Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2022-жылдын 19-октябры № 566-т
Армения Республикасынын Ереван шаарында 2022-жылдын 3-4-ноябрына пландалган соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-армян комиссиясынын биринчи жыйналышына катышуу үчүн:
1. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-армян комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү 2022-жыпдын 2-5-ноябрында Армения Республикасынын Ереван шаарына иш сапарга жиберилсин.
3. Комиссиянын жыйналышына катышууга байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-армян комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ
Амангельдиев Данияр Джолдошевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы; |
Байдылдаев Мурат Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары; |
Дозоев Бакыт Асаналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин инвесторлор менен иштөө боюнча мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын координациялоо бөлүмүнүн башчысы; |
Атабеков Эркинбек Бактыбекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин үчүнчү саясий департаментинин атташеси; |
Бегматова Асель Абжалалбековна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин тышкы байланыштар башкармалыгынын начальниги, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жооптуу катчысы. |