Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН
ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 25-ноябры № 763
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин аба транспортунун эксплуатантын сертификациялоо жол-жобосун жүргүзүү бөлүгүндө ишин изилдөө жана сертификаттарды берүүнү жөнөкөйлөштүрүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин аба транспортунун эксплуатантын сертификациялоо жол-жобосун жүргүзүү бөлүгүндө ишин изилдөө жана сертификаттарды берүүнү жөнөкөйлөштүрүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин аба транспортунун эксплуатантын сертификациялоо жол-жобосун жүргүзүү бөлүгүндө ишин изилдесин жана сертификаттарды берүүнү жөнөкөйлөштүрүү боюнча сунуштамаларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу топко министрликтердин жана ведомстволордун, башка уюмдардын кызматкерлерин тартууга жана иш үчүн зарыл болгон документтерди суроого укук берилсин.
4. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар жумушчу топко суралган маалыматты берсин.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
|
А.У.Жапаров |
Тиркеме
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин аба транспортунун эксплуатантын сертификациялоо жол-жобосун жүргүзүү бөлүгүндө ишин изилдөө жана сертификаттарды берүүнү жөнөкөйлөштүрүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун
курамы
Текебаев Тилек Кыдырмаевич | - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, жумушчу топтун жетекчиси;
|
Момбеков Бактылуу Аскар уулу | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Аскаров Тимур Алмазович | - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
|
Жолдошбеков Ренат Жолдошбекович | - "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги;
|
Турсунбаев Бахтияр Турдубаевич | - "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун учуулардын коопсуздугу боюнча жана сапатын контролдоо инспекциясынын начальниги;
|
Баялиева Кундуз Искендербековна | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти. |