Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 24-ноябры № 647-т
Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда "Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо" долбоорун каржылоо жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Peспубликасынын расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Расмий делегациянын башчысына, ал эми ал жок учурда - расмий делегациянын башчысынын орун басарына Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколvнa кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
Тиркеме
Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда "Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо" долбоорун каржылоо жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын
курамы
Ибраев Таалайбек Өмүкеевич | - Кыргыз Республикасынын энергетика министри, расмий делегациянын башчысы;
|
Султанбеков Сабырбек Укушович | - Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары, расмий делегациянын башчысынын орун басары. |
Расмий делегациянын мүчөлөрү:
Абдибаева Айсаркан Нышановна | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
|
Сулайманов Кундузбек Кошалиевич | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр-жай саясаты боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
|
Осмонов Айбек Жапарович | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
|
Баетов Аяз Батыркулович | - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
|
Татиков Руслан Сатылганович | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
Абдрахманов Канат Жаныбекович | - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
|
Артыкбаев Айбек Мухтарович | - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
|
Байгазиев Талайбек Аскарович | - “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Садыков Нурлан Маткасымович | - “Чакан ГЭС” ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча). |