Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2022-жылдын 20-октябры № 570-т
Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 251-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Мамлекеттик 100 пайыздык катышуу үлүшү бар Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасына тиркемеге ылайык тик бурчтуу координаттар системасында бурчтук чекиттери менен Ош облусунун Араван районунда жайгашкан "Сасык-Үңкүр" мраморлошкон акиташынын аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугу берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте:
- ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер казынасынын объектине лицензия берсин;
- ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Ош облусунун Араван районунда жайгашкан "Сасык-Үңкүр" мраморлошкон акиташынын аянтынын тик бурчтуу координаттар системасында БУРЧТУК ЧЕКИТТЕР
Бурчтуу чекиттердин тик бурчтуу координаттары | ||
Чекиттердин № | X | Ү |
1 | 13287596 | 4493584 |
2 | 13287940 | 4493953 |
3 | 13288266 | 4493983 |
4 | 13288388 | 4493407 |
5 | 13287850 | 4493490 |
6 | 13287624 | 4493477 |
Аянты 29,8 га | ||