Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 28-ноябры № 765
Cengiz Holding A.S. компаниясынын 2022-жылдын 22-ноябрындагы катына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Cengiz Holding A.S. компаниясынын "Эти Бакыр Терексай" жоопкерчилиги чектелген коомунун ишин башкаруу боюнча сунушун изилдөө боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу комиссия бир айлык мөөнөттө:
- Cengiz Holding A.S. компаниясынын 2022-жылдын 31-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан Терек, Тереккан жана Перевальное кендеринде ишти токтотуу жана "Эти Бакыр Терексай" жоопкерчилиги чектелген коомунун уставдык капиталындагы катышуу үлүшүн "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна өткөрүп берүү жөнүндө сунушун изилдесин;
- "Эти Бакыр Терексай" жоопкерчилиги чектелген коомунун активдеринин жана мүлкүнүн баланстык наркын, ошондой эле катышуу үлүшүн жана жогоруда аталган кендердеги инвестициялык ишке байланыштуу Cengiz Holding A.S. компаниясы тарткан чыгымдардын иш жүзүндөгү наркын аныктасын;
- жыйынтыгы боюнча тиешелүү сунуштарды жана андан аркы иш-аракеттердин жол картасынын долбоорун киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу комиссияга белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызматкерлерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга, ошондой эле анын иши үчүн зарыл болгон материалдарды жана документтерди суроого укук берилсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын ишин уюштуруучулук-методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине жана тартылган мамлекеттик органдарга жүктөлсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
|
Тиркеме |
Cengiz Holding A.S. компаниясынын "Эти БакырТерексай" жоопкерчилиги чектелген коомунун ишин башкаруу боюнча сунушун изилдөө боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын состав
Туманов Алмазбек Жаныбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин директору - министрдин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын төрагасы; |
Калдарбеков Элдияр Султанович | - | "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Сыргабаев Абсаттар Токтогулович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Асылкулов Искендер Эсенгельдиевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; |
Бегалиев Алтынбек Чолпонбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Султангазиев Бекжан Алманбетович | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директорунун орун басары; |
Машиев Медер Асанович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; |
Аликеев Суйунтбек Сакыевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти. |