Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2022-жылдын 28-сентябры № 524-т
2022-жылдын 20-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Баткен облусунда "Региондук экономикалык өнүктүрүү" экинчи долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуунун алкагында Баткен облусунда "Региондук экономикалык өнүктүрүү" экинчи долбоору боюнча стратегиялык жана программалык аспекттер боюнча координациялоону, маалымат алмашууну жана чечимдерди өз убагында кабыл алууну камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Баткен облусунда "Региондук экономикалык өнүктүрүү" экинчи долбоорун ишке ашыруу боюнча байкоочу кеңеш (мындан ары - Байкоочу кеңеш) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Байкоочу кеңештин ишинин регламенти 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери Байкоочу кеңештин ишине көмөк көрсөтсүн.
4. Байкоочу кеңештин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Баткен облусунда "Региондук экономикалык өнүктүрүү" экинчи долбоорун ишке ашыруу боюнча байкоочу кеңештин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары, Байкоочу кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин биринчи орун басары, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин № 3 Кадамжай бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаты (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Региондор аралык башкармалыгынын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин тышкы жардам башкармалыгынын тышкы жардамга мониторинг жүргүзүү жана баалоо бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын мамлекеттик инвестициялар долбоорлорун башкаруу бөлүмүнүн адиси.