Кыргызпатент | - | Кыргыз Республикасынын. Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
МЖӨ борбору | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемеси |
СӨП | - | Кыргыз Республикасынын Соода өнөр жай палатасы |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ЭСКММ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
МКЖӨБМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик |
КИ | - | креативдүү индустрия |
КИП | - | Креативдүү индустриялар паркы |
КИПД | - | Креативдүү индустриялар паркынын дирекциясы |
БА | - | Борбордук Азия |
КИА | - | Креативдүү индустриялар ассоциациясы |
ЭКА | - | Электрондук коммерция ассоциациясы |
ЭИТМК | - | Экономикалык иштин түрлөрүнүн мамлекеттик классификатору |
ЖТП | - | Жогорку технологиялар паркы |
КЭ | - | Креативдүү экономика |