Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме | |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 524-т тескемесине) | |
Баткен облусунда "Региондук экономикалык өнүктүрүү" экинчи долбоорун ишке ашыруу боюнча байкоочу кеңештин ишинин РЕГЛАМЕНТИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Регламент Баткен облусунда "Региондук экономикалык өнүктүрүү" экинчи долбоорун ишке ашыруу боюнча байкоочу кеңештин (мындан ары - Кеңеш) ишинин тартибин аныктайт.
2. Кеңеш Баткен облусунда "Региондук экономикалык өнүктүрүү" экинчи долбоорун (мындан ары - Долбоор) натыйжалуу жана үзгүлтүксүз ишке ашырууну камсыз кылуу максатында түзүлгөн.
3. Кеңештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- жалпы координациялоону камсыз кылуу жана Долбоорду ишке ашырууда керектүү көмөк көрсөтүү;
- айыл чарбасын жана туризм чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн Долбоордун алкагында аныкталган артыкчылыктарды жана максаттарды карап чыгуу жана жактыруу;
- Долбоорду ишке ашыруу боюнча жылдык иш пландарды кароо;
- Долбоорду ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка кызыкдар тараптардын ишин координациялоо;
- иштеп чыгуу процесстерин башкаруу, мезгил-мезгили менен жаңылоо жана Долбоорду ишке ашыруу боюнча иш пландардын аткарылышы жөнүндө отчетторду берүү;
- отчеттук мезгил ичинде Долбоорду ишке ашыруунун натыйжаларын талкуулоо жана жактыруу, анын ичинде анын ишиндеги жетишкендиктерге жана четтөөлөргө мониторинг жүргүзүү;
- алдыдагы мезгилге Долбоорду ишке ашыруу боюнча иш пландарын карап чыгуу жана жактыруу;
- Долбоорду ишке ашыруу боюнча натыйжалуу ишти камсыз кылуу үчүн биргелешип талкууланган сунуштамаларды жана чечимдерди берүү;
- башка негизги өнөктөштөрдүн программалары/долбоорлору менен координациялоо;
- Долбоорду ишке ашырууда келип чыгышы мүмкүн болгон кандай гана болбосун маселелерди талкуулоо жана аларды чечүү боюнча сунуштарды киргизүү.
4. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечимдерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди жана ушул Регламентти жетекчиликке алат.
5. Кеңеш өз ишин ачыктык, коллегиалдуулук жана ак ниеттүүлүк принциптеринде жүзөгө ашырат.
2. Уюштуруу жана Кеңештин ыйгарым укуктары
6. Кеңеш өз ишин жыйналыштарды өткөрүү жолу менен уюштурат.
7. Кеңештин жыйналыштары Кеңештин төрагасынын же мүчөлөрүнүн демилгеси боюнча чакырылат.
8. Кеңештин жыйналыштары зарылдыгына жараша, бирок жарым жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Кеңештин төрагасынын чечими боюнча кезексиз жыйналыштар чакырылышы мүмкүн.
9. Кеңештин жыйналышы эгерде ага анын курамынын жарымынан көбү катышса, укуктуу деп эсептелет.
10. Кеңештин төрагасы төмөнкүлөрдү жетектейт:
- Кеңештин ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;
- Кеңештин жыйналыштарынын күн тартибин, ордун жана убактысын аныктайт;
- Кеңештин жыйналыштарын чакырат жана аларга төрагалык кылат;
- каралып жаткан конкреттүү маселе боюнча баяндамачыны аныктайт.
11. Кеңештин төрагасы жок мезгилде анын функцияларын Кеңештин төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин биринчи орун басары аткарат.
12. Кеңештин катчысы Долбоорду жалпы координациялоо үчүн жооптуу мамлекеттик орган болуп саналат, ал Кеңештин ишин маалыматтык-аналитикалык жана уюштуруучулук жактан камсыз кылат, анын ичинде Кеңештин жыйналыштарынын күн тартибин жана анын ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон башка материалдарды даярдоону камсыз кылат, аларды пландалган жыйналышка чейин үч жумуш күндөн кечиктирбестен Кеңештин мүчөлөрүнүн кароосуна берет.
13. Кеңештин жыйналыштарынын жыйынтыктары боюнча маалымат Кеңештин катчылыгынын расмий сайтында жайгаштырылат.
14. Кеңештин ыйгарым укуктары:
- тиешелүү техникалык сунуштарды стратегиялык жана мыйзамдык деңгээлде кароо;
- Кеңештин жыйналыштарынын ишине мамлекеттик органдардын жана башка мекемелердин тиешелүү адистерин белгиленген тартипте тартуу;
- Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтарды жана материалдарды мамлекеттик органдардан суроо-талап аркылуу алуу;
- мамлекеттик органдардын жетекчилеринин Долбоорду ишке ашыруу боюнча отчетторун кароо;
- Долбоорду ишке ашыруу боюнча иш пландарды ишке ашыруунун жүрүшүн кароо жана талкуулоо;
- Долбоорду ишке ашыруу боюнча иш пландарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча чечимдерди макулдашуу жана кабыл алуу;
- Долбоорду ишке ашыруу боюнча иш жөнүндө кызыкдар тараптарды жана коомчулукту маалымат менен камсыз кылуу;
- Долбоорду ишке ашыруу боюнча Кеңештин мүчөлөрүн, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерин угуу;
- Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн андан ары өркүндөтүү боюнча тиешелүү сунуштамаларды жана сунуштарды кабыл алуу жана киргизүү;
- Долбоорду ишке ашыруу маселелери боюнча Кеңеш кабыл алган чечимдерди мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аткарууга сунуштоо;
- Долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун, жеке сектордун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди Кеңештин жыйналыштарына чакыруу жана сунуштарын угуу.
3. Кеңештин чечими
15. Кеңештин чечимдери Кеңештин жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгүнүн добуштары менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Кеңештин мүчөлөрүнүн добуштары тең болгондо төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
16. Кеңештин чечимдери Кеңештин төрагасынын колу коюлган протоколдор менен таризделет.
17. Кеңештин чечимдери сунуштама мүнөзүндө болот.
18. Кеңештин иши Долбоор аяктагандан кийин токтотулат.
19. Жыйналыштын протоколдору жана Кеңештин башка материалдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген иш кагаздарын жүргүзүү эрежелерине ылайык таризделет жана Кеңештин катчылыгында сакталат.