Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2022-жылдын 4-ноябры № 603-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компания" мамлекеттик ишканасынын инфраструктурасынын климаттык туруктуулугун жогорулатуу" долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Расмий делегациянын башчысына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктоочу протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
|
Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компания" мамлекеттик ишканасынын инфраструктурасынын климаттык туруктуулугун жогорулатуу" долбоору боюнча сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясынын КУРАМЫ
Кайынбаев Нурланбек Бектенбекович | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары, расмий делегациянын башчысы; |
Татиков Руслан Сатылганович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Бакасов Улан Болотбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин мүчөсү; |
Чойбеков Бактыбек Каныбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү; |
Айжигитов Султанбай Абдрашитович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү; |
Абдрахманов Канатбек Жаныбекович | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; |
Орозов Бахтияр Сайпидинович | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Артыкбаев Айбек Мухтарович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Сакиев Азамат Абдукаримович | - | "Кыргыз темир жолу" улуттук компания" мамлекеттик ишканасынын башкы директору. |