Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 10-октябры № 550-т
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Торобаев Бакыт Эргешевичке жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтү Тараптардын мамлекеттеринин чарбалык субъекттеринин соода, инвестициялык жана финансылык мамилелерин тереңдетүүдөгү жана кеңейтүүдөгү өз ара кызыкчылыктардан улам, Кыргыз Республикасын туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн кошумча финансылык ресурстарды мобилизациялоо зарылдыгын эске алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү
Тараптар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган, бул Макулдашуунун тиркемесине ылайык Уставдын жоболоруна ылайык өзүнүн ишин жүзөгө ашыруучу Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун (мындан ары - Фонд) түзөт.
Фонддун штаб-квартирасы Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында жайгашат. Фонддун Кеңеши жана Фонддун Башкармасы Фондду башкарат.
2-берене. Фонддун максаттары жана милдеттери
Фонд Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташтыкка көмөк көрсөтүү, Тараптардын мамлекеттеринин экономикаларын модернизациялоо жана өнүктүрүү, эки тараптуу кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу максатында түзүлдү.
Фонддун милдеттери, функциялары, түзүмү жана иштөө тартиби, ошондой эле анын башкаруу органдарынын компетенциялары жана ыйгарым укуктары Фонддун Уставы менен аныкталат.
3-берене. Иштин багыттары жана принциптери
Фонд Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана өзүнүн ишин жүргүзгөн чарбалык субъекттер менен мамилелерде кредиттерди жана зайымдарды берүү, капиталга катышуу жана башка финансылык инструменттерди пайдалануу жолу менен Кыргыз Республикасында уюштуруучулар үчүн артыкчылыктуу долбоорлорго, анын ичинен төмөнкү тармактарда инвестицияларды ишке ашырат:
- агроөнөр жай комплекси;
- суу менен камсыз кылуу сектору;
- саламаттык сактоо сектору;
- автомобиль өнөр жайы;
- илим, изилдөө жана технологиялар;
- газөнөр жай комплекси;
- химия жана мунайхимия өнөр жайы;
- тигүү жана текстиль өнөр жайы;
- иштетүүчү өнөр жай;
- кен казуу жана металлургия өнөр жайы;
- транспорт;
- турак жай курулуш;
- соода;
- ишкердикти өнүктүрүү;
- энергетика комплекси;
- инфратүзүмдү өнүктүрүү;
- маалыматтык технологиялар;
- туризмди өнүктүрүү.
Фонд Кыргыз Республикасынын аймагында долбоорлорду ишке ашыруу максатында эл аралык уюмдар, корпорациялар жана өнүктүрүү институттары менен өз ара аракеттенет, ошондой эле Фонд тарабынан колдоого алынуучу долбоорлор боюнча техникалык көмөк көрсөтөт.
4-берене. Уставдык капитал
Фонддун уставдык капиталы 25000000 (жыйырма беш миллион) АКШ доллары суммасын түзөт. Уставдык капиталга төгүм төмөнкүдөй тартипте АКШ долларында киргизилет.
Уставдык капиталга төгүмдөр долбоорлорду каржылоо максатында Азербайжан тараптан, эл аралык финансы институттарынан, чет өлкөнүн өкмөттөрүнүн финансылык уюмдарынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан Фонддун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы атайын эсебине которулат.
Бул эсепке которулган каражаттарды Фонддун пайдалануу тартиби жана шарттары Тараптардын ыйгарым укуктуу ведомстволору тарабынан аныкталат.
5-берене. Укуктарга болгон жөндөмдүүлүк
Фонд эл аралык укуктун субъекти катары эл аралык укук жөндөмдүүлүгүнө ээ.
Фонд Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында анын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн зарыл болгон укук жөндөмдүүлүгүн пайдаланат.
Фонд юридикалык жактын укуктарын пайдаланат жана анын ичинде төмөнкүлөрдү аткара алат:
- келишимдерди түзүүнү;
- Кыргыз Республикасынын жарандык жана жер мыйзамдарына ылайык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алууну жана өзүнүн ишин камсыздоо үчүн аларды тескөөнү;
- эсептерди ачууну жана акча каражаттары менен операцияларды жүргүзүүнү.
Фонд жыл сайын Тараптарга Фонддун максаттарга жетүүгө жана милдеттерди аткарууга багытталган иш-чараларды ишке ашыруусу жөнүндө отчет берет.
6-берене. Иштин айрым аспекттери
Фонддун иши ушул Макулдашуу, Фонддун Уставы, эл аралык укуктун жалпы таанылган ченемдери, колдонуудагы эл аралык макулдашуулар, өз компетенциясына ылайык Фонддун Башкармалыгынын органдары кабыл алган документтер менен жөнгө салынат.
Тараптардын мамлекеттеринин колдонуудагы мыйзамдары ушул Макулдашууга карама-каршы келбеген бөлүгүндө Фондго карата колдонулат.
Тараптардын мамлекеттеринин аймагында Фонддун иши тараптардын мамлекети катышуучу болуп саналган колдонуудагы эл аралык келишимдер, Фонддун уставы, Фонддун Тараптардын башка ыйгарым укуктуу органдары менен Фонддун Тараптардын мамлекеттеринин аймагында болуу шарттары жөнүндө Тараптар менен түзгөн макулдашуулары менен аныкталат, ал эми алар жок учурда же болбосо аталган документтер менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө - мындай иш жүзөгө ашырылган аймактагы Тараптардын мамлекеттеринин ар биринин улуттук мыйзамдары менен жөнгө салынат. Тараптардын мамлекеттеринин ар биринин уюмдун ишин түзүү, лицензиялоо, жөнгө салуу жана токтотуу тартибин белгилөөчү мыйзамдарынын жоболору Фондго карата колдонулбайт.
Фонд, анын кирешелери, мүлкү жана башка активдери, ошондой эле анын Тараптардын мамлекеттеринин аймагындагы ушул Макулдашууга ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялары жана бүтүмдөрү Фонддун кардарларында жана контрагенттеринде Фонд менен операцияларга жана бүтүмдөргө байланыштуу келип чыккан төлөмдөрдү кошпогондо, кандай гана болбосун салыктардан, анын ичинде киреше салыгынан, жыйындардан, алымдардан жана башка бюджетке милдеттүү төлөмдөрдөн бошотулат. Бул абзацтын таасири Фонддун кызматкерлерине, ошондой эле Фонддун кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча Фонддун милдеттенмелерине жайылтылбайт.
7-берене. Чет элдик инвестицияларды коргоо
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушуну менен:
- Кыргыз Республикасынын аймагында ушул Макулдашуу боюнча ишин жүзөгө ашырууда чет элдик инвестор катары Азербайжан Республикасынын бардык укуктарын ырастайт, кепилдик берет жана коргойт;
- Азербайжан Республикасына Фонддун капиталы, мүлкү жана активдери улутташтырылбайт, экспроприацияланбайт жана улутташтырууга же экспроприациялоого эквиваленттүү натыйжага ээ кандайдыр бир чара же чараларга кабылбайт деп кепилдик берет.
8-берене. Өзгөртүүлөр
Тараптардын өз ара макулдашуулары боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор, анын ичинде ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган кошумча макулдашуулар менен таризделген уставдык капиталдын көлөмү боюнча да киргизилиши мүмкүн.
9-берене. Талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер
Ушул Макулдашуунун жана Уставдын жоболорун колдонуу же чечмелөө менен байланышкан, ошондой эле Фонддун ишинин жүрүшүндө пайда болуучу пикир келишпестиктер жана талаш-тартыштар Тараптар тарабынан консультациялар жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.
Эгерде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн жана консультациялардын натыйжасында үч айдын ичинде талаш-тартыштар жөнгө салынбаса, бул талаш-тартыш үч арбитрдан турган Эл аралык арбитраждык соттун кароосуна берилет, алардын бири Фонд, экинчиси тиешелүү Тараптар тарабынан дайындалат, ал эми үчүнчүсү дайындалган арбитрлар менен макулдашуу боюнча дайындалат, эгерде талаш-тартыштын тараптары үчүнчү арбитр боюнча бир пикирге келишпесе, Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык Сотунун Төрагасы дайындайт. Арбитрлар көпчүлүк добуш менен чечим кабыл алышат жана алар тарабынан кабыл алынган чечим акыркы жана талаш-тартыштын тараптары үчүн милдеттүү болуп саналат.
10-берене. Корутунду жоболор
Ушул Макулдашуу Тараптардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу алардын укуктарын жана милдеттенмелерин козгобойт.
Ушул Макулдашуу, ошондой эле анын Кошумча макулдашуулары анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптар аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүү дипломатиялык каналдар боюнча алынган датадан тартып күчүнө кирет.
2022-жылдын "___" ____________ Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында эки нускада, ар бири кыргыз, азербайжан жана орус тилдеринде түзүлдү. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда орус тилиндеги текст пайдаланылат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Азербайжан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуунун тиркемеси |
Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун УСТАВЫ
Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду (мындан ары - Фонд) 2022-жылдын "___" _____________ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) жана ушул Уставга ылайык уюштурулду жана иштейт.
I бөлүм. Фонддун уюштуруучулары, статусу, максаты, милдеттери, функциялары
1-берене. Фонддун уюштуруучулары
Фонддун уюштуруучулары болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Азербайжан Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Тараптар), ошондой эле Тараптардын макулдашуулары боюнча башка уюштуруучулар эсептелет.
2-берене. Фонддун аталышы, жайгашкан жери, тили
1. Фонддун толук аталышы:
кыргыз тилинде - Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду;
азербайжан тилинде - Azǝrbaycan-Qırğız İnkişaf Fondu;
орус тилинде - Азербайджано-Кыргызский Фонд развития;
англис тилинде - Azerbaijan-Kyrgyz Development Fund.
Фонддун кыскартылган аталышы:
кыргыз тилинде - АКӨФ;
азербайжан тилинде - AQİF;
орус тилинде - АКФР;
англис тилинде - AKDF.
2. Фонддун жайгашкан жери: Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы.
3. Фонддун жумушчу жана расмий тили болуп орус тили саналат.
3-берене. Фонддун статусу
1. Фонд эл аралык уюм - эл аралык укуктун субъекти болуп саналат, эл аралык укуктук жөндөмдүүлүккө ээ жана өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдерди түзүүгө укуктуу.
2. Фонд юридикалык жактын укуктарына ээ, анын ичинде:
а) Фонддун Уставына каршы келбеген ар кандай бүтүмдөрдү жасайт;
б) Кыргыз Республикасынын жарандык жана жер мыйзамдарына ылайык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага алат, сатып алат жана ээликтен ажыратат, ошондой эле өзүнүн ишин камсыздоо үчүн бул мүлктү башка ыкма менен тескейт;
в) банктык эсептерди ачат жана акча каражаттары менен операцияларды жүргүзөт.
3. Фонд Тараптардын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ал эми Тараптар Фонддун милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
4. Фонддун каражатынын эсебинен Фонддун операцияларына таандык болбогон Тараптардын милдеттенмелерин аткарууга жол берилбейт. Фонддун каражаттары Фонддун операцияларына таандык болбогон Тараптардын милдеттенмелерин аткаруунун эсебине үчүнчү жактардын талаптары боюнча мажбурлоо тартибинде алып коюлбайт.
5. Фонд Кыргыз Республикасынын аймагында жана Азербайжан Республикасынын аймагында ушул Уставга ылайык филиалдарды жана (же) өкүлчүлүктөрдү ачууга укуктуу.
4-берене. Фонддун максаттары жана милдеттери
1. Фонд Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташтыкка көмөк көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын экономикасын модернизациялоо жана өнүктүрүү, мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу максатында уюштурулган.
2. Белгиленген максаттарга жетишүү үчүн Фонд:
а) Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу секторлорундагы өзүн актоочу долбоорлорду каржылоону ишке ашырат;
б) Кыргыз Республикасында катталган жана өзүнүн ишин жүргүзгөн чарбалык субъекттердин капиталына катышат;
в) Кыргыз Республикасында катталган жана өзүнүн ишин жүргүзгөн чарбалык субъекттерге алгылыктуу финансылык шарттарда орто жана узак мөөнөттүү долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтөт;
г) Кыргыз Республикасынын экономикасынын финансылык секторун өнүктүрүүгө, анын ичинде Фонддун каражаттарын алуучу субъекттер тарабынан финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана продукттардын жаңы түрлөрүн ишке киргизүүгө көмөк көрсөтүүгө катышат;
д) корпоративдик башкаруунун заманбап методдорун анын өнөктөштөрү жана кардарлары тарабынан пайдалануусуна көмөк көрсөтөт;
е) Тараптар менен биргеликте аныкталуучу башка милдеттерди чечет.
5-берене. Фонддун функциялары
Фонд өзүнүн ишинин максаттарына жетүү жана коюлган милдеттерди чечүү үчүн төмөнкү функцияларды аткарат:
а) Фонддун регламенттерине жана жол-жоболоруна ылайык каржылоого сунушталуучу долбоорлорду тандоону жана баалоону жүргүзөт;
б) долбоорлорду каржылоону (анын ичинде юридикалык жактардын капиталына катышуу жолу менен) ишке ашырат;
в) долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кредиттик уюмдарды тандоо жана каржылоо шарттарын аныктайт;
г) Фонд тарабынан каржылануучу же анын катышуусундагы долбоорлорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзөт;
д) кредиттерди тартат, ошондой эле Фонддун саясатына ылайык улуттук жана эл аралык финансылык рыноктордо облигациялык зайымдарды жана башка карыздык кагаздарды жайгаштырат;
е) Фонддун саясатына ылайык убактылуу бош каражаттарды жайгаштырат;
ж) Кыргыз Республикасынын аймагында долбоорлорду ишке ашыруу максатында эл аралык уюмдар, корпорациялар жана институттар менен өз ара аракеттенет;
з) финансылык жана инвестициялык консалтинг кызматтарын көрсөтөт;
и) Макулдашууда жана ушул Уставда аныкталган Фонддун максаттарына каршы келбеген башка ишти жүзөгө ашырат.
II бөлүм. Фонддун каражаты
6-берене. Фонддун каражаты
1. Фонддун каражаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
а) Фонддун уставдык капиталына төгүмдөр;
б) Фонддун убактылуу бош каражаттарын жайгаштыруудан (инвестициялоодон) түшүүлөр;
в) гранттык каражаттар;
г) Фонддун каражаттарын кайтарымдуу негизде берүүдөн жана инвестициялардан (капиталга катышуудан) түшүүлөр;
д) Фондго кайрымдуулуктар;
е) Фондго башка түшүүлөр.
2. Фонддун уставдык капиталы 25000000 (жыйырма беш миллион) АКШ доллары суммасын түзөт.
3. Уставдык капиталга төгүмдөр Фонддун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы атайын эсебине АКШ долларында которулат.
4. Бул эсепке которулган каражаттарды Фонд тарабынан пайдалануунун тартибин Фонддун Кеңеши аныктайт.
5. Фонд Дүйнөлүк банктын тобуна кирген Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын кредиттеринин финансылык шарттарына окшош шарттарда башка булактардан зайымдык каражаттарды тартууга укуктуу.
6. Фонддун пайдасы (чыгымы) Финансы отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча аныкталат.
7. Фонддун пайдасын бөлүштүрүү Фонддун Кеңешинин чечими боюнча ишке ашырылат.
8. Фонддун долбоордук ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу мүмкүн болуучу чыгымдарды өз убагында жабуу үчүн Фонд атайын резервдерди түзөт. Аларды түзүүнүн тартиби жана өлчөмү башкаруу органдары тарабынан алардын компетенциясына ылайык аныкталат.
III бөлүм. Фонддун ишин уюштуруу
7-берене. Компетенттүү органдар
Тараптардын ортосундагы, ошондой эле Тараптар менен Фонддун башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо үчүн Тараптар компетенттүү органдарды аныктайт, бул тууралуу дипломатиялык каналдар боюнча бири-бирине кабарлайт.
Башкаруу органдарынын ушул Уставда белгиленген компетенциясынын алкагында чечилбей турган Фонддун ишинин маселелери компетенттүү органдар аркылуу Тараптардын кароосуна берилет.
8-берене. Фондду башкаруу
1. Фонддун Кеңеши жана Фонддун Башкармасы Фондду башкарат.
2. Фонддун Кеңеши анын ишин стратегиялык башкарууну жүзөгө ашыруучу Фонддун жогорку башкаруу органы болуп саналат. Фонддун Кеңешинин курамына Кыргыз Тараптан 2 (эки) өкүл жана Азербайжан Тараптан 3 (үч) өкүл кирет. Фонддун Кеңешинин төрагасы Азербайжан Республикасынын Өкмөтү тарабынан дайындалат. Фонддун Кеңешинин төрагасы Кыргыз Тараптан Фонддун Кеңешинин мүчөлөрүнүн бирин өзүнүн орун басары кылып дайындайт.
3. Фонддун Кеңеши өзүнүн жыйналыштарын зарылдыгына жараша, бирок жылына төрт жолудан кем эмес өткөрөт. Фонддун Кеңешинин кезексиз жыйналыштары Фонддун Кеңешинин Төрагасынын же Фонддун Башкармасынын Тең төрагаларынын демилгеси менен чакырылат. Фонддун Кеңешинин жыйналышы эгерде ага Фонддун Кеңешинин бардык мүчөлөрү катышса, укуктуу болуп саналат.
4. Фонддун Башкармасы Фонддун туруктуу иштеген коллегиалдуу аткаруучу органы болуп саналат. Фонддун Башкармасынын курамына Тараптардын өкүлдөрү кирет.
5. Тараптар Фонддун Кеңешиндеги жана Фонддун Башкармасындагы өздөрүнүн өкүлдөрүн өз алдынча дайындайт жана бошотот. Фонддун Башкармасынын Тең төрагалары Кыргыз Тараптан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жана Азербайжан Тараптан Азербайжан Республикасынын Өкмөтү тарабынан 3 жылдык мөөнөткө дайындалат.
6. Фонддун Башкармасынын мүчөлөрү өз ишин Фонддун Кеңеши тарабынан бекитилүүчү Фонддун бюджетинин чегинде акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырат.
9-берене. Фонддун Кеңешинин компетенциясы
1. Фонддун Кеңешинин компетенциясына төмөнкү ыйгарым укуктар кирет:
а) Фонддун уставдык капиталын көбөйтүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
б) Фонддун Башкармасынын Тең төрагаларынын жана Фонддун Башкармасынын мүчөлөрүнүн сый акысынын өлчөмүн аныктоо;
в) Фонддун уюштуруу түзүмүн, штаттык расписаниесин жана Фонддун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн чектик өлчөмүн бекитүү;
г) Фонддун Башкармасынын жылдык отчетун, аудитордук корутундуну эске алуу менен Фонддун финансылык отчеттуулугун бекитүү;
д) Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылануучу операциялардын натыйжалуулугу тууралуу Фонддун Башкармасынын отчетторун кароо;
е) Фонддун кезектеги финансылык жылга бюджетин жана финансылык планын бекитүү;
ж) Фонддун тышкы аудиторун жана Фонддун тышкы аудиторунун өзүн тандоо тартибин, ошондой эле ички аудит кызматынын ишинин тартибин бекитүү;
з) Фонддун каражаттарын административдик башкаруу жана тескөө боюнча Фонддун Башкармасынын ишин көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу;
и) Фонддун артыкчылыктарын, анын ичинде эл аралык кызматташтык жаатындагы артыкчылыктарын аныктоо жана эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
к) Тараптардын мамлекеттеринин аймагында филиалдарды жана (же) өкүлчүлүктөрдү ачуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
л) эсептик саясатты бекитүү;
м) Фонддун инвестициялык, кредиттик жана зайымдык саясатын бекитүү;
н) 1000000 (бир миллион) АКШ долларынан жогору суммага инвестициялоо же кредиттөө үчүн Фонддун Башкармасы тарабынан сунушталган долбоорлорду карап чыгуу жана бекитүү;
о) Фонддун Кеңешинин иш регламентин бекитүү;
п) инвестициялык жана кредиттик ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон комитеттерди түзүү, иштөө тартиби жана шарттары жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
р) Фонддун ишин токтотуп туруу жана (же) токтотуу жөнүндө сунуштарды Тараптарга берүү;
с) Макулдашууга жана ушул Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды Тараптарга берүү;
т) Фонддун ишин убактылуу токтотуп туруу жана (же) токтотуу демилгеси тууралуу чечим кабыл алуу, ошондой эле Фонддун колдонулбаган каражаттарын бөлүштүрүү боюнча сунушту Тараптарга сунуштоо;
у) чечүү ушул Уставга ылайык Фонддун Кеңешине жүктөлүүчү башка маселелер.
2. Фонддун Кеңеши Фонддун Кеңешинин мүчөлөрүнүн добуш берүүдө тиешелүү ыйгарым укуктарынын болуусун талап кылган маселелерди кошпогондо, айрым маселелер боюнча ыйгарым укуктарды Фонддун Башкармасына берүүгө укуктуу.
3. Фонддун Башкармасынын Тең төрагалары менен түзүлгөн контрактка Фонддун Кеңешинин төрагасы же анын жазуу жүзүндөгү тапшырмасы боюнча Фонддун Кеңешинин мүчөсү кол коёт.
10-берене. Фонддун Кеңешинде добуш берүү
1. Фонддун Кеңешинин ар бир мүчөсү бир добушка ээ.
2. Фонддун ишинин маселелери боюнча Фонддун Кеңешинин чечими консенсус принциби боюнча бир добуштан кабыл алынат.
3. Фонддун Кеңеши добуш берүүнү Фонддун Кеңешинин мүчөлөрүн жазуу жүзүндө сырттан сурамжылоо жолу менен жүргүзүүгө укуктуу.
4. Бардык чечимдер Фонддун Кеңешинин жыйналышынын протоколу менен таризделет, ал Фонддун Кеңешинин мүчөлөрүнө таратылат.
11-берене. Фонддун Башкармасы
1. Фонддун Башкармасынын иши Фонддун Кеңеши тарабынан регламенттелет. Фонддун Башкармасы өз ишин жүзөгө ашырууда ушул Уставды жана Фонддун Кеңешинин чечимдерин жетекчиликке алат.
Фонддун Башкармасы Фонддун Кеңешине отчет берет.
2. Фонддун Башкармасынын компетенциясына төмөнкүдөй ыйгарым укуктар кирет:
а) Фонддун инвестициялык, кредиттик, зайымдык жана эсептик саясатын иштеп чыгуу жана Фонддун Кеңешине бекитүүгө киргизүү;
б) Фонддун ишинин программаларын жана башка саясатты иштеп чыгуу жана бекитүү, Фонддун ишинин стратегиялык милдеттерин чечүү боюнча сунуштарды даярдоо;
в) Фонддун Кеңешинин жыйналыштарын даярдоо жана өткөрүү, Фонддун Кеңешине Фонддун Башкармасынын жылдык отчетун, кезектеги финансылык жылга финансылык отчеттуулукту, финансылык планды жана Фонддун бюджетинин долбоорун бекитүүгө берүү;
г) андан ары Фонддун Кеңешинин кароосуна киргизүү менен долбоорлорду жактыруу;
д) ушул Устав менен Фонддун Кеңешинин ыйгарым укуктарына киргизилген маселелер боюнча чечимдердин долбоорлорун Фонддун Кеңешинин жыйналыштарында кароого даярдоо;
е) каражаттарды жайгаштыруу жана тартуу боюнча чечимдерди кабыл алуу, өтүмдүүлүктү жана пайда алууну кармап туруу максатында Фонддун активдеринин жана пассивдеринин рационалдуу түзүмүн аныктоо, тобокелдиктерди жана өтүмдүүлүктү контролдоону камсыздоо;
ж) Фонддун кызмат көрсөтүүлөрүнө пайыздык ставкаларды жана тарифтерди бекитүү;
з) Фонддун Башкармасынын компетенциясына кирген Фонддун эрежелерин жана жол-жоболорун бекитүү;
и) ушул Уставдын 9-беренесинин "н" пунктчасына карама-каршы келбеген Фонддун инвестициялык саясатында белгиленген Башкармалыктан ыйгарым укуктарынын чегинде инвестицияларды жүзөгө ашыруу.
3. Фонддун Башкармасынын жыйналыштары зарылдыгына жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Эгерде ага Фонддун Башкармасынын мүчөлөрүнүн жалпы санынын 5/4 кем эмеси катышса, жыйналыш өткөрүлдү деп эсептелет.
4. Ушул берененин 2-пунктунун "е" пунктчасында каралган маселелер боюнча Фонддун Башкармасынын чечими консенсус принциби менен бир добуштан кабыл алынат.
5. Ушул берененин 2-пунктунун "г" пунктчасында каралган маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу жол-жобосу ушул Уставга ылайык Фонддун Кеңеши тарабынан бекитилүүчү инвестициялык жана кредиттик саясаттын негизинде Фонддун Башкармасы тарабынан аныкталат.
6. Фонддун Башкармасынын компетенциясына кирген калган маселелер боюнча чечимдер көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
7. Чечимдерди кабыл алууда Фонддун Башкармасынын ар бир мүчөсү бирден добушка ээ. Добуш берүү боюнча ыйгарым укуктарды башка адамдарга берүүгө жол берилбейт. Фонддун Башкармасынын мүчөлөрү өздөрүнүн сын пикирлерин жана сунуштарын Фонддун Башкармасынын жыйналыштарынын протоколдоруна киргизүүгө укуктуу. Фонддун Башкармасынын жыйналышынын протоколуна Фонддун Башкармасынын Тең төрагалары кол коёт.
12-берене. Фонддун Башкармасынын Тең төрагалары
1. Фонддун Башкармасынын Тең төрагалары ушул Уставда жана Фонддун башкаруу органдары тарабынан аныкталган өзүнүн компетенциясынын жана укуктарынын алкагында Фонддун жана Фонддун Башкармасынын ишине жетекчилик кылат.
2. Фонддун Башкармасынын Тең төрагалары Фонддун атынан чыгат жана төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
а) ушул Уставда белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде Фонддун атынан (ишеним катсыз) операцияларды жана бүтүмдөрдү жасоого;
б) Фонддун атынан чыгууга жана анын кызыкчылыктарын коргоого (анын ичинде эл аралык уюмдарда, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарында, соттордо жана башка мекемелерде жана уюмдарда);
в) Фонддун чарбалык иши менен байланышкан жана кредиттик жана инвестициялык ишке тиешеси жок бүтүмдөрдү түзүү боюнча жеке чечим кабыл алууга;
г) Фонддун кызматкерлерин кабыл алууга жана бошотууга, алардын кызматтык милдеттерин аныктоого;
д) ички аудит кызматынын персоналдык курамы боюнча сунуштарды киргизүүгө;
е) Фонддун бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарууга жана көрсөтмөлөрдү берүүгө;
ж) Фонддун финансылык жана тескөөчү документтерине кол коюуга;
з) ушул Уставдын жоболоруна ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
3. Фонддун Башкармасынын Тең төрагалары Фонддун Кеңешинин алдында анын чечимдеринин аткарылышы, Фонддун ишинин уюштурулушу жана анын ишинин натыйжасы үчүн жоопкерчилик тартат.
4. Фонддун Башкармасынын Тең төрагалары Фонддун Башкармасынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын жана кызматтык милдеттерин бөлүштүрөт жана Фонддун Башкармасынын ишин уюштурат.
IV бөлүм. Фонддун ишинин айрым аспекттери
13-берене. Саясий ишке тыюу салуу
1. Фонд, Фонддун Кеңешинин, Фонддун Башкармасынын мүчөлөрү жана кызматкерлери өз ишинде Фонддун кызыкчылыктарын, анын ушул Уставда каралган максаттарын жана функцияларын гана жетекчиликке алат.
2. Тараптар Фонддун эл аралык уюм катары статусун эске алуу менен алардын өз милдеттерин аткарууда Фонддун кызмат адамдарынын кимисине болбосун ар кандай кысым көрсөтүү аракеттеринен карманат.
3. Фонд анын максаттарына же функцияларына кандай жол менен болбосун зыян келтирүүсү, аларды чектөөсү, алардан четтөөгө же башка жол менен аларды өзгөртүүгө алып келүүсү мүмкүн болгон кредиттик ресурстарды тартууга, жардам же башка түрдөгү көмөк көрсөтүүлөрдү алууга катышпайт.
4. Фонд, Фонддун Башкармасынын мүчөлөрү жана Фонддун кызматкерлери Тараптардын кайсынысы болбосун мамлекетинде болуп жаткан саясий окуяларга кийлигишүүгө, саясий партияларды, саясий ишке түздөн-түз же кыйыр түрдө катышкан уюмдарды жана жактарды түздөн-түз жана кыйыр каржылоо менен байланышкан чечимдерди кабыл алууга укуксуз.
Чечимдерди кабыл алууда Фонддун органдары ушул Уставдын максаттарына жетишүүгө багытталган гана түшүнүктөрдү жетекчиликке алууга тийиш.
14-берене. Фонддун ишинин принциптери
Фонддун операциялары төмөнкү принциптерге ылайык жүргүзүлөт:
1. Фонд долбоорлорду каржылоону мөөнөттүү, кайтарымдуулук жана акы төлөө шарттарында жүзөгө ашырат.
2. Фонд анын максаттарына жана милдеттерине кандай жол менен болбосун зыян келтирүүсү, аларды чектөөсү, алардан четтөөгө же башка жол менен аларды өзгөртүүгө алып келүүсү мүмкүн болгон кандайдыр бир төгүмдөрдү тартпайт жана кандайдыр бир жардам көрсөтүү алууну санкциялабайт.
3. Эгерде Тараптардын бири мындай каржылоого каршы болсо, Фонд Тараптардын аймагында эч кандай иш-чараларды каржылабайт.
4. Фонд тарабынан жүзөгө ашырылуучу кредиттер, инвестициялар жана башка каржылоо Фонддун Кеңеши же Фонддун Башкармасы Тараптардын мамлекети болуп саналбаган мамлекетте өндүрүлгөн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү Тараптардын мамлекети болуп саналбаган мамлекетте сатып алууга уруксат берген, мындай сатып алууну экономикалык максатка ылайыктуу, ал эми инвестицияларды натыйжалуу кылган учурларды кошпогондо, Тараптардын мамлекеттеринде өндүрүлгөн Тараптардын мамлекеттеринде товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн пайдаланылат.
5. Фонд тарабынан берилген ар кандай кредиттер же Фонд катышкан зайым же болбосо капиталга катышуу, бул кредитти же капиталга катышууну талаптагыдай берүү максатында гана пайдаланылышы үчүн үнөмдөөнү жана натыйжалуулугун эске алуу менен зарыл чараларды көрөт.
15-берене. Фонддун финансылык жылы, финансылык жана башка отчеттуулугу
Фонддун финансылык жылы 1-январда башталат жана 31-декабрда аяктайт.
Фонд бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (ФОЭС) ылайык финансылык отчеттуулукту даярдайт. Фонд ошондой эле бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө жана финансылык отчетту АКШ доллары менен түзүүгө укуктуу. Статистикалык жана салыктык отчеттуулук ушул Уставга каршы келбеген бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилет.
16-берене. Фонддун аудити жана отчетторду жарыялоо
1. Фонддун финансылык-чарбалык ишин контролдоо үчүн анын түзүмүндө ички аудит кызматы түзүлөт, анын персоналдык курамы Фонддун Кеңеши тарабынан бир жылдык мөөнөткө (аны узартуу мүмкүнчүлүгү менен) бекитилет. Ички аудит кызматы Фонддун Кеңешине отчет берет.
2. Фонддун жылдык финансылык отчетун текшерүү жана аныктыгын ырастоо үчүн Фонддун көз карандысыз тышкы аудити жыл сайын жүргүзүлөт.
Аудит жүргүзүүгө лицензиясы бар жана Фонд же анын уюштуруучулары менен мүлктүк кызыкчылыктары байланышпаган көз карандысыз эл аралык кесиптик аудитордук уюмду тандоо тартиби Фонддун Кеңеши тарабынан аныкталат.
Фонддун Кеңеши жыл сайын тандоонун натыйжалары боюнча мыкты деп таанылган көз карандысыз эл аралык кесиптик аудитордук уюмду бекитет жана Фонддун Башкармасынын Тең төрагасына аны менен контракт түзүүгө укук берет.
3. Фонд жылдык отчетту жана аудитордук корутундуну отчеттук мезгилден кийинки жылдын биринчи кварталынан кечиктирбестен Тараптарга жөнөтөт.
Фонд өзүнүн финансылык отчетторун жана өз максаттарына жетүү жана өздөрүнүн функцияларын аткаруу үчүн жарыялоосу максатка ылайыктуу башка кандай болбосун отчетторун жарыялайт.
V бөлүм. Фонддун иммунитеттери, артыкчылыктары жана жеңилдиктери
17-берене. Фонддун иммунитеттери жана артыкчылыктары
1. Фондго өз максаттарына жетүү жана өз функцияларын аткаруу үчүн Тараптардын мамлекеттеринин аймагында ушул бөлүмдө каралган жана Фонд менен Тараптардын ортосунда түзүлгөн макулдашууларда белгиленген иммунитеттер, артыкчылыктар жана жеңилдиктер берилет.
2. Ушул берененин 1-пунктунун жоболоруна карабастан Тараптардын кайсынысы болбосун, анын ичинде ушул Тараптын атынан иш алып барган же талаптарды койгон Тараптардын мамлекеттеринин кайсы адамы, органы жана/же мекемеси тарабынан болбосун Фондго каршы эч кандай аракеттер жана доолор колдонулбайт. Тараптар ушул Уставда, Фонддун жоболорунда жана регламенттеринде, ошондой эле Фонддун Тараптар жана эл аралык уюмдар менен түзгөн макулдашууларында каралган карама-каршылыктарды жөнгө салуу үчүн атайын жол-жоболорду пайдалана алышат.
3. Тараптардын мамлекеттеринин аймагындагы Фонддун мүлкү жана активдери Тараптардын улуттук мыйзамдарында каралган, ошондой эле Макулдашуунун 9-беренесинин жоболорун ишке ашыруу менен байланышкан учурларды кошпогондо, тинтүүдөн, реквизациялоодон, камоого алуудан, конфискациялоодон, экспроприациялоодон же алып коюунун же болбосо ээликтен ажыратуунун каалаган формасынан коргоого ээ болот.
4. Фонддун максаттарына жетүү жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон даражада жана ушул Уставдын жоболорун эске алуу менен Фонддун бардык мүлктөрү жана активдери кандай болбосун чектөөлөрдөн, жазма буйруктардан жана мораторийлерден бошотулат.
5. Фондго таандык же болбосо ал менчик ээси болуп саналган архивдер, мүлк, ошондой эле кандай гана болбосун маалыматтар Тараптардын мамлекеттеринин аймагында кол тийбестикке ээ.
6. Ушул берененин жоболору Фонддун каражаттарын алуучу - субъекттердин аракеттерине жана доолоруна карата жайылтылбайт.
18-берене. Иммунитеттерден жана артыкчылыктардан баш тартуу
Фонддун Кеңеши ушул Уставда каралган кандай гана болбосун иммунитеттерден, артыкчылыктардан жана жеңилдиктерден анын пикири боюнча Фонддун кызыкчылыктарына жооп бере ала турган даражада жана шарттарда баш тарта алат.
VI бөлүм. Корутунду жоболор
19-берене. Фонддун ишин убактылуу токтотуп туруу тартиби
1. Өзгөчө кырдаалдарда Фонддун Кеңеши Фонддун ишин токтотуп туруу демилгеси жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн. Фонддун ишин токтото туруу жөнүндө чечим Фонддун Кеңешинин сунушу боюнча Тараптар тарабынан кабыл алынат.
2. Фонддун ишин убактылуу токтотуп туруу демилгеси жөнүндө чечим кабыл алынган учурда Фонддун каражаттарын берүү жана Фонддун каражаттары менен бүтүмдөрдү жасоо жөнүндө жаңы макулдашууларды түзүү токтотулуп турат.
20-берене. Фонддун ишин токтотуу тартиби
1. Фонддун ишин токтотуу демилгеси жөнүндө чечим Фонддун Кеңеши тарабынан кабыл алынат. Фонддун ишин токтотуу жөнүндө чечимди Фонддун Кеңешинин сунушу боюнча Тараптар кабыл алат.
2. Фонддун ишин токтотуу демилгеси жөнүндө чечимди кабыл алууда, Фонддун Кеңеши тиешелүү чечим кабыл алган датага чейин келип чыккан Фонддун каражаттарынын эсебинен төлөнүүгө тийиш болгон Фонддун каражаттарын берүү жана милдеттенмелерди жөнгө салуу жөнүндө колдонуудагы макулдашуулар боюнча Фонддун каражаттарын коргоо жана сактоо, төлөмдөрдү топтоо боюнча иштерди кошпогондо, Фонддун каражаттары менен болгон бардык операциялар токтоосуз токтотулат.
3. Фонддун ишин токтотуу жөнүндө чечимди кабыл алууда, кредиттер жана башка акчалай милдеттенмелер тындырылгандан кийин, уставдын бөлүштүрүлбөгөн акча каражаттары 15 күндүн ичинде аларды салган Тараптарга пропорциялуу кайтарып берилет.