Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 16-ноябры № 622-т
2022-жылдын 21-ноябрынан тартып 23-ноябрына чейинки мезгилде Эр-Рияд шаарында (Сауд Аравия Королдугу) боло турган Кызматташтык боюнча биргелешкен кыргыз-сауд комитетинин кезектеги 3-жыйынынын ишине катышуу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кызматташтык боюнча биргелешкен кыргыз-сауд комитетинин (мындан ары - Комитет) кыргыз бөлүгүнүн курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Комитеттин кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү 2022-жылдын 21-ноябрынан тартып 24-ноябрына чейин Эр-Рияд шаарына (Сауд Аравия Королдугу) иш сапарга жиберилсин.
3. Комитеттин кыргыз бөлүгүнүн төрагасына Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын өкүлдөрүн, ошондой эле ишкер чөйрөнүн, илимдин жана маданияттын өкүлдөрүн алардын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Иш сапардык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык иш сапарга жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
2022-жылдын 21-ноябрынан тартып 23-ноябрына чейинки мезгилде Эр-Рияд шаарында (Сауд Аравия Королдугу) боло турган Кызматташтык боюнча биргелешкен кыргыз-сауд комитетинин кезектеги 3-жыйынынын ишине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ
Касымалиев Адылбек Алешович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, делегациянын башчысы; |
Марипов Улукбек Асамидинович | - | Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси; |
Аширбеков Талгат Аширбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Макешов Чингиз Дуйшенкулович(*) | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; |
Татиков Руслан Сатылганович(*) | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Эсенгул уулу Чынгыз(*) | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары; |
Авазбек уулу Расул(*) | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Байдылдаев Мурат Курманбекович(*) | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары; |
Толубаев Таалайбек Матмусаевич(*) | - | Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары; |
Баясов Нурадил Мирбекович(*) | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары; |
Атаханов Авазбек Койлубаевич(*) | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Экономикалык дипломатия департаментинин директору; |
Жусупбеков Исламбек Жекшенович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти; |
Темирбеков Алмаз Темирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын жардамчысы; |
Тургунбаева Асель Абдыракмановна(*) | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин тышкы байланыштар башкармалыгынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башкы адиси. |
Эскертүү:
(*) - ушул жылдын 20-ноябрынан тартып 24-ноябрына чейин Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарына алдынкы топтун курамында иш сапарга