Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 27-октябры № 583-т
1. Түрк мамлекеттеринин уюмуна катышкан мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда жөнөкөйлөтүлгөн бажы коридорун түзүү жөнүндө макулдашуунун мамлекеттик тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасына жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Долбоор |
Түрк мамлекеттеринин уюмуна катышкан мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда жөнөкөйлөтүлгөн бажы коридорун түзүү жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Азербайжан Республикасынын Өкмөтү, Казакстан Республикасынын Өкмөтү, Түркия Республикасынын Өкмөтү жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү (мындан ары "Тараптар" деп аталуучу),
Тараптардын ортосундагы кызматташтыктын бекем түзүлгөн мамилелерин ырастоо менен,
Тараптардын Түрк мамлекеттеринин уюмуна катышкан мамлекеттердин (мындан ары "ТМУга катышкан мамлекеттер" деп аталуучу) ортосунда өткөрүлүүчү товарларына жана транспорт каражаттарына бажы контролунун натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгын таанып,
Тараптардын ТМУга катышкан мамлекеттердин ортосунда өткөрүлүүчү товарларына жана транспорт каражаттарына бажы контролун жөнөкөйлөтүү үчүн шарттарды түзүү жана жүргүзүү мөөнөттөрүн кыскартуу максатында,
Жеткирүү тармагы боюнча товарлардын кыймылын камсыз кылууда бажы органдарынын маанилүү ролун түшүнүү менен,
Тараптар ТМУга катышкан мамлекеттердин улуттук мыйзамдарынын жоболорун, Бириккен Улуттар Уюмунун жана Дүйнөлүк бажы уюмдарынын стандарттарын жана сунуштамаларын, ошондой эле маалымат алмашуунун эл аралык практикасын эске алып,
Жөнөкөйлөтүлгөн бажы коридорун өнүктүрүүнү жана анын коопсуздугун камсыз кылуу менен
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Негизги шарттар
Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн төмөнкү терминдер төмөндө көрсөтүлгөн маанилерге ээ:
а) "Жөнөкөйлөтүлгөн бажы коридору" - Тараптардын ортосунда соодада өткөрүлүүчү товарлар жөнүндө маалыматты күн мурунтан алмашуу, Тараптарга бажы жол-жоболорун мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүүнү камсыз кылуу үчүн арналган, ыктыярдуу негизде пайдалануу үчүн ачык жана транспорттун бардык түрлөрүндө колдонулушу мүмкүн болгон электрондук система;
б) "Соода операторлору" - Жөнөкөйлөтүлгөн бажы коридоруна катышкан товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө анык маалымат берген жана ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык бажы жол-жоболорун аткарган адамдар;
в) "Маалымат алмашуу" - Тараптардын ортосунда экспорттолуучу товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө маалымат алмашуу;
г) "Техникалык шарттар" - техникалык инфратүзүм жана ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп кала турган башка протоколдо кеңири сыпатталуучу иштеп чыгуу маалыматтары.
2-берене. Жалпы жоболор
1. Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Тараптардын мамлекеттеринин төмөнкү бажы органдарына ыйгарым укук берет:
- Кыргыз Республикасында: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы;
- Азербайжан Республикасында: Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети;
- Казакстан Республикасында: Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитети;
- Түркия Республикасында: Түркия Республикасынын Соода министрлиги;
- Өзбекстан Республикасында: Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети.
2. Жөнөкөйлөтүлгөн бажы коридору (мындан ары - ЖБК) Тараптардын катышуучу мамлекеттеринин бажы органдарынын ортосунда маалымат алмашуу технологияларына ылайык товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүү жөнүндө маалымат алмашууга негизделген.
3-берене. Предмет жана колдонуу чөйрөсү
1. Алмашылуучу маалыматтын мазмуну ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган ушул Макулдашуунун тиркемесине ылайык түзүлөт.
2. ЖБКнын кызматтарын колдонгон тышкы соода операторлору тарабынан жүзөгө ашырылуучу товарлар жөнүндө маалымат алмашуу ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт.
3. Маалымат алмашуунун техникалык шарттары Тараптардын катышуучу мамлекеттеринин бажы органдары тарабынан ушул Макулдашууга кол коюлгандан кийин 6 (алты) айдын ичинде иштелип чыгат жана бекитилет.
4. ЖБК транспорттун бардык түрлөрүнө жана товарлардын бардык түрлөрүнө колдонулуучу жалпы практика болуп саналат.
5. Тараптардын катышуучу мамлекеттеринин бажы органдары ушул Макулдашууга ЖБКга катышпаган компанияларга карата ушул регламенттин ыктыярдуу мүнөзүнө зыян келтириши мүмкүн болгон карама-каршылыктардан алыс болууга тийиш.
6. ЖБК ачык-айкын, болжолдуу жана басмырлабоочу болушу керек. ЖБК практикасы адилетсиз атаандаштыкка алып келбөөгө тийиш.
4-берене. ЖБКнын алкагында соода операторлоруна берилүүчү артыкчылыктар
1. Тышкы соода операторлору төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ:
а) Тараптардын катышуучу мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык бажы постторундагы артыкчылык;
б) мүмкүн болгон жөнөкөйлөтүлгөн бажы формалдуулуктары, анын ичинде тариздөө убактысын кыскартууга мүмкүндүк берген айрым кыймыл тилкелери;
в) Тараптардын катышуучу мамлекеттеринин бажы мыйзамдарын бузуу тобокелдиги аныкталган учурларды кошпогондо, өткөрүү/дайындоо пункттарында бажы контролун колдонбоо. Эгерде бажы контролу зарыл болсо, ал кыска мөөнөттө жүргүзүлөт.
5-берене. Маалыматты жана документтерди пайдалануу
1. Тараптардын катышуучу мамлекеттеринин бажы органдары ушул Макулдашуунун алкагында алынган маалыматты Тараптардын мамлекеттеринин ортосунда өткөрүлүүчү товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык тариздөө жана бажылык контролдоо максатында пайдаланууну камсыз кылат.
2. Тараптардын мамлекеттеринин бажы органдары тарабынан алынган маалымат бажы максаттары үчүн гана пайдаланылат жана маалыматты берген Тараптын катышуучу мамлекеттеринин бажы органынын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү жактарга берилиши мүмкүн эмес.
3. Тараптардын катышуучу мамлекеттеринин бажы органдары алардын мамлекеттеринин ортосунда өткөрүлүүчү товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө маалыматты электрондук алмашууну уюштурууда Бириккен Улуттар Уюмунун, Дүйнөлүк бажы уюмунун ченемдерин, стандарттарын жана сунуштамаларын, мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын жана маалымат алмашуунун эң мыкты эл аралык тажрыйбасын колдонот.
4. Тараптардын катышуучу мамлекеттеринин бажы органдары өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашууну бузуу боюнча тиешелүү чараларды көрөт жана мындай бузуулар жөнүндө, ошондой эле Тараптардын катышуучу мамлекеттеринин ортосунда өткөрүлүүчү товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө маалымат алмашуунун жүрүшүндө алынган маалыматтардын шайкеш эместиги жана/же анык эместиги тууралуу бири-бирине маалымдайт.
6-берене. Ишке ашыруу процесси
Тараптардын катышуучу мамлекеттеринин бажы органдары төмөнкүдөй максаттарда түз байланыштарды түзүү үчүн бажы органдарынын тиешелүү ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт:
а) маалымат алмашуунун техникалык шарттарын жана маалыматтарды иштеп чыгуу жана берүү технологияларын, ошондой эле маалыматтардын коопсуздук талаптарын иштеп чыгуу жана макулдашуу;
б) ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан техникалык проблемаларды жөнгө салуу.
7-берене. Пилоттук долбоор
1. Ушул Макулдашууда каралган маалымат алмашуу технологияларын иштеп чыгуу максатында Тараптардын катышуучу мамлекеттеринин бажы органдары ушул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин 6 (алты) айга созулган Пилоттук долбоорду уюштурат жана ишке ашырат. Тараптардын катышуучу мамлекеттеринин бажы органдарынын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдашуусу боюнча узартылышы мүмкүн болгон Макулдашуу.
2. Пилоттук долбоорду ишке ашыруунун алгачкы үч (3) айынын ичинде Тараптардын катышуучу мамлекеттеринин бажы органдары төмөнкүлөрдү макулдашат:
а) маалымат алмашуунун негизги техникалык шарттарын;
б) берилүүчү маалыматтардын тизмегин, түзүмүн жана форматын;
в) маалыматтык коопсуздук талабын;
г) ЖБК жол-жобосунун алкагында Тараптардын катышуучу мамлекеттеринин бажы органдарынын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу тартибин;
д) Тараптардын катышуучу мамлекеттеринин бажы администрациялары өздөрүнүн тиешелүү бажы органдарын аныкташат, аларда ЖБКга ылайык өткөрүлүүчү товарларга карата бажы операциялары жүргүзүлөт.
3. Тараптардын катышуучу мамлекеттеринин бажы органдары Пилоттук долбоорду ишке ашырууну баштоого даярдыгы жана долбоорго катышуучу бажы органдары жөнүндө бири-бирине жазуу жүзүндө маалымдайт.
4. Кийинки үч (3) айдын ичинде Тараптар ЖБКны практикалык ишке ашырууну жүзөгө ашырат.
8-берене. Башка эл аралык макулдашуулар менен байланыш
Ушул Макулдашуунун жоболору Тараптардын катышуучу мамлекеттери катышуучу болуп саналган башка эл аралык келишимдерден жана конвенциялардан келип чыгуучу Тараптардын укуктарын жана милдеттерин козгобойт.
9-берене. Талаш-тартыштарды чечүү
1. Ушул Макулдашууну чечмелөөгө же колдонууга байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон ар кандай талаш-тартыштар негизинен Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана консультациялар аркылуу чечилет. Мындай процесстин алкагында чечилбеген маселелер дипломатиялык каналдар аркылуу чечилет.
2. Ар бир Тарап экинчи Тараптан ушул Макулдашууну чечмелөөдө, ишке ашырууда жана өзгөртүүдө талаш-тартыштар же келип чыгышы мүмкүн болгон ар кандай талаш-тартыштарды жөнгө салууда талаш-тартыштар боюнча консультацияларды сурай алат.
3. Ушул берененин 1 же 2-пункттарынын алкагында Тараптардын ортосундагы ар кандай сүйлөшүүлөр же консультациялар, эгерде башка чечим кабыл алынбаса, жазуу жүзүндөгү суроо-талапты алгандан кийин жыйырма (20) күндүн ичинде башталат.
10-берене. Толуктоолор жана өзгөртүүлөр
1. Тараптардын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча ушул Макулдашууга ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен каалаган убакта өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
Түзөтүүлөр ушул Макулдашуунун 11-беренесинин жоболоруна ылайык күчүнө кирет.
11-берене. Күчүнө кирүү, узактыгы жана токтотулушу
1. Тараптар Депозитарийге дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон өздөрүнүн мамлекеттик ички жол-жоболорунун аяктагандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө маалымдайт. Ушул Макулдашуу Депозитарий башка Тараптарга бардык Тараптар ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аяктагандыгы жөнүндө маалымдаган датадан кийин отузунчу күнү күчүнө кирет.
2. Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлгөн жана Тараптардын каалаганы Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарламаны дипломатиялык каналдар боюнча Депозитарийге жиберүү жолу менен ушул Макулдашууга катышуусун токтото алат. Мындай учурда ушул Макулдашуунун колдонулушу мындай кабарламанын датасынан үч ай өткөндөн кийин токтотулат. Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу жүзөгө ашырылып жаткан ишке жана долбоорлорго таасир этпейт.
3. Түрк Мамлекеттеринин Уюмунун Катчылыгы ушул Макулдашуунун Депозитарийи болуп саналат. Депозитарий ушул Макулдашуунун күбөлөндүрүлгөн текстин бардык Тараптарга берүүгө тийиш.
_____________ "___" ____________ ар бири кыргыз, азербайжан, казак, түрк, өзбек жана англис тилдеринде бир түп нускадан түзүлдү, бирок бардык тексттер аутенттүү болуп саналат. Ушул Макулдашууну чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн
Азербайжан Республикасынын Өкмөтү үчүн
Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн
Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн
Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн
|
| Тиркеме |
Маалымат алмашуунун мазмуну
- Экспорттоочу бажы органынын коду
- Жүк жөнөтүүчүнүн/экспорттоочунун аталышы
- Жүк жөнөтүүчүнүн/экспорттоочунун дареги
- Аталышы
- Таңгактардын бардыгы
- Маалымдама номери
- Жүк алуучунун аты
- Чыгуу учурунда транспорт каражаттарын айдоочунун инсандыгы, улуту
- Контейнер
- Жеткирүү шарттары
- Чек арадан өтүүдө активдүү транспорт каражатын идентификациялоо жана катталган өлкө
- Валюта жана эсеп-фактуранын жалпы суммасы
- Чыгуу бөлүмү
- Товардын таңгагы жана сыпаттамасы (маркасы жана номери, таранын номери, номери жана түрү)
- Позициянын номери
- Товардын коду (10 цифра)
- Чыгарылган өлкөнүн коду
- Салмагы - кг
- Таза салмагы
- Кошумча бирдиктер
- Кошумча маалымат/Даярдалган документтер/Сертификаттар жана уруксаттар
- Жөнөтүү кеңсеси
- Дайындоо кеңсеси (жана өлкө)
- Эсеп-фактуранын номери жана датасы
- Ташып келүү бажы органынын коду
- Ташып чыгуу бажы органынын коду
- Транспорттук документтин аталышы жана номери
- Тиркелген документтердин саны
- Транспорттук документтин датасы
- Чыгарылган өлкөсү жөнүндө маалыматтар
- Бажы наркы