Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 2-ноябры № 590-т
Ысык-Көл облусун туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүү, кендерди өздөштүрүү, "Ысык-Көл" биосфералык аймагын зоналаштыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды тактоо жана шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жана "Биосфералык аймактар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясын жетекчиликке алып:
1. "Ысык-Көл" биосфералык аймагын зоналаштыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды тактоо жана шайкеш келтирүү жөнүндө сунуштарды даярдоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия эки айлык мөөнөттө "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссияга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча), менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга, ошондой эле иш үчүн зарыл болгон маалыматты суроого укук берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Ведомстволор аралык комиссиянын катчылыгы болуп аныкталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Ведомстволор аралык комиссиянын уюштуруучулук-методикалык жана башка ишин камсыз кылсын.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
|
Тиркеме |
"Ысык-Көл" биосфералык аймагын зоналаштыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды тактоо жана шайкеш келтирүү жөнүндө сунуштарды даярдоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Макешов Ч.Д. | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Туманов А.Ж. | - | министрдин орун басары - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин директору, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Ибраев Э.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин директору; |
Момбеков Ч.З. | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин геология башкармалыгынын начальниги; |
Абджалбекова Н.Дж. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын жерди көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Чодоева Н.У. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын токой аңчылык жайгаштыруу башкармалыгынын начальниги; |
Абдыкапаров Э.А. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин экономиканын тармактарынын чыгашаларын пландаштыруу башкармалыгынын транспорт, байланыш, ОЭК жана туризм бөлүмүнүн башчысы; |
Сатылганов А.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын радиациялык-химиялык (бактериологиялык) коргоо бөлүмчөсүнүн начальниги; |
Молдогазиев Н.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жер казынасын пайдалануу саясаты башкармалыгынын башкы адиси; |
Сагыналиев Р.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин жер жана суу ресурстары башкармалыгынын башкы адиси; |
Собуров Д.К. | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; |
Давлетбеков А.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын омурткалуу жаныбарлар зоологиясы лабораториясынын башчысы (макулдашуу боюнча); |
Лазьков Г.А. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын флора лабораториясынын башчысы (макулдашуу боюнча); |
Жапаров А.З. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жетектөөчү илимий кызматкери (макулдашуу боюнча). |