Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 23-ноябры № 640-т
Мамлекеттик ишканалардын, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдордун сатып алууларын жүргүзүү үчүн электрондук соода аянтчасын пилоттоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасы тиркемеге ылайык тизмекте көрсөтүлгөн мамлекеттик ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдор тарабынан сатып алууларды жүргүзүү үчүн электрондук соода аянтчасын пайдалануу боюнча пилоттук долбоорду (мындан ары - пилоттук долбоор) ишке ашырсын.
2. Пилоттук долбоорго катышкан мамлекеттик ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдор (мындан ары - сатып алуучу уюмдар) пилоттук долбоорду жүргүзүү мезгилинде сатып алуулардын бекитилген пландарына ылайык бардык сатып алуулардын көлөмүнүн 15 пайызынан кем эмес деңгээлде конкурс жана жөнөкөй сатып алуу методдору менен сатып алууларды электрондук соода аянтчасында ишке ашырууну камсыз кылсын.
3. "ЭК-Система" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан берилүүчү маалыматтык система пилоттук долбоордун электрондук соода аянтчасы болуп аныкталсын.
4. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) пилоттук долбоорду жүргүзүү мезгилинде сатып алуучу уюмдар жана товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр үчүн электрондук соода аянтчасын пайдалануу акысыз негизде жүзөгө ашырылат;
2) пилоттук долбоорду жүргүзүү мезгили үч календардык айды түзөт.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд пилоттук долбоорду ишке ашыруунун натыйжасын баалоо үчүн мамлекеттик органдардын жана сатып алуучу уюмдардын өкүлдөрүнөн комиссия (мындан ары - комиссия) түзсүн.
6. Комиссия:
1) "ЭК-Система" жоопкерчилиги чектелген коому менен биргеликте төмөнкүлөрдү бекитсин:
- пилоттук долбоорду жүргүзүүнүн план-графигин;
- электрондук соода аянтчасынын иштөө регламентин;
- пилоттук долбоорду жүргүзүү мезгилинде сатып алуу жөнөкөй сатып алуу методу менен электрондук соода аянтчасында ишке ашырылууга тийиш болгон товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин;
2) пилоттук долбоор аяктаган күндөн тартып эки айдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына пилоттук долбоорду ишке ашыруунун натыйжасын баалоо жөнүндө отчетту жана электрондук соода аянтчасы өнөр жайлык эксплуатациялоого киргизилген учурда товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр тарабынан электрондук соода аянтчасын пайдалануунун дифференцияланган тарифтеринин прейскурантын тиркөө менен электрондук соода аянтчасын киргизүү мүмкүндүгүнүн маселеси боюнча сунуштарды киргизсин.
7. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
|
Тиркеме |
Пилоттук долбоорго катышкан мамлекеттик ишканалардын, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдордун тизмеги
№ | Сатып алуучу уюмдун аталышы |
1 | "Альфа Телеком" ЖАК |
2 | "Кыргызтелеком" ААК |
3 | "Кыргызалтын" ААК |
4 | "Кыргызнефтегаз" ААК |
5 | "Айыл Банк" ААК |
6 | "РСК Банк" ААК |
7 | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы |
8 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы |
9 | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы |
10 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Объекттерди башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик ишканасы |