Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2022-жылдын 4-ноябры № 608-т
"Оруу-Сай" тоо-туристтик кластер" инвестициялык долбоорун туруктуу негизде ишке ашыруу жана коштоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Оруу-Сай" тоо-туристтик кластер" инвестициялык долбоорун туруктуу негизде ишке ашыруу жана коштоо боюнча жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) ушул тескеменин тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ эки айлык мөөнөттө:
- "Оруу-Сай" тоо-туристтик кластер" инвестициялык долбооруна тиешелүү жайыт жана мал жаюу менен байланышпаган башка максаттар үчүн жеке жана юридикалык жактарга бөлүнүп берилген жайыт фондунун жерлеринин, анын ичинде тоо лыжа жана башка объекттердин (базалардын, имараттардын, курулмалардын, жер участокторунун, жайыттардын) абалына инвентаризациялоо жүргүзсүн;
- туристтик маданий-ден соолукту чыңдоочу, спорттук жана санаториялык-курорттук долбоорлорду ишке ашыруу үчүн муниципалдык жерди пайдалануучунун пайдалануусунда турган жерлерди уставдык капиталында контролдук мамлекеттик пакети (катышуу үлүшү) бар чарбалык коомго, анын туунду чарбалык коомуна 49 жылдык мөөнөткө акысыз пайдаланууга берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин укугун караган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына инвентаризациялоо жөнүндө отчетту жана тоо лыжасынын жана туристтик объекттердин натыйжалуулугун жогорулатуу, тоо-туристтик кластерди өнүктүрүү жана "Оруу-Сай" тоо-туристтик кластер" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу үчүн инвестицияларды тартуу боюнча шарттарды түзүү жөнүндө сунуштарды киргизсин.
3. Жумушчу топ белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча), башка уюмдардын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди (макулдашуу боюнча) ишке тартууга, ошондой эле коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматты суроого жана алууга укуктуу деп белгиленсин.
4. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) жумушчу топко өз убагында көмөк көрсөтсүн.
5. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомуна (макулдашуу боюнча) жүктөлсүн.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
|
Тиркеме |
"Оруу-Сай" тоо-туристтик кластер" инвестициялык долбоорун туруктуу негизде ишке ашыруу жана коштоо боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары, жумушчу топтун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, жумушчу топтун төрагасынын орун басары;
"Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомунун президенти, жумушчу топтун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы, жумушчу топтун төрагасынын орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын директору;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын директору;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыттар жана асыл тукум мал чарба департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөлдөө кызматынын директору;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаментинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Чүй региондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин эксперти;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун эксперти;
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл аймагынын башчысы;
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ак-Дөбө айыл аймагынын башчысы;
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Маевка айыл аймагынын башчысы;
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл аймагынын башчысы;
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл аймагынын жайыт комитетинин башчысы;
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ак-Дөбө айыл аймагынын жайыт комитетинин башчысы;
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Маевка айыл аймагынын жайыт комитетинин башчысы;
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл аймагынын жайыт комитетинин башчысы;
"Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомунун башкаруучу директору (макулдашуу боюнча);
көз карандысыз эксперт Н.В.Токмулина (макулдашуу боюнча).