Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 28-ноябры № 657-т
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:
1. 2020-жылдын 18-декабрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин куралдуу күчтөрүнүн миналарды гуманитардык зыянсыздандыруунун биргелешкен инженердик бөлүмү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 657-т тескемеси менен жактырылган |
2020-жылдын 18-декабрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин куралдуу күчтөрүнүн миналарды гуманитардык зыянсыздандыруунун биргелешкен инженердик бөлүмү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
2020-жылдын 18-декабрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин куралдуу күчтөрүнүн миналарды гуманитардык зыянсыздандыруунун биргелешкен инженердик бөлүмү жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) жалпысынан алганда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү Кыргыз Республикасынын коргоо ведомствосунун улуттук инженердик бөлүмүнө аталган Макулдашууга кол койгон КМШнын катышуучу-мамлекеттеринин куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен бөлүмүнүн курамында миналарды гуманитардык зыянсыздандыруу операцияларына катышууга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, КМШнын катышуучу-мамлекеттеринин коргоо министрлеринин кеңеши Биргелешкен бөлүмдү түзүү, колдонуу жана ишин аяктоо тартибин, анын статусун, ошондой эле миналарды гуманитардык зыянсыздандырууну жүргүзүү мезгилинде Биргелешкен бөлүмгө кирген аскер кызматкерлеринин статусун аныктай алат.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтери жана ведомстволору тарабынан каралган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин чечими жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 47 буйругу менен жактырылган.
Жогоруда аталган Макулдашууну кыргыз тарабына тиешелүү бөлүгүндө ишке ашыруу коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат жана кошумча финансылык каражаттардын бөлүнүшүн талап кылбайт.
Аталган Макулдашууну ратификациялоо финансылык-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.